Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 4-августу № 392
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-февралындагы № 53 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин командачылыгы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 14-февралындагы № 53 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин командачылыгы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышындагы жана 1-пункттагы "командачылыгы" деген сөз "Командачылыгы" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин командачылыгы жөнүндө жободо:
- 1-пункттун биринчи абзацында "командачылыгынын" деген сөз "Командачылыгынын" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 7-пункттун экинчи абзацында мамлекеттик тилдеги "командачылыгы" деген сөз "Командачылыгы" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 12-пунктта "Премьер-министри" деген сөз "Министрлер Кабинетинин Төрагасы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 14-пунктта:
2-пунктчада "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын аскердик кызматты өтөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6-пунктчада "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартиптик уставына жана эмгек мыйзамдарына ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8-пунктчада "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |