БАЙТИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
4 заседание Байтикского айылного кенеша 29 созыва
2023-жылдын 1-июну № 38-п
Байтик айылдык кенешинин 2019-жылдын 27- ноябрындагы №75 “Жер участогун айыл чарба багытындагы (жайыт) категориясынан өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер категориясына которуу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Аламудун райондук мамлекеттик администрациясынын 2019 – жылдын 27- ноябрындагы №15 катынын негизинде кабыл алынган Байтик айылдык кенешинин 9 – декабрдагы №36 «Жер участогун айыл чарба багытындагы жерлердин категориясынан которуу жөнүндө” токтомуна жер участогунун аянты өзгөргөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасындагы туризмди өнүктүрүү жана колдоо фондуна жер участогунун бир бөлүгүн бөлүп берүүнүн эсебинен, жер участогунун аянты 6,54 гектардан 3,28 гектарга чейин өзгөргөндүгүнө, ошондой эле контурларынын өзгөрүшүнө байланыштуу өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Байтик айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Байтик айылдык кенешинин 2019-жылдын 27 ноябрындагы №75 токтомунун 1-пунктуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
Жалпы аянты 3,28 га болгон № 45, 1640, 1793, 1792, 1786, 1784, 1635, 1759, 1780, 1777, 1778, 1779 (жайыт) контурларында жайгашкан «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына, кичи ГЭС курууга, ошондой эле узундугу 2 км. туурасы 2 метр канал, 3 метр жол курууга жер участогун өткөрүп берүүгө макулдук берилсин;
2. Байтик айыл өкмөтү тарабынан «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан (жайыт) «Өнөр жай, транспорт, коммуникация, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу үчүн Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына ходатайствл берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Абдыразаковго милдеттендирилсин.
Төрага |
| К. Осмоналиев |