Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 16-февралы № 48
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 8, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 17-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1. Эгерде майыптыгы боюнча болжолдонгон же дайындалган пенсиянын өлчөмү ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын ар айлык социалдык жөлөкпулунун өлчөмүнөн төмөн болсо, анда майыптыгы боюнча пенсия алууга укуктуу адамга же майыптыгы боюнча пенсионерге майыптыгы боюнча пенсияны же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын ар айлык социалдык жөлөкпулун тандоо укугу бир жолу берилет.";
2) 19-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19-статья. Баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсиялардын өлчөмү
1. Баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия ушул Мыйзамдын 15-статьясынын 2-пунктуна ылайык баккан адамдын II топтогу майыптыгы боюнча пенсиянын белгиленген базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүнүн ыктымалдуу суммасы катары эсептелет жана төмөнкүдөй өлчөмдөрдө дайындалат:
багуусунда бир адам болгондо - 50 пайызы;
багуусунда эки адам болгондо - 90 пайызы;
багуусунда үч адам болгондо - 120 пайызы;
багуусунда төрт жана андан ашык адам болгондо - 150 пайызы өлчөмүндө.
2. Эгерде баккан адам каза болгон учурда пенсия алуучу болуп саналса, анда баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия ушул статьянын 1-пунктунда белгиленген өлчөмдөрдө багуусундагы адамдардын санына жараша каза болгонго чейин алынуучу пенсиясынын өлчөмүнөн эсептелет.
Эгерде каза болгон баккан адам I топтогу майыптыгы боюнча пенсия алуучу болуп саналса, анда баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия ушул Мыйзамдын 17-статьясынын 4-пунктунда белгиленген анын пенсиясынын өлчөмүнөн эсептелет.
3. Баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия алуучу ар бир баланын пенсиясынын базалык бөлүгүнүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген пенсиялык камсыздоого алардын укугу жок болгондо ата-энесинин биринен же экөөнөн тең айрылган учурда балдарга ар айлык социалдык жөлөкпулдун өлчөмүнөн төмөн болбоого тийиш.";
3) 26-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Ушул Мыйзамдын 17-статьясынын 2-1-пунктунда каралган учурларда майыптыгы боюнча пенсия ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпул дайындалган айдан кийинки айдын биринчи күнүнө чейин улантылып төлөнөт.".
2-берене.
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 7-8, 765-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-беренеде:
а) 1-пункт "мамлекеттик жөлөкпул -" деген сөздөрдөн кийин "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-статьясынын 2-1-пунктунда каралган учурларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
б) 4-пункт "пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдар -" деген сөздөрдөн кийин "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-статьясынын 2-1-пунктунда каралган учурларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
2) 14-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-статьясынын 2-1-пунктунда каралган учурларда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ар айлык социалдык жөлөкпул майыптыгы боюнча пенсия дайындалган айдан кийинки айдын биринчи күнүнө чейин улантылып төлөнөт.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 28-декабрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |