Редакцияот 30.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы

 

2024-жылдын 30-январы № 7

«Баткен шаарды өнүктүрүү фонду» муниципалдык мекемени түзүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34, 38-беренелерине жана Баткен шаардык Кеңешинин бюджет, салык, экономика, инвестиция жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 26-январындагы корутундусуна, Баткен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 26-январындагы №01-13/206 катына ылайык Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын ХХII сессиясытоктом кылат:

 

1.«Баткен шаарды өнүктүрүү фонду» муниципалдык мекемени түзүүгө макулдук берилсин.

2.«Баткен шаарды өнүктүрүү фонду» муниципалдык мекеменин Уставы негизинен бекитилсин. (Устав тиркелет).

3.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.

4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.

5.Ушул токтомдун аткарылышы Баткен шаарынын мэри И.Буркановго  милдеттендирилсин.

6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары Т.Курбанбековго тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрага

А.Аширов

 

КР Министрлер Кабинетинин

16.01.2023-ж. №20 токтому менен бекитилген

Типтүү жобонун негизинде

иштелип чыккан

 

Баткен шаарды өнүктүрүү фондунун Уставы

 

1.   Жалпы жоболор

1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине ылайык иштелип чыкты жана Баткен шаарды өнүктүрүү фондунун (мындан ары - Фонд) ишинин тартибин аныктайт.

2. Фонддун иши Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана ушул Уставдын негизинде жүзөгө ашырылат.

3. Фонд Баткен шаарды өнүктүрүү фонду түрүндөгү юридикалык жак макамына ээ жана муниципалдык мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлөт.

4. Баткен шаардык өнүктүрүү фондунун уюштуруучусу болуп Баткен шаарынын мэриясы саналат.

5. Фонддун каражаттары Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын акча каражаттары болуп саналат.

6. Фонддун ишин жүзөгө ашыруу үчүн казыналык системада бюджеттик жана атайын эсептер ачылат.

7. Фонд өз ишин мыйзамдуулук, ачыктык, айкындуулук, ошондой эле Фонддун каражаттарын сарамжалдуу жана натыйжалуу башкаруу принциптеринде жүзөгө ашырат.

 

  1. Ушул Уставда колдонулуучу түшүнүктөр

 

8. Ушул Уставда колдонулуучу түшүнүктөр:

1)  өтүнмө ээси – Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн долбоорлорду тандоо боюнча сынакка (конкурска) катышууга долбоордук өтүнмө берген Баткен шаарынын мэриясы, муниципалдык мекеме-ишканалар, мамлекеттик орган же ишкердик субьекти;

2)  долбоордун аткаруучусу – долбоордук өтүнмөсү Фонддун Байкоочу Кеңеши тарабынан жактырылган жана долбоорду каржылоого Фонд менен келишим түзгөн Баткен шаарынын мэриясы, муниципалдык мекеме-ишканалар, мамлекеттик орган жана ишкердик субьекти;

3)  инфраструктуралык кызмат көрсөтүүлөр – социалдык, экономикалык же өндүрүштүк багыттагы жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде инфраструктуралык обьектти тейлөө боюнча жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөр;

4)  инфраструктуралык обьект – мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган социалдык, экономикалык же өндүрүштүк багыттагы мүлк же мүлктүк комплекс;

 

5)  инфраструктуралык долбоор – Баткен шаарынын жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан демилгеленген, социалдык-экономикалык максатка ылайыктуулугун, капиталдык чыгымдардын көлөмүн жана жүзөгө ашыруу мөөнөттөрүн негиздөө менен инфраструктуралык обьектти түзүүгө же жакшыртууга багытталган милдеттердин, аракеттердин жана иш-чаралардын тизмеги;

 

6)  жергиликтүү коомдоштукту мобилизациялоо – Баткен шаарынын жергиликтүү коомдоштуктун, жарандардын уюшкан топторунун түздөн-түз катышуусу жана колдоосу менен жергиликтүү деңгээлдеги көйгөйлөрдү чечүү процесси;

7)  долбоордук өтүнмө – типтүү форматтын негизинде иштелип чыккан жана Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылануучу долбоорлорду тандоо боюнча сынакка (конкурска) катышуу үчүн Баткен шаарынын мэриясынын, муниципалдык мекеме-ишканалардын, мамлекеттик органдын жана ишкердик субьектинин атынан сунушталган долбоордун сыпаттамасы;

8)  долбоорду каржылоо планы – долбоорду транштар боюнча каржылоонун этаптарын жана тартибин сыпаттоочу жана долбоорду ишке ашыруу планына шайкеш келүүчү долбоордук өтүнмөнүн бөлүгү;

9)  мониторинг жүргүзүү жана балоо планы – долбоорду ишке ашырууда, ошондой эле Фонддун ишинин натыжалуулугун балоодо ушул Уставдын талаптарынан четтөөлөрдү аныктоо максатында, байкоо жүргүзүүнүн этаптары жана тартиби;

10) социалдык долбоор – билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, спорт, социалдык коргоо, эс алуу, жаштар менен иштөө, элдик чыгармачылык чөйрөсүндөгү жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн алкагында калкка социалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча Баткен шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын же мамлекеттик органдардын максатка багытталган, убактысы чектелген иши;

11) экономикалык долбоор – пайда алуу максатында ишкердик субьекттери тарабынан жаңы товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү түзүүгө же болбосо иштеп жаткан өндүрүштөрдү реконструкциялоого же модернизациялоого түз инвестицияларды жүзөөгө ашыруунун экономикалык максатка ылайыктуулугун, көлөмүн жана мөөнөттөрүн толук сыпаттоо жана негиздөө менен бизнес-долбоор;

12) стартап долбоор – бул көйгөйлөрдү чечүүгө, пайда алууга багытталган, олуттуу жакшыртууларга алып келген, экономикалык же социалдык жаңычылдыкка, актуалдуулукка жана практикалык манилүүлүккө ээ инновациялык бизнес-долбоор;

13) ишкердик субьекти – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган жана уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан пайда алуу максатында, өзүн тобокелдикке салып жана өзүнө мүлктүк жоопкерчиликти алып, мыйзам менен тыюу салынбаган ишти жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактар;

14) экономикалык долбоорлорго үлүштүк катышуу – Баткен шаарды өнүктүрүү фонддун жана ишкер субьекттеринин биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча, жана мындай долбоорлор боюнча финансылык макулдашуулар Фонд тарабынан берилген каражаттарды максаттуу пайдалануу, акы төлөө, мөөнөттүү жана кайтаруу боюнча субьекттердин милдеттенмелери каралган шарттагы, биргелешкен иш.

 

  1. Фонддун максаты жана милдети

 

9.   Баткен шаарды өнүктүрүү фондунун максаты - Баткен шаарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруу, Баткен шаарынын жергиликтүү коомдоштуктун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын демилгелерин колдоо жана шаардын калкынын жашоо деңгээлин жогорулатууга, шаардын инфраструктурасын жакшыртуу, көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу жана шаарда жумуш орундарын түзүүгө багытталган социалдык, инфраструктуралык долбоорлорун жана шаарды экономикалык өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган ишкердик субьекттеринин экономикалык долбоорлорун каржылоо болуп саналат.

 

                                                                                                                                                              

 

10. Баткен шаарды өнүктүрүү фондунун милдети – Баткен шаарынын социалдык-экономикалык программасынын артыкчылыктарына ылайык Фонддун финансылык каражаттарын натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу болуп саналат.

11. Бюджеттик жана атайын эсептердеги Фонддун каражаттары социалдык, инфраструктуралык жана экономикалык долбоорлорду каржылоого, анын ичинде төмөнкүлөргө багытталат:

- капиталында 100% мамлекеттин үлүшү бар же капиталында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын олуттуу үлүшү бар Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын бирине (мындан ары – Банк), андан ары ишкердик субьекттерине мөөнөттүү, акы төлөө жана кайтарымдуулук негизде насыя берүү үчүн финансылык каражаттарды берүүгө;

- үлүштүк катышуу негиздеринде (принциптеринде) ишкердик субьекттери менен биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга;

- мөөнөттүүлүктүн, акы төлөөнүн жана кайтарымдуулуктун негизинде «Бир айыл –бир продукт» улуттук экономикалык долбоорунун катышуучулары менен биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга (үлүштүк катышуу негиздеринде жана/же Банк аркылуу жеңилдетилген насыялык каражаттарды берүү аркылуу);

- инфраструктуралык долбоорлордун, экономикалык долбоорлордун, анын ичинде Баткен шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүчү мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун техникалык документтерин иштеп чыгууга;

- саламаттыкты сактоо, билим берүү, социалдык коргоо, маданият жана спорт чөйрөсүндөгү обьекттердин материалдык-техникалык базасын куруу, оңдоо жана чыңдоо боюнча долбоорлорду каржылоого;

- калкты ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системалары боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө:

- мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган ирригациялык тармактарды, гидротехникалык обьекттерди оңдоого жана калыбына келтирүүгө;

- жол, турак-жай коммуналдык чарба долбоорлорун каржылоого;

- жергиликтүү маанидеги маселерди чечүү үчүн атайын автотранспорттук жана башка техникаларды сатып алууга;

- «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомуна мөөнөттүүлүк жана кайтарымдуулук негизинде тийиштүү финансылык макулдашуу түзүү аркылуу, финансылык каражаттарды берүү жолу менен социалдык чөйрөнүн кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу боюнча иш-чараларды каржылоого;

- Баткен шаарынын кварталдарын көрктөндөрүү, жашылдандыруу жана инфраструктурасын өнүктүрүү иш-чараларды жүргүзүүгө;

- Баткен шаарды өнүктүрүүнүн башкы планын, деталдуу пландоо долбоорлорун, шаар куруу документтерин иштеп чыгууга;

- мамлекеттик органдар жана Баткен шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан демилгеленген экологиялык коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды камсыз кылууга, а.и. энергиялык натыйжалуулук, энергия жана сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүүгө;

- Фонддун болжолдонгон жылдык бюджетинин 3-5%ынан кем эмес өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, жарандык инфраструктураны калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө жана жабыр тарткан калкты материалдык жактан колдоого (тамак-аш жана турак жай менен камсыз кылуу, күйүүчү-майлоочу материалдарды, биринчи зарылдыктагы товарларды сатып алуу);

- эпидемиологиялык кырдаалды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иш-

чараларды жүргүзүүгө;

 

                                                                                                                                                              

 

- ушул пунктта аныкталган милдеттерди ишке ашыруу максатында Фонддун Байкоочу Кеңешинин чечими боюнча башка Фонддун эсебине финансылык каражаттарды которууга;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча Фонддун максаттарына жана милдеттерине ылайык келген башка максаттарга финансылык каражаттарды пайдаланууга.

 

Фонддун атайын эсебинин каражаттарынан төмөнкүлөргө багытталган иш-чаралар каржыланышы мүмкүн:

- коргоонун, жарандык коргоонуунун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана Баткен шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана алардын ишине колдоо көрсөтүүгө;

- жөндөмдүү балдарды жана таланттарды билим берүү, маданий, музыкалык, спорттук иш-чараларга катышуусун колдоого, калктын социалдык аярлуу катмарына, турмуштук оор кырдаалга туш болгон жарандарга колдоо көрсөтүүгө.

 

Фонддун каражаттарын майрамдык иш-чараларды, маракелерди жана Фонддун максаттарына жана милдеттерине ылайык келбеген башка иш-чараларды өткөрүү үчүн пайдаланууга жол берилбейт.

 

12. Фонддун каражаттары ишкердик субьекттери менен биргелешкен экономикалык долбоорлорго үлүштүк катышуу негиздеринде, долбоорлорду каржылоого жумшалышы мүмкүн. Тараптардын экономикалык долбоордогу үлүшү, Фонддун катышуу шарттары, тараптардын жоопкерчилиги, каражаттарды кайтаруу мөөнөтү жана жол-жобосу тараптардын макулдашуусу боюнча Фонд менен ишкердик субьектинин ортосунда түзүлүүчү эки тараптуу макулдашууда аныкталат.

 

Фонддун каражаттарын ишкердик субьектке түз которууга жол берилбейт. Фонд товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жолу менен эки тараптуу макулдашуунун алкагында, өз милдеттенмелерин аткара алат.

 

13. Баткен шаарды өнүктүрүүфонддун болжолдонгон жылдык бюджети бюджеттик жана атайын эсептерде төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:

 

 

 

№

 

Фонддун чыгымдарынын

категорияларынын аталышы

 

Фонддун болжолдонгон

жылдык бюджети, %

 

 

1

 

Фонддун административдик чыгымдары

 

 

n1 (болжолдуу сумма)

 

2

 

Экономикалык долбоорлор:

а) Банк аркылуу жеңилдетилген насыяларды берүү

б)үлүштүк катышуу негиздеринде

 

n2 (а + б, болжол менен 50%)

а (~ 60%)

б (~ 40%)

 

 

3

 

а) социалдык долбоорлор

б) инфраструктуралык долбоорлор

 

n3 (а + б, ~ 10% ар долбоорлордун түрүнө)

 

 

4

 

Турак жай менен камсыздоо боюнча долбоорлор

 

n4 (~ 5%)

 

 

5

 

Өзгөчө кырдаалды алдын алуу

жана кесепеттерин жоюу боюнча долбоорлор

 

 

n5 (~ 5%)

 

 

 

Жыйынтыгы

 

 

n1 + n2 + n3 + n4 + n5 = 100%

 

Фонддун чыгымдарынын ар бир категориясы боюнча Фонддун болжолдонгон жылдык бюджетинин жалпы суммасынын пайызы, ушул Уставда белгиленген тартипте Фонддун Байкоочу Кеңешинин чечими менен аныкталат.

 

  1. Фонддун башкаруу органдары

 

 

14. Фонддун башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:

 

1) Жогорку башкаруу органы - Баткен шаарды өнүктүрүү фондунун Байкоочу Кеңеши (мындан ары - Фонддун Байкоочу Кеңеши);

2) Аткаруучу орган - Баткен шаарды өнүктүрүү фондунун Дирекциясы (мындан ары - Фонддун Дирекциясы).

 

4.1.         Фонддун Байкоочу кеңешинин ыйгарым укуктары

 

15. Фонддун Байкоочу Кеңешинин ыйгарым укуктары:

1) Фонддун ишинин негизги багыттары жана артыкчылыктарын кароо жана бекитүү;

2) долбоорлорду тандоо жана бекитүү;

3) учурдагы жылга бюджеттик каражаттардын, атайын эсептин каражаттарынын жана кийинки жылдарга болжолдук көрсөткүчтөрдүн эсебинен каржылоонун көлөмүн бекитүү;

4) ишкердик субьекттерди каржылоо үчүн Фонддун акча каражаттарын алуу укугуна Фонд менен Банктын ортосундагы финансылык макулдашууну түзүү же бузуу жөнүндө чечим кабыл алуу;

5) отчеттук жылда Банкка финансылык каражаттарды берүү үчүн каржылоонун көлөмүн бекитүү;

6) ишкердик субьекттер менен биргелешкен экономикалык долбоорлорго Фонддун улуштүк катышуусу жөнүндө финансылык макулдашууну жактыруу жөнүндө чечим кабыл алуу;

7) социалдык чөйрөнүн кызматкерлерин турак жай менен камсыздоо боюнча долбоорлорду ашыруу үчүн акча каражаттарын алуу укугуна Фонд менен «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомунун ортосундагы финансылык макулдашууну түзүү же бузуу жөнүндө чечим кабыл алуу;

8) Фонддун Дирекциясынын экономикалык долбоорлорду каржылоого багытталган каражаттарды пайдалануу жөнүндө отчетун угуу;

9) Фонддун ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана балоо үчүн топтун курамын кароо жана бекитүү;

10) Фонддун каражаттарынын пайдаланылышына аудит жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алуу;

11) сынактык тандоонун катышуучуларынын дооматтары боюнча чечимдерди берүүнүн, кароонун жана кабыл алуунун тартибин бекитүү;

12) сынактык тандоонун катышуучуларынын даттанууларын жана арыздарын кароо;

13) каражаттардын күтүлүүчү түшүүлөрдүн эске алуу менен ар бир финансылык жылга бюджеттик каражаттар жана атайын эсептин каражаттары боюнча Фонддун чыгымдарынын сметасын бекитүү;

14) Фонддун Дирекциясынын штаттык расписаниесин жана чыгымдарынын сметасын бекитүү;

15) «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Фонддун Дирекциясы тарабынан долбоордун ишке ашырылышы боюнча чечим кабыл алуу;

16) Фонддун кызматкерлерине коюлуучу квалификациялык талаптарды бекитүү жана алардын негизинде Фонддун аткаруучу Директору кызмат ордуна талапкерлерди тандоо;

17) Фонддун акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөө;

18) Фонддун бюджеттик каражаттары жана атайын эсебинин каражаттары боюнча Фонддун чыгымдарынын сметасынын, ошондой эле Фонддун Дирекциясынын чыгымдарынын сметасынын аткарылышы жөнүндө Фонддун Дирекциясынын отчетун угуу жана бекитүү;

 

                                                                                                                                                              

 

16. Фонддун Байкоочу Кеңеши өзүнө жүктөлгөн ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:

1) Фонддун Дирекциясынан жана мониторинг жүргүзүүчү тобунан өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды суроого;

2) Фонддун Дирекциясы жана мониторинг жүргүзүүчү тобу берген документтерди толуктап иштеп чыгууга жөнөтүүгө;

3) Фонддун Байкоочу Кеңешинин компетенциясына кирген маселелер боюнча эксперттер жана адистер, техникалык кызматтар менен консультацияларды уюштурууга жана өткөрүүгө;

4) Фонддун уюштуруучусуна - Баткен шаарынын мэриясына Фонддун аткаруучу Директору өзүнүн функцияларын аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, ага карата чараларды көрүү жөнүндө сунушту жөнөтүүгө;

5) Фонддун уюштуруучусуна - Баткен шаарынын мэриясына Фонддун аткаруучу Директору кызмат ордуна дайындоо же бошотуу жөнүндө сунуштоого.

 

4.2 .           Фонддун Байкоочу Кеңешинин ишин уюштуруу

 

17. Фонддун Байкоочу Кеңешинин мүчөлөрү, анын ишине коомдук башталышта катышат.

18. Фонддун Байкоочу Кеңешинин мүчөлөрү, анын жыйналыштарына алмаштыруу укугусуз катышат. Фонддун Байкоочу Кеңешинин мүчөсү жок учурда, ал, каралуучу маселер боюнча өзүнүн пикирин жазуу жүзүндө берүүгө укуктуу.

19. Органдын/уюмдун Фонддун Байкоочу Кеңешинин курамына киргизилген өкүлүнүн мүчөлүгү: анын аты-жөнүн, кызмат ордун, ошондой эле өкүлү алмашкан учурда себептерин көрсөтүү менен, тийиштүү органдын/уюмдун расмий каты менен ырасталат.

20. Баткен шаарды өнүктүрүү фондунунБайкоочу Кеңешинин мүчөлөрүнүн саны 9 (тогуз) адамдан кем болбоого тийиш.

21. Баткен шаарды өнүктүрүү фондунун Байкоочу Кеңешинин курамына төмөнкүлөр кирет:

1) Баткен шаарынын мэринин чечиминин негизинде Баткен шаарынын биринчи вице-мэри;

2) мамлекеттик финансы, бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Баткен шаардык бөлүмүнүн жетекчиси;

3) экономика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык (облустук) бөлүмүнүн өкүлү;

4) агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык (райондук) бөлүмүнүн жетекчиси;

5) архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык (облустук) бөлүмүнүн жетекчиси;

6) Фонддун Байкоочу Кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын 30%ына чейинки санда, Баткен шаарынын мэриясынын сунушу боюнча Фонддун Байкоочу Кеңешинин курамына киргизилген коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү;

7) Фонддун Байкоочу кеңеши аныктаган тартипте, 1 жылга шайлануучу жана ротациялануучу Фонддун Байкоочу Кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы курамынын 30%ы өлчөмүндө Баткен шаардык кеңешинин депутаттары;

 

8) Баткен шаардык өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп Баткен шаарынын мэринин чечиминин негизинде Баткен шаарынын биринчи вице-мэри эсептелет. Баткен шаардык өнүктүрүү фондунун төрагасынын орун басары болуп мамлекеттик финансы, бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Баткен шаардык бөлүмүнүн жетекчиси эсептелет.

22. Баткен шаардык өнүктүрүү фондунун Байкоочу Кеңешинин курамы Баткен шаарынын мэринин тескемеси менен 3 жылдан кем эмес мөөнөткө бекитилет.

23. Кыргыз Республикасынын колдонуулагы мыйзамдарына ылайык, Фонддун кызыкчылыктарына бардык формада олуттуу зыян келтирүүгө алып келген кабыл алган чечимдери үчүн, Фонддун Байкоочу Кеңешинин мүчөлөрү жеке жоопкерчилик тартат.

24. Фонддун Байкоочу Кеңешинин жыйналыштары зарылчылыкка жараша, бирок кварталына кеминде бир жолу чакырылат.

25. Эгерде, Фонддун Байкоочу кеңешинин курамынын жарымынан кэм эмеси катышса, Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышы укуктуу болуп эсептелет.

26. Фонддун Байкоочу Кеңешинин компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдери, Фонддун Байкоочу Кеңешинин жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болгон учурда, Фонддун Байкоочу Кеңешинин жыйналышында төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.

27. Фонддун Байкоочу Кеңешинин жыйналыштары Фонддун Дирекциясынын кызматкери болуп саналган, Фонддун Байкоочу Кеңешинин катчысы тарабынан протоколдоштурулат.

Протоколго Фонддун Байкоочу Кеңешинин төрагасы же жыйналышта төрагалык кылган адам, ошондой эле Фонддун Байкоочу Кеңешинин жыйналышка катышкан бардык мүчөлөрү кол коөт. Протоколдордун түп нускалары Фонддун Дирекциясында сакталат.

28. Фонддун Байкоочу Кеңешинин төрагасы жыйналышта жок болгон учурда, Фонддун Байкоочу Кеңеши бул жыйналышка катышкан Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн арасынан, төрагалык кылуучуну тандайт.

29. Фонддун Байкоочу Кеңеши зарыл болгон учурда, өзүнүн жыйналыштарына тийиштүү техникалык кызматтардын өкүлдөрүн, эксперттерди жана кеңешчилерди чакырууга укуктуу, алар ал жыйналышка добуш берүү укугусуз катышат.

30. Фонддун Байкоочу Кеңешинин жыйналышын чакыруу жөнүндө маалыматтарды: күн тартибин, өткөрүү убактысын жана ордун көрсөтүү менен Фонддун Дирекциясы Фонддун Байкоочу Кеңешинин мүчөлөрүнө жыйналыш өтүүчү күнгө чейин 10 (он) календардык күндөн кеч эмес маалымдайт.

31. Долбоордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү мезгилинде, Фонддун Байкоочу Кеңешинин мүчөлөрүнүн транспорттук чыгымдарын жана жашап турууга чыгымдарын, Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын талаптарына жана бюджеттик мекемелер үчүн белгиленген ченемдерге ылайык Фонддун операциялык чыгымдары үчүн белгиленген лимиттин чегинде компенсациялоого жол берилет.

32. Баткен шаарды өнүктүрүү фондунун Байкоочу Кеңешинин жыйналышын видео-конференц-байланыш системасын колдонуу жолу менен өткөрүүгө жол берилет.

 

4.3. Баткен шаарды өнүктүрүү фондунун Дирекциясы

 

33. Баткен шаарды өнүктүрүү фондунун Дирекциясы долбоорлорду каржылоо жана ишке ашыруу маселелери боюнча, Баткен шаарды өнүктүрүү фондунун Байкоочу Кеңешинин ишин жана чечимдерин талаптагыдай аткарылышын камсыз кылат.

34. Фонддун Дирекциясын Баткен шаарынын мэриясынын чечими боюнча эмгек келишимин, анда ары узартуу мүмкүндүгү менен, 3 (үч) жылга чейинки мөөнөткө кызмат ордуна дайындалуучу Фонддун актаруучу Директору жетектейт.

 

35. Баткен шаарды өнүктүрүү фондунун аткаруучу Директорун Байкоочу Кеңештин сунуштамасы менен Баткен шаарынын мэри дайындайт.

 

36. Фонддун Дирекциясынын штаттык расписаниеси жана административдик чыгашалары Фонддун Байкоочу Кеңешинин чечими менен бекитилет.

Баткен шаарды өнүктүрүү фондунун кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жана алардын штаттык саны ушул Уставдын 91, 92-пунктарына ылайык аныкталат.

37. Баткен шаарды өнүктүрүү фондунун аткаруучу Директору менен иш берүүчүнүн - Баткен шаарынын мэриясынын ортосундагы келишимдик мамилелер Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын ченемдери менен жөнгө салынат.

38. Баткен шаарды өнүктүрүү фондунун Дирекциясынын функциялары жана ыйгарым укуктары:

1) Фонддун Байкоочу Кеңешинин чечиминин негизинде долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле Фонддун Дирекциясынын операциялык жана күнүмдүк чыгымдары боюнча финансылык операцияларды жүргүзөт.

2) Фонддун Байкоочу Кеңешинин мүчөлөрүнүн, Баткен шаарынын мэриясынын суроо-талаптары боюнча Фонддун иши жөнүндө маалыматтарды берет;

3) казыналык системада Фонддун бюджеттик жана атайын эсептерин ачат;

4) өтүнмө ээсинен келип түшкөн долбоорлорду берилген документтердин толуктугу боюнча алдын ала тандоону жүргүзөт;

5) Фонддун Байкоочу Кеңешинин чечими боюнча андан ары ишкердик субьекттерин каржыло үчүн, Фонддун акча каражаттарын алуу укугуна Фонддун Банк менен финансылык макулдашуусуна кол коюуну камсыз кылат;

6) долбоордун аткаруучусу тарабынан келишимдин шарттары же долбоорду ишке ашыруу жол-жоболору бузулган учурда, каржылоону токтотуп турат;

7) Фонддун Байкоочу Кеңешинин чечими боюнча Фонддун Дирекциясы андан ары мамлекеттик органдардын жана/же Баткен шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берүү менен, социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор боюнча товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана жумуштарды сатып алууну жүргүзөт;

8) бюджеттик чөйрөдөгү ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте Фонддун акча каражаттарынын кыймылы боюнча эсепти жана отчеттуулукту жүргүзөт;

9) Фонддун Дирекциясынын функцияларын жүзөгө ашыруу, долбоорлорго мониторинг жүргүзүү жана балоо үчүн адистерди, кеңешчилерди жалдайт;

10) Фонддун Дирекциясынын келерки жылга административдик чыгашаларынын тизмесин иштеп чыгат жана Фонндун Байкоочу Кеңешинин кароосуна жана бекитүүсүнө киргизет;

11) Фонддун Байкоочу Кеңешинин жыйналыштарын уюштуруу боюнча ишти жүргүзөт;

12) аудит үчүн маалыматтарды даярдайт;

13) Фонддун Байкоочу Кеңеши жактырган долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылат.

 

39. Баткен шаарды өнүктүрүү фондунун аткаруучу Директорунун функциялары жана ыйгарым укуктары:

1) Фонддун Дирекциясынын ишин жетектейт.

2) долбоорлорду тандоо боюнча сынактын жеңүүчүлөрү менен эки тараптуу келишимдерге Фонддун атынан кол коөт;

3) Фонддун Байкоочу Кеңешинин чечиминин негизинде Банк менен финансылык макулдашууга кол коөт;

4) Фонддун Байкоочу Кеңешинин чечиминин негизинде биргелешкен экономикалык долбоорго Фонддун үлүштүк катышуусу жөнүндө ишкердик субңекти менен финансылык макулдашууга кол коөт;

 

5) долбоорлорду каржылоодо төлөм документтерине кол коөт;

6) Фонддун Дирекциясынын штаттык расписаниесин түзөт жана аны Фонддун Байкоочу Кеңешине бекитүүгө берет;

7) Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексине ылайык кызматкерлерди тандоону уюштурат;

8) Фонддун Дирекциясынын кызматкерлери менен эмгек келишимдерине кол коөт;

9) эмгек келишимдердин, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын жоболорунун жана Фонддун Дирекциясынын чыгымдар сметасынын мүмкүнчүлүктөрүнүн алкагында, Фонддун Дирекциясынын кызматкерлерин сыйлоо чаралары жөнүндө чечим кабыл алат;

10) Кыргыз Республиксынын эмгек мыйзамдарынын ченемдерине ылайык Фонддун Дирекциясынын кызматкеринин тартип бузуусу, башкача айтканда, ага жүктөлгөн эмгек милдеттерин өзүнүн жеке күнөөсү боюнча аткарбоосу жана талаптагыдай аткарбоосу үчүн, тартиптик жаза жөнүндө чечим кабыл алат;

40. Фонддун Дирекциясы ар квартал сайын Фонддун каражаттарын пайдалануу жөнүндө маалыматтарды расмий басылмаларга жарыялап турат, ошондой эле бул маалыматты Баткен шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштырат.

41. Фонддун аткаруучу Директору Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык Фонддун акча каражаттарынын сакталышы, натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

42. Каралып жаткан отчеттук жылдын ар кварталы сайын, жана ошол жылдын жыйынтыгы боюнча Фонддун Дирекциясы Фонддун каражаттарын пайдалануу жөнүндө отчетту жана долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө отчетту даярдайт, жана аларды Фонддун Байкоочу Кеңешинин кароосуна, Баткен шаарынын мэриясына, мамлекеттик финансы, бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана экономика маселелери боюнча мамлекеттик органга берет.

43. Ар бир квартал башында Фонддун Дирекциясы тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар берген контролдук көрсөткүчтөрдүн негизинде, Фондго акча каражаттарынын түшүүсүнүн болжолун даярдайт жана Фонддун Байкоочу кеңешинин кароосуна киргизет.

 

5.      Фонддун каражаттарынын эсебинен

каржылоо үчүн долбоорлорду берүүнүн тартиби

 

5.1.      Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду

каржылоого долбоордук өтүнмөлөрдү берүүнүн тартиби

 

44. Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду каржылоого долбоордук өтүнмөлөрдү кабыл алуу жөнүндө, ошондой эле келерки жылга долбоорлорду тандоо шарттары жөнүндө маалымат, ушул жылдын 1-июлунан кечиктирилбестен жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет-ресурстарында жарыяланат, маалыматтык такталарда жайгаштырылат.

45. Өтүнмө ээси долбоорго өтүнмөнү ушул Уставдын 2-тиркемесине ылайык форма боюнча тариздейт.

Фонддун кароосуна берилген жана муниципалдык менчик обьектине тиешелүү долбоордук өтүнмө Баткен шаардык кеңештин чечими менен бекитилет.

Мамлекеттик обьектисине карата долбоордук өтүнмө тиешелүү мамлекеттик органдын чечими менен бекитилет.

 

46. Фонддун Дирекциясы өтүнмө ээлерине каттоо жөнүндө ырастама берүү менен келип түшкөн өтүнмөнү каттайт жана келип түшкөн долбоордук өтүнмөлөрдүн толук толтурулушуна, техникалык документтердин болшуна, курулуш жана башка ченемдерге жана эрежелерге (уруксат берүүчү документтер, техникалык адистешүүлөр, долбоордук-сметалык документтер) шайкештигине, талдоо жүргүзөт.

Фонддун Дирекциясы өтүнмө ээлеринен, алар берген малыматтарды тактоого жана кошумча документтерди суроого укуктуу.

47. Фонддун Дирекциясы келип түшкөн ар бир өтүнмөгө өзүнүн кортундусун тиркейт, анда өтүнмөнүн жана анын тиркемелеринин ушул Уставдын талаптарына, о.э. курулуш жана башка ченемдерине жана эрежелерине шайкештиги көрсөтүлөт.

48. Келерки жылга долбоордук өтүнмөлөрдүн кабыл алуунун чектөө мөөнөтү, учурдагы жылдын 30-ноябрынан кечиктирбестен белгиленет.

49. Фонддун Байкоочу Кеңеши учурдагы жылдын 30-декабрынан кечиктирбестен долбоорлорду тандоо жана бекитүү боюнча жыйналыш өткөрөт.

50. Фонддун Дирекциясы Фонддун Байкоочу Кеңешинин жыйналышы башталганга чейин 5 (беш) күндөн кечиктирбестен, алдын-ала изилдөө үчүн, Фонддун Байкоочу Кеңешинин бардык мүчөлөрүнө долбоорлор боюнча корутундуларды тиркөө менен долбоордук өтүнмөлөрдүн көчүрмөлөрүн жиберет.

51. Долбоорлорду тандоо Фонддун Байкоочу Кеңешинин мүчөлөрү тарабынан жыйналышта баллдарды эсептөөнүн негизинде жүргүзүлөт, алар ушул Уставдын 4-тиркемесине ылайык критейлери боюнча коюлат.

52. Жеке менчик жер участоктун чектеринде мамлекеттик жана муниципалдык менчиктеги обьекттерди курууну, реконструкциялоону каржылоого жол берилбейт.

53. Коюлган баллдар боюнча Фонддун Байкоочу Кеңешинин катчысы долбоорлордун рейтингин аныктайт, жана ушул Уставдын 13-пунктуна ылайык, пайыздык катышта социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду каржылоо үчүн каралган, келерки жылы Фонддун жылдык болжолдонгон бюджетинен ашпаган суммалык бюджети менен долбоорлордун тизмесин түзөт.

54. Долбоорлордун тизмеси Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышынын протоколу менен бекитилет жана мамлекеттик финансы, бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ошондой эле Баткен шаарынын мэриясына ушул Уставдын 73-пунктунда аныкталган мөөнөттө жиберилет.

55. Долбоорлордун бекитилген тизмесинде өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу чечим жыйналышка катышкан Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн 2/3 добушу менен кабыл алынат.

Долбоорлордун рейтингин жана өтүнмө берилген долбоорлордун тизмесин өзгөртүү үчүн өзгөчө негиздер болуп, төмөнкүлөр эсептелет:

- долбоорлорду тандоо жол-жоболорун бузуунун ырасталган фактыларынын болушу;

- бекитилген долбоорду башка булактардын эсебинен каржылоо жөнүндө ырасталган факттардын болушу;

- Фонддун Байкоочу Кеңеши тарабынан тандоонун башка катышуучуларынын канааттандырылган дооматынын болушу;

- Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн долбоорлорду тандоо боюнча сынакка катышуудан өтүнмө ээсинин, өз ыктыяры менен баш тартуусу.

56. Тандоонун жыйынтыгы боюнча Баткен шаарды өнүктүү фондунун аткаруучу Директору Баткен шаарынын мэриясынын же тиешелүү мамлекеттик органдын атынан долбоордун аткаруучусу менен Фонддун каражаттарынын эсебинен долбоорду каржылоо жөнүндө келишим түзүп, ага кол коөт.

Эгерде, долбоордун аткаруучусу Баткен шаарды өнүктүрүү фондунун Дирекциясы болуп саналса, Баткен шаарынын мэриясы же тиешелүү мамлекеттик орган менен долбоорду ишке ашыруу мөөнөтөрү жана аларды баланска өткөрүү жөнүндө келишим түзүлөт.

 

                                                                                                                                                              

 

5.2.      Банк аркылуу долбоорлорду

каржылоого долбоордук өтүнмөлөрдү берүүнүн тартиби

 

57. Фонддун Дирекциясы ишкердик субьектеринен экономикалык долбоорлорду каржылоого өтүнмөлөрдү ушул Уставдын 3-тиркемесине ылайык квартал сайын учурдагы кварталдын экинчи айынын 1 (биринен) кечиктирбестен кабыл алат.

58. Фонддун Дирекциясы келип түшкөн өтүнмөлөрдү, ээлерине тиешелүү билдирүү жасап, каттайт, жана 10 (он) календардык күндүн ичинде келип түшкөн долбоордук өтүнмөлөрдүн толук толтурулушуна талдоо жүргүзүп, Фонддун Байкоочу Кеңешинин мүчөлөрүнө танышууга жөнөтөт.

Зарыл болгон учурда, Фонддун Дирекциясы өтүнмө ээлеринен керектүү малыматты тактайт же кошумча керектүү документтерди сурайт.

59. Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышы учурдагы кварталдын экинчи айынын 20 (жыйырмасынан) кечиктирбестен өткөрүлөт.

60. Долбоорлорду тандоо Фонддун Байкоочу Кеңешинин мүчөлөрү тарабынан жыйналышта баллдарды эсептөөнүн негизинде жүргүзүлөт, алар ушул Уставдын 5-тиркемесине ылайык критерийлер боюнча коюлат.

Коюлган баллдар боюнча Фонддун Байкоочу Кеңешинин катчысы долбоорлордун рейтингин аныктайт жана Фонддун Банктагы эсебинде турган каражаттарынын суммасынан ашпаган суммалык бюджети менен долбоорлордун тизмесин түзөт.

Учурдагы тизмеге, Фонддун Байкоочу Кеңеши тарабынан өткөн кварталда келип түшкөн жана жактырылган, бирок Банкта Фонддун финансы каражаттарынын жетишсиздигинен улам тизмеге кирбей калган долбоорлор артыкчылыктуу тартипте киргизилет.

61. Долбоорлордун тизмеси Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышынын протоколу менен бекитилет жана Фонддун Байкоочу Кеңешинин жыйналышы өткөрүлгөндөн кийин 3 (үч) жумуш күндөн кечиктирбестен, өтүнмө ээлерине Фонддун Байкоочу Кеңешинин чечиминин көчүрмөлөрүн, жактырылган долбоорлорду берүү менен Банкка жөнөтүлөт.

62. Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен долбоорлору жактырылган өтүнмө ээлери, Банктын талаптарына ылайык зарыл документтерди андан ары берүү үчүн Банкка кайрылат.

63. Банктын талаптарына жана шарттарына ылайык өтүнмө ээлери тарабынан Банк менен тиешелүү насыялык келишим түзүлөт. Банктын талаптарына жана шарттарына ылайык келбеген долбоорлор, Банк тарабынан четке кагылат.

 

5.3.      Банк аркылууэкономикалык долбоорлорду

каржылоонун тартиби

 

64. Банк аркылуу каржылоого пландалган экономикалык долбоорлор Баткен шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө өбөлгө түзүшү керек.

Тамеки жана тамеки продукциясын, алкоголдук ичимдиктерди, курал-жарак жана  ок-дарыларды, банги жана психотроптук заттарды (медициналык маанидеги препараттардан тышкары) жана жарандык жүгүртүүдөн алынган же жарандык жүгүртүүгө чектелген башка товарларды өндүрүүгө багытталган долбоорлорду, о.э. мажбурлап жана балдар эмгегин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган иштин башка түрлөрүн каржылоого тыюу салынат.

65. Баткен шаарды өнүктүрүү фондунун Дирекциясы:

 

1) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечиминин негизинде, Банкка экономикалык долбоорлорду Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоо укугун Банкка өткөрүп берүү боюнча макулдашууну түзүү ниети жөнүндө жазуу жүзүндө суроо-талап жөнөтөт.

 

2) Банк менен финансылык келишим түзөт;

3) Фонддун Байкоочу Кеңеши тарабынан бекитилген Банк аркылуу экономикалык долбоорлорду, учурдагы жылы каржылоонун болжолду көлөмүнүн негизинде финансылык каражаттарды учурдагы жылдын ичинде Фонддун каражаттары калыптангандыгына жараша, Банкка бүтүндөй же транш менен берет;

4) квартал сайын Банкка жана өтүнмө ээлерине Фонддун Байкоочу Кеңешинин чечимдеринин көчүрмөсүн, жактырылган экономикалык долбоорлордун тизмеси менен берет;

5) ишкердик субьекттерине насыя берүүдөн алынган негизги карыздын суммасын жана пайыздык кирешени топтойт жана Фонддун Байкоочу Кеңешинин чечими менен бекитилген, жана Банк тарабынан жактырылган жаңы экономикалык долбоорлорго кайра инвестициялайт;

66. Фонддун Байкоочу Кеңешинин чечиминин негизинде Банктагы Фонндун бош акча каражаттарды депозиттик эсепке мөөнөттүү салым жана/же Фондго тиешелүү пайыздарды чегерүү менен талап кылууга чейинки салым түрүндө жайгаштырылышы мүмкүн.

67. Банк:

1) Фонддун каражаттарынын эсебинен экономикалык долбоорлорду каржылоо укугун Банкка өткөрүп берүү жөнүндө финансылык макулдашууну түзүү ниети туралуу, Фонддун жазуу жүзүндө келип түшкөн суроо-талабынын негизинде, Фонд менен финансылык макулдашууну түзөт;

2) Фонддун Байкоочу Кеңешинин чечими менен мурда жактырылган ишкердик субьекттеринин келип түшкөн насыялык өтүнмөлөрүн квартал сайын карайт, жана долбоорлор Банктын ички талаптарына жана шарттарына ылайык келген учурда, аларды насыялоону жүзөгө ашырат;

3) ишкердик субьекттер тарабынан Фонддун каражаттарын пайдалануу үчүн негизги сумманы жана пайыздарды финансылык макулдашууга ылайык, Банктагы Фонддун эсебине которот.

4) зайымдык каражаттардын кайтарымдуулугу, камсыздуулугу, төлөшү жана мөөнөттүүлүгү үчүн жоопкерчилик тартат;

5) квартал сайын каражаттарды пайдалануу боюнча Фондго отчет берет.

68. Фонддун финансылык шарттары:

Ишкердик субьекттер үчүн чектүү пайыздык ставка:

- 7 жылга чейинки инвестициялык ишти каржылоо үчүн - жылына 5,5%, анын ичинен Фонддун пайыздык кирешеси - жылына 1,5%;

- 5 жылга чейин мөөнөткө жүгүртүү капиталын каржылоо үчүн - жылына 5,5%, анын ичинен Фонддун пайыздык кирешеси - жылына 1,5%.

 

5.4.      Долбоорду аткаруучусунун милдеттери

 

69. Долбоордун аткаруучусу төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) долбоорду аткаруучу менен Фонд ортосундагы Фонддун үлүштүк катышуусу менен инфраструктуралык, социалдык жана экономикалык долбоорлор боюнча түзүлгөн келишимге жана аткаруучу менен Банктын ортосунда Банк аркылуу каржылануучу экономикалык долбоорлор боюнча насыялык макулдашууга ылайык, долбоорду ишке ашырууну камсыз кылууга;

2) долбоорду ишке ашырууга катышуу үчүн жергиликтүү коомдоштукту зарылдыгына жараша мобилизациялоону камсыз кылууга;

3) мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык долбоор боюнча товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүргүзүүгө;

 

                                                                                                                                                              

4) зарылдыгына жараша Баткен шаарынын мэриясы тарабынан долбоордун аткарылышы үчүн техникалык көзөмөлдү камсыз кылууга;

5) мониторингтин натыйжаларынын негизинде долбоорду ишке ашыруунун бардык этаптарында долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу калкты маалымдоого.

70. Квартал сайын жана долбоор боюнча иштерди аяктоонун жыйынтыгы боюнча, долбоордун аткаруучусу Фондго белгиленген форма боюнча финансылык отчетту жана долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү туралуу отчетту берет.

Эгерде, долбоордун аткаруучусу болуп Баткен шаарды өнүктүрүү фондунун Дирекциясы саналса, долбоордун аткаруучусу квартал сайын жана долбоор боюнча иштерди аяктоонун жыйынтыктары боюнча мамлекеттик финансы, бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселелери боюнча мамлекеттик органга жана экономика маселелери боюнча мамлекеттик органга, белгиленген форма боюнча финансылык отчетторду жана долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчетторду берет.

 

6.      Фонддун финансылык каражаттарын түзүүнүн

жана чыгымдоонун тартиби

6.1.         Фонддун финансылык каражаттарын түзүүнүн тартиби

 

71. Баткен шаарды өнүктүрүү фондунун финансылык каражаттары төмөнкүдөй түзүлөт:

1) бюджеттик эсептер боюнча:

- «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын кодексине ылайык аймактардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына ылайык фонддорго бөлүштүрүлүүчү, жергиликтүү маанидеги инфраструктураны күтүүгө жана максаттуу багыттагы иш-чараларды ишке ашырууга арналган, пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүнү (казып алууну) жүзөгө ашыруучу жеке же юридикалык жактар тарабынан республикалык бюджеттке чегерилген каражаттардын эсебинен;

- КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 20-январындагы №20 сандуу токтому менен бекитилген Типтүү жобосуна ылайык республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын эсебинен;

- Банк аркылуу ишкердик субьекттерди насыялоонун натыйжасында алынган каражаттардын, Фонддун каражаттарын Банктагы депозиттик эсептерге жайгаштыруунун жана Фонддун ишкердик субьекттер менен биргелешкен экономикалык долбоорлорго үлүштүк катышуусунун эсебинен.

2) атайын эсептер боюнча:

- демөөрчүлүк жардам жана ыктыярдуу төгүмдөр;

- кайрымдуулук же гранттык жардам;

- биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн эл аралык институттардан чегерүүлөр;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган башка каражаттар.

72. Баткен шаарды өнүктүрүү фондунун салыктык эмес кирешелери боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдү мамлекеттик финансы, бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берет.

 

6.2.         Долбоорлорду ишке ашырууга

Фонддун акча каражаттарынын чыгымдоонун тартиби

 

 

73. Фонддун Дирекциясы учурдагы жылдын 1-февралынан кечиктирбестен Фонддун Байкоочу Кеңешинин чечимин төмөнкү тиркемелери менен финансы, бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга киргизет:

1) учурдагы жылга каржылоонун тиешелүү болжолду көлөмү менен социалдык жана инфраструктуралык долбоорлордун бекитилген тизмеси;

2) Банк аркылуу экономикалык долбоорлорду каржылоо үчүн арналган учурдагы жылга каржылоонун болжолдуу көлөмү;

3) Фонддун ишкердик субьекттер менен биргелешкен долбоорлорго үлүштүк катышуусу аркылуу, экономикалык долбоорлорду каржылоо үчүн арналган учурдагы жылга каржылоонун болжолдуу көлөмү.

74. Мамлекеттик финансы, бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Фонддун жылдык бюджетин бекитет, Фонддун өткөн жылдагы бюджетинин өтмө калдыктарын учурдагы жылдын бюджетине киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесин, учурдагы жылдын 1-мартынан кечиктирбестен кабыл алууну камсыз кылат.

75. Өзүнүн эсебинде финансылык каражаттар болгон учурда, Фонд учурдагы айдын 5 (бешине) чейинки мөөнөттө каржылоону ачууга өтүнмөнү мамлекеттик финансы, бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт. Эгерде, өтүнмө учурдагы айдын 5 (бешинен) кийин берилсе, анда өтүнмөнү кароо кийинки айда жүргүзүлөт.

76. Фонддун кассалык чыгымдары, чыгымдардын сметасы «Имараттар жана курулмалар» 3111-беренеси боюнча түзүлөт, калыптанат жана каржыланат жана жөнөкөйлөтүлгөн казыналык жол-жоболор боюнча Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясында белгиленген тартипте, жүзөгө ашырылат.

77. Бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүсү болуп саналган Фонд, тандап алынган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча акча-төлөм операцияларын аткаруу менен, чыгымдарды бөлүнгөн каражаттардын чегинде жүргүзөт.

78. Тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген каражаттардын көлөмүнөн түшүүлөр ашып кеткен учурда, сметалык дайындоолорду тактоо белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

79. Фонддун акча каражаттарын жүгүртүү жөнүндө отчеттор жана аларды эсепке алуу, Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

80. Социалдык жана ифраструктуралык долбоорлорду каржылоо Фонддун атынан Фонддун аткаруучу Директору менен долбоордун аткаруучусунун атынан, мамлекеттик органдын же Баткен шаарынын мэриясынын аткаруучу органынын жетекчисинин ортосунда кол коюлган, эки тараптуу келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.

Банк аркылуу экономикалык долбоорлорду каржылоо Банк менен ишкердик субьекттин ортосунда кол коюлган, эки тараптуу келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.

Фонддун үлүштүк катышуусу аркылуу экономикалык долбоорлорду каржылоо, Фонд менен ишкердик субьекттин ортосунда кол коюлган, эки тараптуу келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.

81. Долбоорлор боюнча төлөмдөргө мониторинг жүргүзүү жана көзөмөлдөө Фонд тарабынан жүзөгө ашырылат. Фонд белгиленген төмөнкүдөй отчетторду берет:

1) мамлекеттик финансы, бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сметанын аткарылышы жөнүндө;

2) экономика маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга долбоолорду ишке ашыруу жөнүндө.

82. Фонд тарабынан социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду каржылоосу, долбоорду ишке ашыруу графиги боюнча аткарылган иштердин актысынын жана долбоорду аткаруучу сунуштаган долбоорду каржылоо планы боюнча аткарылган транштын актысынын негизинде жүргүзүлөт.

 

                                                                            

Учурдагы жылы Банк аркылуу экономикалык долбоорлорду каржылоонун Фонддун Байкоочу Кеңеши тарабынан бекитилген болжолдуу көлөмүнүн негизинде жана мамлекеттик финансы, бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органга Фонддун берген өтүнмөсүнүн негизинде, Банк аркылуу экономикалык долбоорлорду каржылоо үчүн каралган каражаттар, Фонддун Банктагы эсебине которулат.

83. Учурдагы жылдын аягына чейин өздөштүрүлбөгөн Фонддун каражаттарынын калдыктары, белгиленген тартипте республикалык бюджетке кайтарылат жана келерки жылы ошол эле Фонддун каражаты катары бекитилет.

 

7.      Фонддун ишмердилүүгүнө мониторинг жүргүзүү жана балоо

 

84. Фонддун ишмердилүүгүнүн натыйжалуулугуна мониторинг төмөнкүлөр боюнча жүргүзүлөт:

1) Фонддун ишмердилүүгү ушул Уставда аныкталган эрежелерге, талаптарга жана жол-жоболорго шайкештиги;

2) каражаттарды максаттуу пайдалануу жана анын бекитилген пландарга шайкештиги;

3) долбоорлорду ишке ашыруу жана насыялоо программаларынын аткаруусунун натыйжалуулугун баалоо;

4) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын талаптарын жана ченемдерин сактоо.

85. Фонддун Дирекциясы мониторинг жүргүзүүнүн жана балоонун жол-жобосун иштеп чыгат жана ал Фонддун Байкоочу Кеңешинин чечими менен бекитилет.

86. Фонддун Байкоочу Кеңеши Фонддун Дирекциясынын сунушу боюнча Фонддун мониторингтик тобунун курамын бекитет. Мониторингтик топтун курамына Фонддун Байкоочу Кеңешинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын, Баткен шаарынын мэриясынын, Баткен шаардык Кеңешинин, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү кириши мүмкүн.

87. Мониторингтик топтун мүчөлөрү өзүнүн ишмердилүүгүн жүргүзгөн учурда, Фонддун маалыматтарына жана документтерине эркин жетүүгө ээ болушат.

88. Мониторингтин жыйынтыктары отчет түрүндө таризделет, анда мониторингтин жыйынтыктары жана кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуштар чагылдырат.

