Редакцияот 30.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы

 

2024-жылдын 30-январы № 11

Баткен шаарынын Кызыл-Жол АТОсунун Баткен-Раззаков магистралдык жолунун түндүк тарабындагы КР УКМК чек ара кызматынын  2053  аскер бөлүгү пайдаланып жүргөн 8,0 га “жайыт багытындагы” жер аянтынын  багытын  С-3 багытына

өзгөртүүгө  макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы  №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 20-пунктуна, “Муниципалдык менчикти башкаруу”жөнүндөгү 2002-жылдын 15-мартындагы №37 Мыйзамына ылайык жана   Баткен шаарынын  мэриясынын 2024-жылдын  22-январындагы   № 01-12/136  катынын, Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармасынын 2024-жылдын 19-январындагы №7 кортундусунун, Баткен шаардык Кеңешинин  Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын  2024-жылдын 23-январындагы   кортундусунун  негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги   XXII сессиясы Токтом кылат:

 

1.Баткен шаарынын Кызыл-Жол АТОсунун Баткен-Раззаков магистралдык жолунун түндүк тарабындагы КР УКМК чек ара кызматынын 2053  аскер бөлүгү пайдаланып жүргөн 8,0 га “жайыт багытындагы” жер аянты С-3 “аскер  багытына” которууга (трансформациялоого)  макулдук берилсин.

2.20 кундук мөөнөттө коргоо тилкесин Суу лотокторун калыбына келтирилгенден кийин тиешелүү иш кагаздарынын бүтүмү жасалып берүү жагы шаар мэриясына тапшырылсын

3.Аскер бөлүгүнө бекитилип берилген жер аянтынын тиешелүү иш кагаздарын жүргүзүү жагы  Баткен шаар мэриясына тапшырылсын.

4.Токтом шаар калкына   шаардык Кеңештин  расмий сайты аркылуу жеткирилсин.

 5.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү  үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.

6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Т.Курбанбеков/ тапшырылсын.

 

 

Төрага

А.Аширов