Загрузка документа…
КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кууганды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
VIII-чакырылышынын XX-сессиясынын
2024-жылдын 1-февралы № 8
Айылдык кеңешке түшкѳн арыз, кайрылуулар жѳнүндѳ
Айылдык кеңешке түшкѳн арыз, кайрылууларды карап, депутаттардын Кууганды айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас РИИБдин КККнын милициянын аймактык ыйгарым ѳкүлү милициянын капитаны, участкалык инспектор К.И.Арыкпаевге аймактагы кашарларды кыдырууда, рейддик иш-чараларды жүргүзүүдѳ күйүүчү май менен камсыздоо максатында айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинин эркин каражатынан 30 000 (отуз миң) сом акча каражаты каралсын.
2. Айылдык аялдар комитети тарабынан жыл ичинде жүргүзүлүүчү иш-чараларга айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен 42 000 сом акча каражаты каралсын.
3. КР Куралдуу күчтѳрүнүн Даярдык планына ылайык 2024-жылдын 1-жарым жылдыгында уштурулуп жаткан “Коопсуз - 2024” командалык-штабдык мобилизациялык машыгууга айыл ѳкмѳтүнүн аскердик эсепке алуу столунун инспектору Н.К.Жунушовдун катышуусуна керектүү конц.товарлар менен камсыздоого айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинин эркин каражатынан 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты каралсын.
4. К.Каимов атындагы орто мектебинин алдында түзүлгѳн “Ийгилик” тынчтык куруучулар клубунун жыл ичинде жүргүзүлүүчү иш-чараларына айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен 204 000 (эки жүз төрт миң) сом акча каражаты каралсын.
Төрага |
| Ф. К. Токушев |