БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2024-жылдын 30-январы № 9
Баткен шаарынын аймагында 2024-жыл ичинде Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен жасалуучу долбоорлорду каржылоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун, 2-пункутчасына жана Баткен шаардык Кеңешинин Бюджет, салык,экономика,инвестиция жана өнөр жай, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын аймагындагы төмөнкү көчөлөр 2024-жыл ичинде Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен жана жергиликтүү бюджеттен каржыланууга макулдук берилсин.
-Баткен шаарынын И.Раззаков көчөсүнө тротуар жана сугат суу ноолорун куруу долбооруна; жергиликтүү бюджет 443506,1 сом, үлүштүк дем берүү гранттан 4 435306,0 сом, жалпы 8870612,1 сом;
-Баткен шаарынын М.Сейдалиев көчөсүнө тротуар жана сугат суу ноолорун куруу долбооруна; жергиликтүү бюджет 3 865594,0 сом, үлүштүк дем берүү гранттан 3 865593,0 сом, жалпы 7731187,0 сом,
-Баткен шаарынын С.Сыдыков көчөсүнө тротуар жана сугат суу ноолорун куруу долбооруна; жергиликтүү бюджет 7 363478,0 сом, үлүштүк дем берүү гранттан 5000000,0 сом, жалпы 12363478,0 сом,
-Баткен шаарынын И.Каюмов көчөсүнө тротуар жана сугат суу ноолорун куруу долбооруна; жергиликтүү бюджет 2673669,0 сом, үлүштүк дем берүү гранттан 300000,0 сом, жалпы 5 673669,0 сомго макулдук берилсин.
2.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
3.Токтом мамлекеттик реестрине катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кенешинин Бюджет, салык, экономика, инвестиция жана өнөр жай, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /А.Таипов/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |