БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2024-жылдын 30-январы № 26
Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын тургуну Абдуллаева Батма Ысаковнага таандык 0,50га жер аянтын которууга (трансформациялоо)
макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктун 1-пункутчасына, Баткен шаарынын “Жер пайдалануунун эрежелеринин 22-пунктуна жана Баткен шаар мэриясынын алдындагы ММД 2023-жылдын 31-марттагы №02-6/49 катыны , Баткен шаардык Кеңешинин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы Токтом кылат:
1 Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын тургуну Абдуллаева Батма Ысаковнанын 0,50га өлчөмүндөгү менчик айыл чарба багытындагы жер аянтын “ Айыл чарба” категориясынан таштуу жайыт түрүнөн “Медициналык борбор куруу үчүн”, “Калктуу конуштар” категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин.
2. Б.Ы.Абдуллаеванын жеке менчик жерине керектүү болгон юридикалык иш кагаздарын жасап берүү жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
3. Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин
4.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармасына жиберилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына / Курбанбеков Т/ тапшырылсын.
Төрага | А.Аширов |