ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аксы районунун Жерге-Тал айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XXI сессиясынын
2024-жылдын 19-январы №21-5
Боспиек айылындагы Кара-Жыгач 1 көчөсүнө маркум Дайыров Айтмырзанын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Боспиек айылындагы Кара-Жыгач 1 көчөсүнө маркум Дайыров Айтмырзанын ысымын ыйгарууга, Жерге-Тал айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин жана депутаттык этика маселелер боюнча туруктуу комиссиянын 2024-жылдын 16-январындагы отурумун карап жана талкуулап сессия токтом кылат:
1. Боспиек айылындагы Кара-Жыгач 1 көчөсүнө маркум Дайыров Айтмырзанын ысымы ыйгарылсын.
2.Тиешелүү иш кагаздарын даярдап жана мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3.Токтомду айыл өкмөттүн расмий сайтына ( jergetal.kg) жарыялап, мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин мыйзамдуулук, укук тартибин жана депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрөайымы Ж. Абылкасымовага тапшырылсын.
Төрага: | К. Мураталиев |