Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 7-февралы № 36
2023-жылдын 12-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Россия Федерациясынын биринчи Президенти Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин Бишкек шаарындагы ишинин шарттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2023-жылдын 12-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Россия Федерациясынын биринчи Президенти Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин Бишкек шаарындагы ишинин шарттары жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө россия тарапка кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
("Эркин Тоо" газетасы, 2024-жылдын 9-февралы, № 11).
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
2024-жылдын 31-январында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |