Редакцияот 30.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы

 

2024-жылдын 30-январы № 25

Баткен  шаарынын  Кызыл-Дөң аймактык башкармалыгынын аймагындагы Кызыл-Дөң тоосуна, коомдук эс алуу  аянтчаларын жана панорама  курууга 

макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы ”Жергиликтүү мамлекеттик

администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө №123 Мыйзамынын 27-беренесинин 6,7,9 34-берененин 5-пунктуна Баткен шаар куруу жана архитектура башкармасынын 2024-жылдын 27-январындагы №21 бүтүмүнө ылайык Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги   XXII сессиясы Токтом кылат:

 

1.Баткен шаарынын Кызыл-Дөң АБ аймагындагы Кызыл-Дөң тоосунун 4,40 га  жер аянтына коомдук эс алуу аянтчаларын жана панорама курууга макулдук берилсин.

         2.Кызыл-Дөң тоосуна коомдук эс алуу аянтчаларын жана панорама  курууга суншталган долбоор бекитилсин.

         3.Долбоор, 2024-жыл ичиндеги жергиликтүү бюджеттен каржыланууга жана инвестиция  аркылуу аткарууга алуу жагы  шаар мэриясына /И.Бурканов/ тапшырылсын.

         4.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу  жеткирилсин.

        5.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү  үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.

       6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Т.Курбанбеков/ тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрага

А.Аширов