Редакцияот 01.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН

КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кууганды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин

VIII-чакырылышынын XX-сессиясынын

 

2024-жылдын 1-февралы № 15

 

Кууганды айылдык Кеңешинин 2024-жылга иш планын

бекитүү жѳнүндѳ

 

Кууганды айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунуштарын эске алып, депутаттардын Кууганды айылдык Кеңеши;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Кууганды айылдык Кеңешинин 2024-жылга иш планы бекитилсин. (1-тиркеме)

 

2. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы ѳзүмѳ калтырылсын.

 

 

Төрага

 

Ф. К. Токушев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

  

 

 

 

1-тиркеме

 

Кууганды айылдык Кенешинин 2024-жылга

түзүлгөн иш планы

 

№

Аткарылуучу иш-чаралар

Аткаруу мөөнөтү

Жооптуулар

1

Депутаттардын Кууганды айылдык кенешинин 2024- жылга карата иш - планын түзүү жана бекитүү

Январь айы

Айылдык кенештин депутаттары

2

Кууганды айыл өкмөтүнүн, жайыт комитетинин 2023- жылга отчетун угуу, иш планын кароо.

Январь айы

Айыл өкмөт башчысы

3

Айыл өкмөтүнүн, жайыт комитетинин бюджетин 2024-жылга бекитүү. (Коомдук уугуулар боюнча)

Январь айы

Депутаттар, айыл ѳкмѳтү

4

Таза Суунун ишин кароо. отчетун угуп, бюджетин бекитүү.

Февраль айы

Айыл өкмөтү Депутаттар

5

Муниципалдык техникалардын ишин карап, көзөмөлдөө жана аренда акысын бекитүү.

Февраль айы

Айыл өкмөтү Депутаттар

6

 КААБ (аксакалдар кенгеши, аялдар комитети, жаштар комитети, аксакалдар соту) курамы, иш планы менен таанышуу

Февраль айы

Айыл өкмөтү Депутаттар

7

Жайытка чыккан малдын жана айдап себүүгө техникалардын элдик чогулушта чыккан наркын бекитүү.

Март Апрель, айлары

Депутаттар, Туруктуу комиссиялар

8

Соц объектилердин абалын кароо. Маданият үйү, ФАП, Айыл өкмөтүнүн имараты жана бала бакча.

Март, Апрель, айлары

Туруктуу комиссиялар

9

"Тѳш-Булак" лотогу, ирригация, Кууганды БСРи боюнча иш алып баруу. Түнкү жарыктандырууларды ондоо, Накай, Бактагүл, Саалыкул, Жаныкул кѳчѳлѳрүнѳ электр карагайларын чубалгылары менен орнотуу.чубалгылары менен орнотууну кѳзѳмѳлдѳѳ

Март айы

Депутаттар,

Туруктуу комиссиялар

 

10

Квартал сайын кеминде бирден кем эмес сессия өткөрүү, себепсиз келбеген депутаттардын тартибин мыйзам чегинде кароо. Айыл лидерлери менен ачык сессия өткөрүү.

Квартал сайын

Айылдык кенештин тѳрагасы

11

Айыл өкмөтүнүн бюджетин киреше-чыгаша бөлүгүн, отчетун сметалык негизде сессияда кароо.

6 айда бир жолу

Сессияларда кароо

12

Айыл тургундарынан келип тушкѳн арыздарды жана даттанууларды кароо.

Сессия сайын

Айыл өкмөтү Депутатгар

13

К.Каимов орто мектебинин, “Нур желеси” балдар бакчасынын  чарбалык абалын кароо.

Квартал сайын

Туруктуу Комиссиялар

14

Кууганды айылдык кенешинин бир жылдык иш планын аткарылышы боюнча эл алдында отчет берүү.

Декабрь айы

Айылдык кенешинин тѳрагасы

 

 

Кууганды айылдык кеңешинин катчысы:

 

Р.К.Муратова