БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2024-жылдын 30-январы № 6
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы Базарлар дирекциясы муниципалдык
ишканасынын кызмат көрсөтүү акыларын бааларын
бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктуна жана Баткен шаардык Кеңешинин Бюджет, салык, экономика, инвестиция жана өнөр жай, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 26-январындагы кортундусу, Баткен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 22-январындагы №01-13/135, 01-12/134 катына ылайык Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы Базарлар дирекциясынын мал базары кызмат көрсөтүүлөрүнүн акылары төмөнкүдөй баада бекитилсин:
- мал базарга алынып кирилип сатылган бодо мал (уй, бука, торпок, топоз) – 70 сом
- кой, эчки (козу, улактар) – 30 сом,
-жылкылар -70 сом
-унаа токтоочу жайдагы ар бир унаа үчүн 20 сомдон төлөм жүргүзүлсүн.
- тастыктама (справка) берүү 200 (эки жүз) сом
2.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
3.Токтом мамлекеттик реестирге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары Т.Курбанбековго тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |