Редакцияот 19.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Аксы районунун Жерге-Тал айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XXI сессиясынын

 

2024-жылдын 19-январы №21-2

 

 

Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысынын 2023-жылдын экинчи жарым жылдыгында аткарылган иштери боюнча отчётун жана 2024-жылга карата Жерге-Тал айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү планын кабыл алуу жөнүндө

           

            Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 46-47-беренелерине ылайык Жерге-Тал айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын “Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы З.Көпөеванын айыл аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын 2023-жылдын экинчи жарым жылдыгында аткарылышы тууралуу отчётун кабыл алуу жөнүндөгү” жана “2024-жылга карата айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү планынын кабыл алуу жөнүндөгү” корутундуларын угуп жана талкуулап, сессия токтом кылат:

1..Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы З.Көпөеванын 2023-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата айыл аймактын социалдык-экономикалык өнүктурүү планынын аткарылышы тууралуу отчёту “канаатандырарлык” деп кабыл алынсын.

2.2024-жылга карата Жерге-Тал айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү планы № 1 тиркемеге ылайык кабыл алынсын.

3.Токтомду айыл өкмөттүн расмий сайтына ( jergetal.kg) жарыялап, мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенешинин социалдык, жаштар жана спорт маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Стамкуловго тапшырылсын.

 

Төрага:

 К. Мураталиев

 

 

 

Тиркеме №1

Жерге-Тал айыдык кеңешинин

2024-жылдагы 19-январындагы

№21-2 токтому менен бекитилген

 

Аксы районундагы Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүктүрүү планы.

№

Милдеттер

Иш-чаралар

 

Индикатор/күтүлүүчү натыйжа, каржы булактар

Аткаруу мөөнөтү

Аткарылышы тууралуу маалымат

 

 

  1. Экономикалык көрсөткүчтөр

1.1

Айыл аймагынын өндүрүштүк потенциалын жогорулатуу

 

1.1.1 Айыл аймагынын ички дүң продукциясынын өсүшүн камсыздоо

 

Өнөр жайы ФКИ-1,0 %

Айыл чарба өсүү темпи-1,0%

Рыноктук кызмат көрсөтүү өсүү темпи-3,0%

 

2024-жыл

 

 

1.1.2 Салык базасын кеңейтүү жана салыктык төлөмдөрдүн толук кандуу түшүүсүн камсыздоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу. Салык төлөөчүлөр менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

-Салык төлөөчүлөрдү толугу менен салык кызматынын каттоосуна алуу;

-кошумча салык базаларын түзүү (жаңы ишканаларды ачуу);

-ККМ аппараттарын орнотууну улантуу

Салык төлөөчүлөрдүн мурунку жылдардын карыздарын өндүрүү жана жаңы жумуш орундарын түзүүдөн түшкөн салыктардан жергиликтүү бюджеттин көлөмү көбөйөт.

 

 

2024-жыл

 

2. Өнөр жай тармагын өнүктүрүү

1.1

Кайра иштетүү тармагын заманбап технологиялар менен камсыздоо үчүн айыл аймагыбызга жогорку чыңалуудагы электр тогу менен камсыздоо

Жерге –Тал айыл аймагына подстанция куруу

Айыл аймагыбызга подстанция куруу менен айыл аймагыбыздын экологиялык абалы жакшырат, кайра иштетүү жагы от тармагына өткөрүлөт

2024-2025-жыл

 

 

Кайналы кургатуучу жеке цехтерди заманбап технологиялар менен жабдууну уюштуруу

2023-жыл ичинде 519,9 тонна ( 83 184,0 миң сомдук) кайналы как кургаткан 120 кичицехтин 18 цехин жеке ишкер Дозалиев Абдыкадырдын технологиясын жайылтууну уюштуруу менен сапаттуу кургатылган кайналынын көлөмү өсүп, киреше булагы 20%ке (99 820,0 миң сомго) жогорулайт.

2-3-квартал

2024-жыл

 

 

1.2

Жеңил өнөр жай тармагын өнүктүрүү

Кичи тигүү цехтердин ачылышына көмөктөшүү

Жөлөк пулга муктаж болгон мамлекеттик 100 миңдик кайтарымсыз кредиттерди берүү менен 6 кичи тигүү цехи ачылып, 18 жумушчу орун ачылат.

2024-жыл

4-квартал

 

2. Социалдык жактан коргоо

 

 

 

2.1

 

Айыл аймактын аярлуу катмарындагы кожолуктарга колдоо көрсөтүү

Турмуш шарты оор үй-бүлө мүчөлөрүн убактылуу жумуш орду менен камсыздоо

ВППООН дун “Азык-түлүк программасы” менен аярлуу катмардагы адамдар сезондук жумуш менен камсыздалып үй-бүлөлүк кирешеси көбөйөт

3-квартал

2024жыл

 

 

 

 

3. Айыл чарба тармагын өнүктүрүү

 

 

 

3.1.

Айыл чарба багытындагы жерлерди натыйжалуу пайдаланууну уюштуруу

Айыл чарба багытындагы бош калган жерлерди толугу менен иштетүүгө жетишүү, сапаттуу үрөндөр менен камсыздоо

2023-жылда бош калган 10 га жер аянтын толугу менен иштетип, айыл чарба продукциясын өндүрүү 2% ке көтөрүлөт.

15 тоннага чейин сапатту үрөн менен камсыздоо уюштурулат.

2-квартал

2024-жыл

 

Кооперативдерди уюштурууга укуктук жардам берүү

Кожогат өстүрүү боюнча жаңы 1 кооператив ( мүчөлөрү 25 киши) уюштурулат.

2-3-квартал

2024-жыл

 

 

Багбанчылык тармактын өнүгүшүнө шарт түзүү

 

Жарандарды багбанчылык боюнча жаңы технологияларды үйрөтүүнү уюштуруу

Жаңы сорттогу кожогатты, кулпунайды, гиласты, алманы,кайналыны өстүрүү технологияларын үйрөтүү боюнча 54 дыйканга семинар өткөрүлөт.

2-3-квартал

2024-жыл

 

 

Тамчылатып сугаруу технологиясын жайылтуу

Жеке ишкер Дозалиев Тургуналы, Жээнкулов Улан,Атамырзаев Замир, Шакиев Сапарбек, Шамырзаев Бегалы, Батырбеков Бекболот тарабынан 18 га жер аянтына кожогат отургузулуп, жалпы сметалык баасы 262000 сомдук тамчылатып суугаруу системасы орнотулат.

3-4-квартал

2024-жыл

 

 

4. Ирригация тармагын өнүктүрүү

 

4.1

 

Айыл чарба багытындагы жер аянттарын үзгүлтүксүз сугат суу менен камсыздоо

 

 

Суткалык режимдеги суу топтоочу курулма (БСР) курууну баштоо

Миң-Булак таза суусунан ашкан сууну суугат суу үчүн пайдалануу максатында суу топтоону куруп, топтолгон сууну суугат суу такыр жок болгон Аксай маалесиндеги 70-80 кожолук сугат суу менен камсыздалат.

Жалпы бюджети-6 млн. сом

Каржы булагы- өнүктүрүү фонддор

Жыл ичинде

 

 

5. Калкты ичүүчү суу менен камсыздоону өнүктүрүү

 

 

5.1

Калкты таза суу менен камсыздоо

Кызыл-Капчыгай айылына таза суу системасын курууну баштоо

225 кожолук 1345 адам таза суу менен камсыздалып, санитардык абалы жакшырат.

Жалпы сметалык баасы-60 млн. сом

Каржы булагы- Ислам өнүктүрүү банкы

2024-2025-жылдар аралыгы

.

 

 

6. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууну жакшыртуу

 

 

6.1

 

Селканалардан өтүүчү көпүрө куруу

Аксай селканасынын мазарга автоунаа өтүүчү көпүрө куруу

Узундугу 6 м, туурасы 4 м болгон көпүрө курулат.

Жалпы сметалык баасы-391 000 сом.

Каржы булагы-жергиликтүү бюджет, ВППООН,ӨКМ.

3-4-квартал

2024-жыл

 

 

 

 

7. Айыл аймагынын коммуналдык инфраструктурасын жакшыртуу

 

 

7.1

7.1

Таштанды ташып чыгарууну уюштуруу

 

2 га таштанды полигонун короолоо жана Беккер чуңкурчасын куруу

Айылдын санитардык инфраструктурасы жакшырат.

Жалпы сметалык баасы-6587313 сом.

Каы булагы- Аксы райондук өнүктүрүү фонду

3-4-квартал

2024-жыл

 

 

Таштанды ташып чыгаруучу техника сатып алуу

Айыл аймагындагы 1444 кожолуктун таштандысын ташып чыгаруу боюнча муниципалдык кызмат көрсөтүү уюштурулат.

Жалпы сметалык баасы-4100,0 сом

Каржы булагы- Республикалык жаратылыш өнүктүрүү фонду

3-4-квартал

2024-жыл

 

 

7.2

Жалпы пайдалануудагы жолдорду жакшыртуу

Ч.Багышбеков көчөсүнүн бир тарабына тротуар курууну баштоо

Кербен-Кызыл-Капчыгай автотрассасынын жээгиндеги 1,5 км аралыкка тротуар курулуп, жөө жүргүнчүлөргө жолдо жүрүүгө ынгайлуулук жаралат жана жол кырсыктары азаят.

Жалпы сметалык баасы- 3000,0 сом

Каржы булагы-Жалал-Абад өнүктүрүү фонду

3-4-квартал

2024-жыл

 

 

Ички чарбалык жолдорду шагылдоо жана труба орнотуу.

Кызыл-Капчыгай айылынын 500 метр жолу тегизделип,шагыл төшөлөт. 6 метрден 3 арыкка труба жаткырылат

Каржы булагы -жергиликтүү бюджет

3-4-квартал

2024-жыл

 

 

А.Субанов жана А.Канаев көчөсүн асфальттоо

Ички чарбалык жолдун калган 1100 метрин асфальттанат.

Каржы булагы-стим грант, жергиликтүү бюджет.

3-4-квартал

2024-жыл

 

 

Кербен-Кызыл-Капчыгай автожолунун 1 км аралыгын асфальттоо

Мамлекеттик маанидеги 1 км жол асфальттанат.

Жалпы сметалык баасы-8000,0 сом.

Каржы булагы- республикалык бюджет

3-4-квартал

2024-жыл

 

 

7.3

Жаңы конуштарды электрлештирүү

Электр мамыларын алуу

Электр чубалгыларын тартуу

Жаңы конуштарга 25 электр мамы орнотулуп, 4000 метр чубалгы тартылат.

Жалпы сметалык баасы-400,0 сом.

Каржы булагы- жергиликтүү бюджет,элдик салым, Аксы РЭС

3-4-квартал

2024-жыл

 

 

8. Маданият жана спорт тармагын өнүктүрүү

 

 

8.1

 

Маданият тармагын өнүктүрүүгө шарт түзүү

Жерге-Тал айылдык маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүүнү баштоо

Эски типтеги айылдык маданият үйү капиталдык ремонттон өткөрүлөт.

Жалпы сметалык баасы-6000,0 сом.

Каржы булагы- жергиликтүү бюджет, стим грант

4-квартал

2024-жыл

 

 

8.2

Спорт тармагынын өнүгүшүнө шарт түзүү

Кызыл-Капчыгай жана Боспиек айылдарына жалпы пайдалануудагы кичи футбол аянтчасын куруу

Кызыл-Капчыгай жана Боспиек айылынын жаштарынын бош убактыларын пайдалуу пайдалануусуна шарт түзүлөт.

 

4-квартал

2024-жыл

 

 

 

 

Айылдык китепкананын ишин өнүктүрүү

-электрондук каталогдору түзүү;

-жаштардын китеп окуусун арттыруу максатында электрондук китеп менен камсыздоо;

-заманбап компьютердик жабдыктар менен жабдуу;

 

Заманбап технологиялар менен айылдык китепкана 1 электрондук китеп, 1 ноутбук, 1 принтер менен жабдылат. Окурмандын санын көбөйтүп, окуучулар китеп окууну сүйүүгө тарбияланат

3-4-квартал

2024-жыл

 

9.Билим берүү тармагына шарт түзүү

 

 

9.1

Мектеп, бала бакчалардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо

А.Эрматов атындагы орто мектебинин жылытуу системасын көмүр менен жылытууга өткөрүү

 

Көмүркана жана отказандар курулат.

Жалпы сметалык баасы-3500,0 сом.

Каржы булагы- Аксы райондук өнүктүрүү фонду

3-4-квартал

 

 

 

Жерге-Тал айылына 2-бала бакча куруу иштерин улантуу жана ишке берүү

75 орундуу жаңы бала бакча курулат.

Жалпы сметалык баасы-30000,0 сом.

Каржы булагы- республикалык бюджет

2024-жыл

1-2-квартал

 

 

9.2

Билим сапатынын жогорулашына өбөлгө түзүү

-билим сапатын жогорулатууга дем берүүнү уюштуруу;

-предметтик ийримдердин иштешине шарт түзүү;

Областтык, республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрүнө жана “Алтын сертификат” алган ж.б. ийгиликтерге жеткен окуучуларга, бул ийгиликтерге жеткирген мугалимдерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен сыйакылар уюштурулуп, билим сапатын 2%

Таланттуу жаш кадрлардын ишти таштап кетип калбашы үчүн, материалдык колдоолор көрсөтүлөт.

Жыл ичинде

 

 

 

10. Саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү

 

10.1

Жере-Тал айылына ГСВ куруу

Айыл аймагыбыздын тургундары үчүн медициналык тейлөө жактан заман талабына жооп берген имарат курулат

Айыл аймагыбыздын тургундарына дени сак жашоо үчүн жакшы, ыңгайлуу шарттар түзүлөт

Жалпы сметалык баасы- 10 000,0

Каржы булагы- донор

2024-2025-жыл

 

10.2

Ымыркайлардын өлүмүн болтурбоо, алдын алуу

-энелерге өз убагында кеп-кеңеш берүү семинарларын уюштуруу;

-кош бойлуулардын өз убагында эсепке алынышына көзөмөл жүргүзүү;

-аз кандуу энелердин ден-соолугуна кам көрүү максатында материалдык жардам көрсөтүү;

Жыл ичинде ымыркайлардын өлүмүнүн болбошун алдын алуу болот.

Жыл ичинде

 

10.3

Кадрларды ишке тартуу

-жогорку билимдүү дарыгерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

-жаш кадрлардын айыл аймагына келип иштөөсүнө шарт түзүү;

-мектеп бүтүрүүчүлөрү менен дарыгерлик кесипке багыт берүү иштерин жүргүзүү;

Айыл аймагындагы медицина мекемелеринде жетишпеген 2 врачтык орунга кадрлардын келүүсүнө шарт түзүлөт.

Айыл өкмөтү

 

 

 

 

Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы:

  З.Көпөева