Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2024-жылдын 30-январы № 21
Баткен шаарынын Чет-Булак АТОсунун аймагындагы социалдык курулуштары курууга бөлүнгөн 21,0 га муниципалдык жер аянтынан 0,30га жер аянтын Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын –административдик имаратын курууга бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамын 27, 34-беренелерине, Баткен шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 23-декабрындагы №01-13/3420 катына, Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын №280 бүтүмүнө, Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 24-январындагы кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын Чет-Булак АТОсунун аймагындагы социалдык курулуштары курууга бөлүнгөн 21,0га муниципалдык жер аянтынан 0,30га жер аянтын “Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын –административдик имаратын” курууга бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Жер аянтын бөлүп берүгө тиешелүү болгон юридикалык документтерин жасап берүү жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
3.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, суугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Т.Курбанбеков/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |