Загрузка документа…
БАЙТИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
4 заседание Байтикского айылного кенеша 29 созыва
2023-жылдын 1-июну № 39-п
Байтик айыл аймагындагы тартип бузууларды текшерүү комиссиясын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-декабрындагы № 603 “Бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2021-жылдын 30-ноябрындагы № 55-б “Кылмыштардын бирдиктүү реестрин жана укук бузуулардын бирдиктүү реестри” боюнча протоколун карап жана талкуулап, Республика Байтик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Байтик айылдык округунун аймагындагы укук бузууларды кароо боюнча комиссия Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексине ылайык төмөнкү курамда бекитилсин:
- Ниязалиев Малик Сааданович - комиссиянын төрагасы;
- Муктарканов Бактыбек Муктарканович - комиссиянын мүчөсү;
- Абдылдаева Дамира Кожобековна - комиссиянын мүчөсү;
- Сыргаков Жолдошбек Сыргакович - комиссиянын мүчөсү;
- Орозова Кулина Шаршенкуловна - комиссиянын мүчөсү;
- Атабаев Смар Карпатаевич – член комиссии;
- Байтик айыл аймагынын аймактык тескөөчүсү;
- Айыл башчылар.
2. Комиссия ар ай сайын тиешелүү кызматтарга «Бузуулар жөнүндө» иштерди кароо боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат берип турат;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Абдыразаковго милдеттендирилсин.
Төрага |
| К. Осмоналиев |