БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2024-жылдын 30-январы № 6
Баткен шаарынын Базар-Башы АТОсунун аймагындагы 0,91 га Ж-1 багытындагы жер аянтын КРнын 83101 куралдуу күчтөрүнө караштуу кызматына бекитип берүүгө жана С-3 багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 20-пунктуна, “Муниципалдык менчикти башкаруу”жөнүндөгү 2002-жылдын 15-мартындагы №37 Мыйзамына ылайык жана Баткен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 17-январындагы № 01-13/91 катынын, Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармасынын 2024-жылдын 19-январындагы №7 кортундусунун, Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 23-январындагы кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын Базар-Башы АТОсунун аймагындагы 0,91 га Ж-1 багытындагы жер аянтын Кыргыз Республикасынын 83101 куралдуу күчтөрүнө караштуу кызматына бекитилип берилүүгө макулдук берилсин.
2.Аталган жер аянты Ж-1 “жеке менчик турак-жай мүлктөр зонасынан” С-3 “аскер бөлүктөрү” багытына которууга макулдукберилсин.
3.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
3.Токтом мамлекеттик реестрине катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Т.Курбанбеков/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |