Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 7-февралы № 1864-VII
Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына Алыбаев Таалайбек Джуманазаровичти бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 6 жана 8-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө Алыбаев Таалайбек Джуманазарович Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына бекитилсин.
2. "Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 22-июнундагы № 351-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Алыбаев Таалайбек Джуманазарович;".
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрагасынын орун басары |
| Н.Сыдыгалиев |