Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 15-февралы № 46
2023-жылдын 27-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун ортосундагы Кыргыз Республикасында Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун Борбордук Азия жана Азия үчүн региондук гуманитардык кеңсесин түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2023-жылдын 27-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун ортосундагы Кыргыз Республикасында Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун Борбордук Азия жана Азия үчүн региондук гуманитардык кеңсесин түзүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Эл аралык жарандык коргонуу уюмуна кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н.Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 24-январында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |