Редакцияот 01.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЙТИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Байтик айылдык кенешинин 4 жыйыны 29-чакырылышы

2023-жылдын 1-июну № 40-п

Байтик айыл аймагындгы жерлерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 21-майындагы №291 “Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомун карап жана талкуулап чыгып, Байтик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.              Байтик айыл өкмөтү:

·       жер тилкелеринин чектерин жана контурларын тактасын;

·       жерлерге мунапыс берилген объекттерге менчик укугун камсыз кылуу үчүн тизме такталсын;

·       жеке турак-жай имараттары менен курулган сугат айдоо жерлерин өткөрүп берүү (трансформациялоо) үчүн зарыл документтерди даярдап жана аларды тийиштүү органдарга жөнөтүлсүн;

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Байтик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Абдыразаковго милдеттендирилсин.

 

Төрага

 

К. Осмоналиев