Редакцияот 01.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН

КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кууганды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин

VIII-чакырылышынын XX-сессиясынын

 

2024-жылдын 1-февралы № 12

 

Мал чарба ѳнүктүрүү максатында кашар жана чабан үй куруу үчүн жерди которуу (трансформациялоо) жѳнүндѳ

 

Мал чарба ѳнүктүрүү максатында кашар жана чабан үй куруу боюнча Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участоуктокторун которуу (трансформациялоо)жѳнүндѳ” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын ϴкмѳтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жѳнүндѳ” Убактылуу жобону карап кѳрүп, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесин жетекчиликке алып, Кууганды айылдык кеңеши;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кашар жана чабан үй куруу үчүн Кууганды айыл аймагынын административдик чегиндеги Чоңѳр ѳзѳнүндѳгү Үңкүр участкасындагы №928 чѳйрѳ сызыгындагы жалпы аянты 0,10 га жер участогун ”Запастагы жерлер” категориясынын жайыт жерлер түрүнѳн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын курулуш алдындагы жерлерге которууга (трансформациялоого) макулдук берет.

 

2. Жерлерди бир категориядан башкасына же чарба жерлеринин башка түрүнѳ которуу (Трансформациялоо) жѳнүндѳ жерге жайгаштыруу кѳктѳмѳсүн даярдоо жогоруда аталган мыйзамдарга ылайык жүргүзүлсүн.

 

3. Жогоруда аталган мыйзамдарга ылайык, которуу (трансформациялоо) боюнча тиешелүү корутундуларды алуу үчүн иш кагаздарды жана Талас райондук жер комиссиясына сунушту даярдоо жагы Кууганды айыл ѳкмѳтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

Ф. К. Токушев