Редакцияот 25.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Сай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

2024-жылдын 25-январы №44

 

    Ак-Сай айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү планын   бекитүү жөнүндө.

Ак-Сай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Мизам уулу Бактиярдын 2024-2025-2026-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү планы боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Сай айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы токтом кылат:

1.Ак-Сай айыл өкмөтүнүн 2024-2025-2026-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү планы бекитилсин.

 

2. Ушул токтомдун аткарылышы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировго жүктөлсүн.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин Маданий маселелер, инвестиция тартуу, коомдук уюмдар менен иштөө, маалымдуулук, социалдык коргоо, жаштар жана спорт иштери, билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

 

К.Халматов