Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 9-январы № 1
Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагы Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районунун Молдо Нияз айыл аймагы деп кайра аталсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Назаралиев айыл аймагы Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагы деп кайра аталсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагынын Дөш айылы Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагынын Тынчтык айылы деп кайра аталсын.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагынын Дүкүр айылы Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагынын Достук айылы деп кайра аталсын.
5-берене.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Сайдыкум айым аймагынын Чек айылы Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагынын Ынтымак айылы деп кайра аталсын.
6-берене.
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ырдык айыл аймагынын Комсомольское айылы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ырдык айыл аймагынын Кытай айылы деп кайра аталсын.
7-берене.
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Семеновка айыл аймагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кожояр айыл аймагы деп кайра аталсын.
8-берене.
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Семеновка айыл аймагынын Семеновка айылы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кожояр айыл аймагынын Кожояр-Ата айылы деп кайра аталсын.
9-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 29-ноябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |