Сравнение редакций…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 58 токтомуна) |
Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) электрондук формада мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишин токтотууну каттоо ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) электрондук формада мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишин токтотууну каттоо тартиби (мындан ары - Тартип) Интернет маалыматтык-коммуникациялык тармагы аркылуу "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) электрондук каттоо, кайра каттоо жана ишин токтотууну каттоо" маалыматтык системасын пайдалануу менен юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишин токтотууну каттоо тартибин аныктайт.
Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) электрондук формада мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишин токтотууну каттоо (мындан ары - онлайн каттоо (кайра каттоо), ишин токтотууну онлайн каттоо) юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга жана ушул Тартипке ылайык жүргүзүлөт.
2. Бул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) электрондук каттоо, кайра каттоо жана ишин токтотууну каттоо" маалыматтык системасы - Интернет маалыматтык-коммуникациялык тармагы (мындан ары - маалыматтык система) аркылуу юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоого (кайра каттоого) жана ишин токтотууну каттоого байланышкан арыздарды жана маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана кароо процесстерин автоматташтырууга арналган маалыматтык система;
2) арыз ээси - юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык арыз ээси катары чыгууга ыйгарым укуктуу адам;
3) каттоочу орган - юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоону (кайра каттоону) жана ишин токтотууну каттоону жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын аймактык органдары;
4) каттоочу - юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишин токтотууну каттоо боюнча арыздарды жана маалыматтарды маалыматтык системаны пайдалануу менен юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүү предметине карата кароого ыйгарым укуктуу каттоочу органдын кызматкери;
5) электрондук кол тамга - электрондук формадагы башка маалыматка кошулган жана (же) аны менен логикалык жактан байланышкан, маалыматка кол койгон адамды аныктоо үчүн колдонулган электрондук формадагы маалымат.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоодо (кайра каттоодо) жана ишин токтотууну каттоодо электрондук документтерди, кагаз түрүндөгү электрондук форматтарды, электрондук кол тамгаларды түзүү жана пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу жана электрондук кол тамга чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
4. Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) онлайн каттоо (кайра каттоо) жана ишин токтотууну онлайн каттоо үчүн арыз ээсинде маалыматтык системада документтерге кол коюуга мүмкүндүк берген булут электрондук кол тамганын болушу зарыл.
5. Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоо (кайра каттоо) жана ишин токтотууну онлайн каттоо үчүн документтер каттоочу органга кагаз түрүндө электрондук форматта берилет.
Кагаз түрүндөгү электрондук үлгү ушул Тартиптин 5-главасында каралган тартипте техникалык каражаттардын жардамы менен түзүлөт.
6. Нотариат чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык нотариустар юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) онлайн каттоо (кайра каттоо) жана ишин токтотууну каттоо үчүн документтерди берүү укугуна ээ.
Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоого (кайра каттоого) жана ишин токтотууну каттоого нотариус тарабынан документтерди берүүдө ишеним кат талап кылынбайт.
2-глава. Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) онлайн каттоо, кайра каттоо жана ишин токтотууну каттоо тартиби
7. Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) онлайн каттоо үчүн арыз ээси каттоо арызынын тиешелүү электрондук формасын толтурат, анда арыз ээси жана катталуучу юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) жөнүндө төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
1) арыз ээсинин статусу (уюштуруучу, жетекчи, ишеним каттын негизинде аракеттенген кол коюу укугу бар ишенимдүү адам, нотариус);
2) уюмдун түрү (коммерциялык, коммерциялык эмес);
3) уюштуруучулук-укуктук формасы;
4) мамлекеттик, расмий жана/же англис тилдериндеги толук жана кыскартылган фирмалык аталышы;
5) менчиктин формасы (мамлекеттик, жеке, муниципалдык, аралаш жана башка);
6) уставдык капиталдын (пайлык фонддун) өлчөмү;
7) юридикалык жактын финансылык-кредиттик уюм болуп саналгандыгы жөнүндө маалымат;
8) салыктык режим жөнүндө маалымат жана бухгалтердин фамилиясы, аты, атасынын аты;
9) жетекчи жөнүндө маалыматтар (идентификациялык жеке номери (мындан ары - ИЖН), жарандыгы);
10) уюштуруучулар жөнүндө маалыматтар (уюштуруучу - жеке жактын жарандыгы, паспорттук маалыматтары, жашаган жери, ИЖН, уюштуруучу - юридикалык жактын идентификациялык салык номери (мындан ары - ИСН), толук фирмалык аталышы, юридикалык жактын уставдык капиталындагы (пайлык фондундагы) салымынын жана үлүшүнүн (пайынын) өлчөмү);
11) экономикалык иштин түрлөрүнүн мамлекеттик классификаторуна ылайык экономикалык иштин негизги түрү;
12) Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдиктерин белгилөө системасына ылайык юридикалык дареги;
13) электрондук дареги жана байланыш маалыматтары.
8. Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) онлайн кайра каттоо үчүн арыз ээси каттоо арызынын электрондук формасына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет, анда катталуучу юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) жөнүндө төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
1) уюмдун түрү (коммерциялык, коммерциялык эмес);
2) уюштуруучулук-укуктук формасы;
3) мамлекеттик, расмий жана/же англис тилдериндеги толук жана кыскартылган фирмалык аталышы;
4) менчиктин формасы (мамлекеттик, жеке, муниципалдык, аралаш жана башка);
5) уставдык капиталдын (пайлык фонддун) өлчөмү;
6) юридикалык жактын финансылык-кредиттик уюм болуп санала тургандыгы жөнүндө маалымат;
7) жетекчиси жөнүндө маалыматтар (ИЖН, жарандыгы);
8) уюштуруучулар жөнүндө маалыматтар (жарандыгы, паспорттук маалыматтары, жашаган жери, уюштуруучу - жеке жактын ИЖН, толук фирмалык аталышы, уюштуруучу - юридикалык жактын идентификациялык салык номери, юридикалык жактын уставдык капиталындагы (пайлык фондундагы) салымынын жана үлүшүнүн (пайынын) өлчөмү);
9) экономикалык иштин түрлөрүнүн мамлекеттик классификаторуна ылайык экономикалык иштин негизги түрү;
10) Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдиктерин белгилөө системасына ылайык юридикалык дареги.
9. Каттоо арызынын электрондук формасын толтургандан кийин арыз ээси ушул Тартиптин 3-главасында көрсөтүлгөн тизмекке ылайык документтердин электрондук форматын тиркейт, арызга электрондук кол тамга коёт жана маалыматтык система аркылуу каттоочу органга жөнөтөт.
10. Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) ишин онлайн токтотуу үчүн арыз ээси арыз ээсинин (жоюучу же жоюу комиссиясынын төрагасы) статусун көрсөтөт, ушул Тартиптин 3-главасында көрсөтүлгөн тизмекке ылайык документтердин электрондук форматтарын тиркейт, арызга электрондук кол тамга коёт жана маалыматтык система аркылуу каттоочу органга жөнөтөт.
11. Эгерде электрондук формада берилген документте бир нече адамдын (уюштуруучулардын, кызмат адамдарынын) кол тамгасынын болушу талап кылынса, мындай адамдардын ар бири мындай документке өзүнүн электрондук кол тамгасы менен кол коёт.
12. Каттоо арызынын электрондук формасы арыз ээси толтурушу милдеттүү да, милдеттүү эмес да графаларды камтыйт. Мында толтуруу үчүн милдеттүү графалар "*" символу менен көрсөтүлгөн.
Арыздын милдеттүү графалары туура эмес жана (же) толук эмес толтурулган учурда маалыматтык система тарабынан баш тартуунун негиздерин көрсөтүү менен арызды кабыл алуудан баш тартылат.
13. Арыз жөнөтүлгөндөн кийин маалыматтык система автоматтык режимде арыз ээсине кабыл алынган датасын жана убактысын көрсөтүү менен каттоо органы тарабынан арыздын кабыл алынгандыгы жөнүндө кабарлайт.
14. Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) онлайн каттоо (кайра каттоо) жана ишин токтотууну каттоо юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык каралган мөөнөттөрдө жүргүзүлөт.
Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) каттоо (кайра каттоо) жана ишин токтотууну каттоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген башка мөөнөттөрдө жүргүзүлүшү мүмкүн.
15. Арыз ээси арызды кароонун кайсы стадиясында болбосун, каттоочу орган тарабынан мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишин токтотууну каттоо жөнүндө же мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) жана ишин токтотууну каттоодон баш тартуу жөнүндө буйрук чыкканга чейин аны чакыртып алууга укуктуу.
3-глава. Арызга тиркелүүчү документтердин электрондук форматтарынын тизмеги
16. Юридикалык жакты онлайн каттоо үчүн арыз ээси арызга төмөнкү документтердин тиешелүү электрондук форматтарын тиркейт:
1) эгерде аталган адамдар чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар болсо, паспорт же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруучунун (уюштуруучулардын), жетекчинин, арыз ээсинин жана (же) ишенимдүү адамдын инсандыгын ырастоочу документ катары таанылуучу башка документ;
2) уюштуруучу (уюштуруучулар), жетекчи тарабынан берилген нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат;
3) мамлекеттик реестрден легалдаштырылган көчүрмө же уюштуруучунун - чет өлкөлүк юридикалык жактын өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча иштегендигин ырастоочу башка документ;
4) менчик ээсинин (пайдалануучунун), ижарачынын же башка ыйгарым укуктуу жактын макулдугунун формасы же тиешелүү мүлктүк жалдоо келишими же башка келишим;
5) юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык башка документтер.
17. Коммерциялык эмес уюмду онлайн каттоо үчүн арыз ээси арызга төмөнкү документтердин тиешелүү электрондук форматтарын кошумча тиркейт:
1) жетекчинин колу коюлган устав;
2) уюштуруу келишими (юридикалык жактардын бирикмеси жана адвокаттар коллегиясы үчүн);
3) дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда эсептик каттоодон өткөндүгүн ырастаган документ (диний уюмдар жана диний окуу жайлар үчүн);
4) саясий партиянын программасы (саясий партия үчүн);
5) коммерциялык эмес уюмдун жетектөөчү органдарынын мүчөлөрүнүн тизмеси;
6) коммерциялык эмес уюмду түзүүчү уюштуруучуларынын тизмеси же демилгечи-жарандардын тизмеси (турак жай менчик ээлеринин шериктиктери үчүн);
7) турак жай менчик ээлеринин шериктигинин уюштуруу чогулушуна катышкан көп батирлүү үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин тизмеси (турак жай менчик ээлеринин шериктиктери үчүн);
8) юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык башка документтер.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн тизмелерди тариздөөгө карата талаптар жана аларга кол коюу эрежелери юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен аныкталган.
18. Финансылык-кредиттик мекемени онлайн каттоо үчүн арыз ээси арызга төмөнкү документтердин электрондук форматтарын кошумча тиркейт:
1) жетекчинин колу коюлган устав;
2) финансылык-кредиттик мекеменин бардык уюштуруучуларынын колу коюлган уюштуруу келишими;
3) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын же анын аймактык бөлүмүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу;
4) юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык башка документтер.
19. Филиалды (өкүлчүлүктү) онлайн каттоо үчүн арыз ээси арызга төмөнкү документтердин тиешелүү электрондук форматтарын кошумча тиркейт:
1) бекитилген жобо (чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү), финансылык-кредиттик мекемелери үчүн);
2) филиалды (өкүлчүлүктү) түзүү жөнүндө чечим кабыл алган чет өлкөлүк же эл аралык уюмдун уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү;
3) мамлекеттик реестрден легалдаштырылган көчүрмө же уюштуруучу - чет өлкөлүк юридикалык жактын өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча иштегендигин ырастоочу башка документ;

20. Юридикалык жакты онлайн кайра каттоо үчүн арыз ээси арызга төмөнкү документтердин электрондук форматтарын тиркейт:
1) катышуучу (катышуучулар) өзүнүн үлүшүн ээликтен ажыратуу же катышуучунун (катышуучулардын) үлүшүнүн өлчөмү өзгөргөнүнө байланыштуу үлүштү ээликтен ажыратуу жөнүндө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн келишим (чарбалык шериктештик жана коом үчүн (акционердик коомду кошпогондо);
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 178 "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобо күчүнө киргенге чейин катталган юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо же кайра каттоо жөнүндө күбөлүк;
3) каттоо жыйымынын жана төлөмдүн төлөнгөндүгүн ырастоочу документ (маалымат);

21. Финансылык-кредиттик мекемени жана коммерциялык эмес уюмду онлайн кайра каттоо үчүн арыз ээси арызга төмөнкү документтердин электрондук форматтарын кошумча тиркейт:
1) мурдагы уюштуруу документтери (жоголгон учурларды кошпогондо);
2) жаңы редакциядагы же киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен уюштуруу документтери;
3) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын же анын аймактык бөлүмүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу (финансылык-кредиттик мекеме үчүн);
4) жаңы катышуучуну киргизүү жөнүндө чечим (коомдук фонд, мекеме же топтолмо пенсиялык фонд үчүн);
5) катышуучунун чыгуу жөнүндө арызы (коомдук фонд, мекеме же топтолмо пенсиялык фонд үчүн);
6) юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык башка документтер.
22. Филиалды (өкүлчүлүктү) онлайн кайра каттоо үчүн арыз ээси арызга төмөнкү документтердин тиешелүү электрондук форматтарын кошумча тиркейт:
1) мурдагы жобо (жоголгон учурларды кошпогондо);
2) жаңы редакциядагы же киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен жобо;
3) юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык башка документтер.
23. Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) ишин токтотууну онлайн каттоо үчүн арыз ээси төмөнкү документтердин тиешелүү электрондук форматтарын тиркейт:
1) юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) жоюу жөнүндө юридикалык жактын органынын чечими;

3) устав (финансылык-кредиттик мекемелер жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн);
4) мөөрдү жана (же) штампты тапшыруу жөнүндө кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы;
5) жоюу балансын бекитүү жөнүндө чечим (юридикалык жактар үчүн);
6) жоюлуп жаткан юридикалык жактын архивдик документтери сакталуучу жер жөнүндө мамлекеттик архив фондунун корутундусу;
7) жобо (чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү), финансылык-кредиттик мекемелери үчүн);

24. Идентификациядан кийин арыз ээсинин маалыматтары "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалыматтарды алуу менен автоматтык түрдө толтурулат.
25. Арыз ээси юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) онлайн каттоого (кайра каттоого) жана ишин токтотууну каттоого арыз бергенде банк мекемеси, POS-терминалдар, электрондук капчык жана/же мобилдик банкинг аркылуу мыйзамда белгиленген өлчөмдө накталай же накталай эмес формада каттоо жыйымын киргизет жана каттоо жыйымынын жана маалымат системасындагы төлөмдүн төлөнгөндүгүн ырастоочу документти (маалыматты) тиркейт.
26. Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) онлайн кайра каттоо же ишин токтотууну онлайн каттоо учурунда төмөнкүлөр жараксыз деп эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 178 "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобо күчүнө киргенге чейин катталган юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо же кайра каттоо жөнүндө күбөлүк;
- устав (финансылык-кредиттик мекемелер жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн);
- жобо (финансылык-кредиттик мекемелердин, чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) үчүн).
Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) онлайн кайра каттоодон же ишин токтотууну онлайн каттоодон өткөргөндөн кийин арыз ээси тиешелүү буйрук чыккан күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде каттоочу органга жогоруда аталган документтерди берүүгө милдеттүү.
27. Фирмалык аталыштын өзгөргөндүгүнө байланыштуу онлайн кайра каттоодо, ошондой эле юридикалык жакты, филиалдын (өкүлчүлүктүн) ишин токтотууну онлайн каттоодо арыз берүүчү арыз бергенге чейин кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын түзүү менен каттоочу органга мөөрлөрдү жана (же) штамптарды тапшырууга милдеттүү.
28. Мөөр жана (же) штамп болбогон учурда арыз ээси фирмалык аталышы өзгөргөндүгүнө же жоюлуп жаткандыгына байланыштуу кайра катталуучу юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) жетекчисинин колу коюлган мөөрдүн жана (же) штамптын жоктугу жөнүндө кепилдик катын кошумча тиркейт.
4-глава. Арыздарды кароо жана чечимдерди кабыл алуу тартиби
29. Арызды кабыл алган учурдан тартып каттоочу белгиленген мөөнөттөрдө төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) берилген документтердин мыйзамдарга шайкештигине экспертиза жүргүзүү;
2) юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишин токтотуунун каттоо үчүн зарыл болгон документтердин тизмегинин болушун жана аларда камтылган маалыматтардын так эместиктерин же дал келбестиктерин текшерүү;
3) изделип жаткан адамдардын тизмесинде (улуттук жана эл аралык) жана Кыргыз Республикасынын жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин жыйынды санкциялык тизмектеринде арыз ээсинин, жетекчинин, уюштуруучунун (уюштуруучулардын), түзүлүп жаткан юридикалык жактын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, катышуучусунун (акционеринин) бар же жок экендигин текшерүү.
30. Арызды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча каттоочу тарабынан төмөнкү буйруктардын долбоорлорунун бири түзүлөт:
1) юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо, кайра каттоо же ишин токтотууну каттоо жөнүндө;
2) юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоодон, кайра каттоодон же ишин токтотууну каттоодон баш тартуу жөнүндө;
3) юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо, кайра каттоо же ишин токтотууну каттоо мөөнөтүн үзгүлтүккө учуратуу жөнүндө.
31. Каттоочунун буйругунун долбоору менен макул болбогон учурда жетекчи же буйрукка кол коюуга ыйгарым укуктуу адам юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген мөөнөттүн ичинде макул эместигинин негиздерин көрсөтүү менен аны каттоочуга кайтарып берет.
32. Каттоочу органдын буйруктары буйруктарды эсепке алуу журналына катталууга тийиш.
33. Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо жөнүндө буйрук каттоо номерин ишканалардын жана уюмдардын жалпы республикалык классификаторунун кодун жана "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча ИСНди андан ары ыйгаруу үчүн Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрине маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп саналат.
34. Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) онлайн каттоодо (кайра каттоодо) жана ишин токтотууну каттоодо мамлекеттик органдардын маалыматтык системалары менен өз ара аракеттенүү "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу жүргүзүлөт.
35. Каттоочу орган юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө буйрук чыккандан кийин төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) арыз ээсине белгиленген формадагы маалымкаттын (күбөлүктүн) электрондук формасын каттоо арызында көрсөтүлгөн электрондук дарекке же башка мессенджерлер аркылуу жөнөтүүгө, ал эми юридикалык жактын талабы боюнча басма (кагаз) түрүндө берүүгө;
2) арыз ээсине уюштуруу документтеринин бирден нускасын (финансылык-кредиттик жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн) электрондук дарекке же каттоо арызында көрсөтүлгөн башка мессенджерлер аркылуу жөнөтүүгө, ал эми юридикалык жактын талабы боюнча басма (кагаз) түрүндө берүүгө;
3) берилген каттоо документтеринин бирден нускасын кагаз жана электрондук алып жүрүүчүдө камтыган юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) каттоо ишин тариздөөгө, аны каттоочу органдын архивине 3 жумуш күндүн ичинде өткөрүп берүүгө.
36. Юридикалык жакты, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун (кайра каттоонун) жана ишин токтотууну каттоонун датасы каттоочу органдын тиешелүү буйругу чыккан дата болуп эсептелет.
37. Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) жана ишин токтотууну каттоодон баш тартууга төмөнкү учурларда жол берилет:
- мамлекеттик кайра каттоого жана ишин токтотууну каттоого тыюу салуу жөнүндө соттун, тергөөчүнүн, соттук аткаруучунун актысы болгондо;
- изделип жаткан адамдардын тизмесине (улуттук жана эл аралык), Кыргыз Республикасынын жыйынды Санкциялык тизмегине жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин жыйынды санкциялык тизмегине киргизилген юридикалык жактардын уюштуруучулары, жетекчилери, арыз ээлери жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болгон жактар аныкталганда:
- берилген документтерде камтылган маалыматтарда так эместиктер же дал келбестиктер аныкталганда;
- берилген документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келбесе;
- юридикалык жактын фирмалык аталышы жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоонун элементтерин, ошондой эле туура эмес жана уят сөздөрдү камтыса;
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоодо мөөнөттүн тыныгуусу жөнүндө буйрукта көрсөтүлгөн сын-пикирлер арыз ээси тарабынан жоюлбаса.
38. Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) жана ишин токтотууну каттоодон баш тартуу жөнүндө каттоочу органдын чечими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине милдеттүү шилтеме берүү менен баш тартуунун негиздерин камтууга тийиш.
Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) жана ишин токтотууну каттоодон негизсиз баш тартуу же анын кечиктирилиши административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарга ылайык даттанылышы мүмкүн.
39. Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) каттоо (кайра каттоо) жана ишин токтотууну каттоо мөөнөтү каттоочу орган тарабынан буйрук чыгаруу жана каттоо мөөнөтүнүн ичинде аныкталган сын-пикирлерди жоюу үчүн тиешелүү документтерди арыз ээсине кайтаруу жолу менен төмөнкү учурларда токтотулат:
- юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жана ишин токтотууну каттоо үчүн ушул Жободо белгиленген документтер берилбесе;
- берилген документтерде камтылган маалыматтарда так эместиктер же дал келбестиктер аныкталса;

- эгерде юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) фирмалык аталышында жыныстык белгилери, расасы, тили, майыптуулугу, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоо элементтерин, ошондой эле туура эмес жана уят сөздөрдү камтыса.
40. Арыз ээси 3 (үч) жумуш күндүн ичинде каттоочу орган аныктаган кемчиликтерди жоюуга жана арызды кароого кайра жиберүүгө укуктуу. Ошол эле учурда кемчиликтерди жоюу мезгили каттоо үчүн белгиленген мөөнөткө кирбейт.
41. Кайрадан келип түшкөн арызды кароонун жыйынтыгы боюнча каттоочу орган юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрдө юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) же ишин токтотууну каттоо же юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) же ишин токтотууну каттоодон баш тартуу жөнүндө буйрукту чыгарат.
5-глава. Онлайн каттоо (кайра каттоо) жана ишин токтотууну каттоо үчүн документти электрондук форматта түзүүгө карата талаптар
42. Документти кагаз түрүндө сканерлөө же сүрөткө тартуу 1:1 масштабында кара-ак же боз түстө (сапаты дюймга 200-300 чекит), түп нусканын бардык реквизиттерин жана аутенттүүлүк белгилерин, тактап айтканда: адамдын графикалык кол тамгасы, бланктагы мөөрдүн жана бурчтуу штамптын (бар болсо) сакталышын камсыздоо менен жүргүзүлүүгө тийиш.
Документте түстүү графикалык сүрөттөр же түстүү текст болгондо, эгерде бул мамлекеттик каттоо үчүн мааниге ээ болсо, сканерлөө же сүрөткө тартуу толук түс берүү режиминде жүргүзүлөт.
43. Документтин электрондук форматынын файлы PDF форматында (текстти көчүрүү мүмкүнчүлүгү менен) болууга тийиш. Ар бир файлдын өлчөмү 10 Мбдан ашпоого тийиш.
44. Башында электрондук формада түзүлгөн документтер алдын ала документтештирбестен кагаз түрүндө, электрондук колтамга коюлган форматта берилиши мүмкүн.
Документтердин файлдары төмөнкү форматтарда берилиши мүмкүн:
- тексттик мазмуну менен документтер үчүн - PDF, RTF, DOC, DOCX, XLS, XLSX, ODT;
- графикалык мазмундагы документтер үчүн - PDF, JPEG (JPG), PNG, TIFF.
45. Ар бир өзүнчө документ өзүнчө файл түрүндө берилүүгө тийиш. Файлдын аталышы документти жана документтеги барактардын санын идентификациялоого мүмкүндүк берүүгө тийиш.
46. Документтердеги файлдар жана маалыматтар мамлекеттик каттоонун жүрүшүндө алар менен иш-аракеттерди жүргүзүүгө жеткиликтүү болууга жана электрондук форматта көчүрүүдөн жана басып чыгаруудан корголбоого тийиш.
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 257 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