КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кыргызстан айылдык кеңешинин
XXVI-чакырылышы
2024-жылдын 2-февралы № 73
“Кыргызстан айыл аймагынын ардактуу атуулу”
наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргызстан айыл Кенешинин депутаттары кезекеги сессиясында Манас райондук Ооган согушунун ардагерлеринин “Шурави” коомдук бирикмесинин төрагасынын кайрылуусу каралып, Кыргызстан айылдык кеӊеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас айылынын тургундары Ооган согушунун ардагерлери Усенов Ташибек Масалбековичти жана Өмурзаков Абитай Кошматовичти Ооган согушунда интернационалдык милдеттерин аткарууда көрсөткөн эрдиктери үчүн “Кыргызстан айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. “Кыргызстан айыл аймагынын ардактуу атуулу” жазуу лентасы, төш белгиси жана күбөлүгүн даярдоо жагы Кыргызстан айыл өкмөтүнүн у.м.а КЭБ башчысы Н.Субанбековага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыргызстан айыл өкмөтүнүн башчысы М.Жунусалиевге тапшырылсын.
Төрага |
| К. Оморов |