Редакцияот 01.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН

КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кууганды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин

VIII-чакырылышынын XX-сессиясынын

 

2024-жылдын 1-февралы № 4

 

ИСКАКБ “Таза суу” бирикмесинин маалыматы жѳнүндѳ

 

ИСКАКБ “Таза суу” бирикмесинин маалыматын угуп, депутаттардын Кууганды айылдык кеңеши;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

 

1. ИСКАКБ “Таза суу” бирикмесинин2023-жыл ичинде жасалган иштери боюнча маалыматы так болбогондуктан, бюджет комиссиясынын кароосуна жѳнѳтүлсүн.

 

2. ИСКАКБ “Таза суу” бирикмесинин2024-жылга бюджетин карап, бекитүү жагы бюджет комиссиясынын кароосуна калтырылсын.

 

3. Айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык менчигиндеги жигули авто унаасы ИСКАКБ “Таза суу” бирикмесинин пайдалануусуна убактылуу берилсин.

 

4. ИСКАКБ “Таза суу” бирикмесине 2014-жылы келген эксковатордун айрылып, эскирген 2 арткы дѳңгѳлѳктѳрүн алмаштырууга, бирикменин бюджетинен 20 000 сом бѳлүнүп берилсин жана эксковатордун 2023-жылга коюлган 30 000 сом ижара акысы дѳңгѳлѳк алууга жумшалсын.

 

5. Айыл ичиндеги кѳчѳлѳрдѳгү колонкаларды толугу менен иштетип, оңдоодон ѳткѳрүү жагы ИСКАКБ “Таза суу” бирикмесинин жетекчиси А.Жумабаевге милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

Ф. К. Токушев