Редакцияот 30.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы

 

2024-жылдын 30-январы № 13

Баткен шаарынын  Чет-Булак  аймактык башкармалыгынын аймагынан   16,0га (СХ-2) айдоо, жайыт жана шалбаа багытындагы жер аянтын, шаар калкына С-2  көрүстөн үчүн бөлүп берүүгө  макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы  №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 8-пунктуна, жана   Баткен шаарынын  мэриясынын  2023-жылдын  27-декабрындагы № 01-13/3462   катына,   Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын  2024-жылдын 23-январындагы отурумунун кортундусунун  негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги   XXII сессиясы Токтом кылат:

 

1.Баткен шаарынын  Чет-Булак  аймактык башкармалыгынын аймагынан   16,0га (СХ-2) айдоо, жайыт жана шалбаа багытындагы  жер аянты, шаар калкына С-2  көрүстөн үчүн бөлүп берүүгө  макулдук берилсин.

2.Чет - Булак  Аймактык башкармалыгынын  көрүстөн үчүн бөлүнгөн 16 га жер аянтына керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жасап берүү жагы шаар мэриясына  тапшырылсын.

3. Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.

4.Токтом мамлекеттик реестрине катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Т.Курбанбеков/ тапшырылсын.

Төрага

А.Аширов