АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Сай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2024-жылдын 25-январы №43
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2024-жылга жылдык планын, жайытка чыгуу жана жайыт акысын бекитүү жөнүндө
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы М.Акылбековдун иш планын угуп жана талкуулап Ак-Сай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы токтом кылат:
1.Ак-Сай айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин жылдык планы 310 000 (үч жүз он миң) сом болуп бекитилсин.
2. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагында мал көчүү жакынкы жайыттырга 1-апрелден 1-июнга чейин, алыскы жайыттырга 10-майдан 10-июнга чейин көчүүгө макулдук берилсин.
3. Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу жайыттардын бир жылдык жайыт пулу жана жайыт акысын жыйноо төмөнкүдөй белгиленсин.
· Уй – 120сом
· Музоо – 60сом
· Жылкы – 200сом
· Топоз – 200сом
· Кой,эчки – 200сом
Башка айыл өкмөттөн келген жайыт пайдалануучуларга
· Уй- 150сом
· Музоо – 75сом
· Кой,эчки – 50сом
· Түтүн пулу – 500сом
Айыл аймагынын жайытында 10 күндөн ашык отурган жарандарга акы төлөө жагы
милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы М.Акылбековго жүктөлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык Кеңешинин финансы, бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Айылдык кеңештин төрагасы: |
К.Халматов |