Редакцияот 30.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы

 

2024-жылдын 30-январы № 24

 Кызыл-Дөң аймактык башкармалыгынын аймагындагы Кызыл-Дөң тоосунун аймагынан 5,0 га “Айыл чарба багытындагы (таштуу жайыт)  жерлер” категориясынан,  коомдук эс алуу аянтчаларын жана панорама куруу үчүн “социалдык мекемелер” багытына которууга (трансформациялоого)

макулдук берүүжөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы ”Жергиликтүү  мамлекеттик

администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 6,7,9 34-берененин 5-пунктуна  “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын 2024-жылдын №01-13/766  бүтүмүнө ылайык Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги   XXII сессиясы Токтом кылат:

 

1.Баткен шаарынын Кызыл-Дөң АБ аймагындагы Кызыл-Дөң тоосунун 5,0 га “Айыл чарба багытындагы (таштуу жайыт)  жерлер” категориясынан,  коомдук эс алуу аянтчаларын жана панорама куруу үчүн “социалдык мекемелер” багытына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2.Жер багытын которууга тиешелүү иш кагаздарын жүргүзүү жагы шаар мэриясына /И.Бурканов/ тапшырылсын

3.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.

4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү  үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Т.Курбанбеков/ тапшырылсын.

 

Төрага

А.Аширов