89. Мониторингтик топтун Фонддун Байкоочу Кеңешинин жыйналыштарында жылына 2 (эки) жолудан кем эмес угуулуга тийиш.

90. Жыл аралыгында жүргүзүлгөн мониторингтин жана балоонун жыйынтыктары боюнча Фонддун отчету мамлекеттик финансы, бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана экономика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жиберилет.

8.      Өзгөчө шарттар

8.1.         Баткен шаарды өнүктүрүү фонддунун

кызматкерленине эмгек акы төлөө шарттары жана алардын штаттык саны

 

91. Фонддун Дирекциясынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө үчүн 7040 сом өлчөмүндө минималдуу базалык ставка белгиленет, ал Фонддун кызматкерлеринин кызматтык маяналарын (мындан ары - кызматтык маяналар) эсептөө үчүн негиз болуп саналган, мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталат.

92. Кызматтык маяналар минималдуу базалык ставкадан, кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттеринен жана жалпы иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдөн, анын ичинде төмөнкүлөрдү төлөө менен түзүлөт:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналарда жашагандыгы жана иштегендиги үчүн үстөк;

2) эмгек өргүүгө чыгууда эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө ден соолукту чындоого жөлөкпул;

3) календардык жылдын аягында орточо айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы.

1-таблица. Баткен шаарды өнүктүрүү фондунун кызматкерлеринин

кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоодо колдоонулуучу

кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери

 

 

№

 

Кызмат орундардын аталышы

 

Фонддун жылдык болжолдуу бюджеттинде эселөө коэффициентери,

100,0 млн. сомдон ашык

 

 

1

 

Аткаруучу Директор

 

4,92

 

 

2

 

Башкы бухгалтер

 

4,39

 

 

3

 

Башкы адис

 

3,94

 

 

4

 

Жетектөөчү адис

 

3,61

 

 

5

 

Кызматтык бөлмөлөрдү

тазалоочу (техничка)

 

 

1

 

2-таблица. Баткен шаарды өнүктүрүү фондунун кызматкерлеринин

иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрүнүн өлчөмдөрү

 

 

Кызмат орундардын аталышы

 

 

Пайыздык үстөктөрдүн өлчөмдөрү, %

 

 

1 жылдан 3 жылга чейин

 

5

 

 

3 жылдан 5 жылга чейин

 

10

 

 

5 жылдан 10жылга чейин

 

15

 

 

10 жылдан 15 жылга чейин

 

20

 

 

15 жылдан 20 жылга чейин

 

25

 

 

20 жылдан 25 жылга чейин

 

30

 

 

25 жылдан жогору

 

40

 

 

 

3-таблица.Баткен шаарды өнүктүрүү фондунун кызматкерлеринин

штаттык саны

 

 

№

 

Кызмат орундардын аталышы

 

Фонддун жылдык болжолдуу бюджеттинде

штаттык бирдиктердин саны,

100,0 млн. сомдон ашык

 

 

1

 

Аткаруучу Директор

 

1

 

 

2

 

Башкы бухгалтер

 

1

 

 

3

 

Башкы адис

 

1

 

 

4

 

Жетектөөчү адис

 

1

 

 

5

 

Кызматтык бөлмөлөрдү

тазалоочу (техничка) (*)

 

 

1

 

 

(*) Эскертүү: штаттык бирдик зарылдыгына жараша Фонддун чечими менен киргизилет.

 

8.2.         Баткен шаарды өнүктүрүү фондуна

республикалык жана жергиликтүү бюджеттен

каражаттарды бөлүштүрүү тартиби

 

93.Баткен шаарды өнүктүрүү фондуна республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каражаттар төмөнкүдөй тартипте бөлүштүрүлөт:

- Республикалык бюджеттен бөлүштүрүлүүчү каражаттар:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык, Баткен шаары ири кен чыккан жерлерди иштетүүчүлөрдөн жергиликтүү маанидеги инфраструктураны тейлөөгө чегерүүлөр келип түшкөн аймактардын катарына кирбегендигин эске алып, мамлекеттик финансы, бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекет тарабынан ушундай аймактардын фонддоруна бөлүштүрүүгө республикалык бюджетте каралган, каражаттардын көлөмүнөн;.

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын «Баткен областынын статусу жөнүндө» Мыйзамына ылайык Баткен облустунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Баткен облусуна жылына бөлүнүп берилүүчү 500,0 млн. сом акча каражаттын эсебинен.

- Жергиликтүү бюджеттен бөлүштүрүлүчү каражаттар:

Баткен шаарды өнүктүрүү фондунун Баткен шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган ишмердилүүгүнүн зарылдыгын эске алып жана аны мындан ары өркүндөтүү максатында Баткен шаарынын жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджеттен белгиленген каражаттарды бөлүштүрүп берет.

 

 

Баткен шаарды өнүктүрүү фондуна

республикалык жана жергиликтүү бюджеттен

бөлүнүүчү каражаттардын өлчөмү

 

 

№

 

Бөлүнүүчү каражаттардын

булактары

 

Бөлүнүүчү каражаттардын өлчөмү

 

 

1

 

Республикалык бюджеттен

 

 

50,0 млн.сом

 

2

 

Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жылына каралуучу 500,0 млн. сомду түзгөн

акча каражаттын эсебинен

 

 

50,0 млн.сом

 

3

Баткен шаарынын

жергиликтүү бюджетинен

 

 

20,0 млн.сом

 

 

Жалпысы

 

120,0 млн.сом

 

 

94. Баткен шаарды өнүктүрүү фондуна республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттардын көлөмү, республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен бекитилет.

95. Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жылына каралуучу 500,0 миллион сом акча каражаттын эсебинен Баткен шаарды өнүктүрүү фондуна берилүүчү каражаттын көлөмү, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облустагы ыйгарым укуктуу Өкүлдүн токтому менен бекитилет.

 

96. Баткен шаарды өнүктүрүү фондуна Баткен шаарынын жергиликтүү бюджетинен берилүүчү каражаттын көлөмү, Баткен шаардык кеңештин макулдугу менен Баткен шаарынын мэриясынын токтому менен бекитилет.

97. Мамлекеттик финансы, бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ай сайын Фонддун өтүнмөсүнө ылайык кассалык планды бекитет. Фонд, берилген өтүнмө боюнча кассалык план ачат жана каржылоону ишке ашырат.

98. Фонд, чыгашалардын бекитилген сметасына ылайык республикалык жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен чыгымдарды өз убагында жана толук каржылайт.

99. Фонддогу республикалык бюджеттин каражаттардын калдыктары, учурдагы жыл аяктагандан кийин, республикалык бюджеттке кайтарылат.

Учурдагы жылы Фонддун Байкоочу Кеңеши тарабынан бекитилген, бирок каржыланбаган долбоорлор, келерки жылда Фонддун жылдык бюджетине эске алынууга жана биринчи кезектеги тартипте каржыланууга тийиш.

 

9.      Кызыкчылыктардын кагылышы

 

100. Эгерде, Фонддун Байкоочу Кеңешинин мүчөлөрү, Фонддун Дирекциясынын кызматкерлери, Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоонун алкагында каралып жаткан кандай болбосун долбоорго жеке кызыкчылыгы бар болсо, алар тиешелүү маселени талкулоого жана каралып жаткан учурда жана ал боюнча чечим кабыл алууда, добуш берүүгө катышпашы керек.

 

Жооптуу катчы  Ж.Алдашова