БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2024-жылдын 30-январы № 17
Баткен шаарынын тургуну Гапаров Кайратбекке таандык С.Садыков көчөсүнүн күн батыш тарабындагы 0,85 га айыл чарба багытындагы жер аянтын Ц-1 “Шаардын борборунун мамлекеттик жана ишкердик” коммерциялык ишмердүүлүк зонасына которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 2-пунктуна, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө, “Баткен шаарынын жер пайдалануу жана курулуш куруу эрежелери жөнүндө” 2006-жылдын 29-марттагы №13 Баткен шаардык Кеңешинин токтомунун 22-статьясына өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында Баткен шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 23-январындагы №01-13/164 катынын, Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жермаселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 23-январындагы кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы Токтом кылат:
1. Баткен шаарынын тургуну Гапаров Кайратбекке таандык С.Садыков көчөсүнүн күн батыш тарабындагы 0,85га айыл чарба багытындагы жер аянтын Ц-1 “Шаардын борборунун мамлекеттик жана ишкердик”коммерциялык ишмердүүлүк зонасына которууга макулдукберилсин.
2.Гапаров Кайратбекке таандык С.Садыков көчөсүнүн күн батыш тарабындагы 0,85га айыл чарба багытындагы жер аянтын Ц-1 “Шаардын борборунун мамлекеттик жана ишкердик”коммерциялык ишмердүүлүк зонасына которууга керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жасап берүү жагы Баткен шаар мэриясына тапшырылсын.
3.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
4.Токтом мамлекеттик реестрге катталуу үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Т.Курбанбеков/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |