Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
28- чакырылышынын 5-сессиясы
2022-жылдын 20-майы № 5-28/26
Жаңы-Жер айыл аймагындагы көчөнүн атын өзгөртүү жөнүндө
Мичурин атындагы көчөнүн атын Кулназаров Сакбо көчөсү деп өзгөртүү жөнүндө аталган С. Кулназарованын жакындарынын жана жашоочулардын кайрылуусун угуп, талкуулап
Жаңы-Жер айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Жаны-Жер айылында жайгашкан Мичурин көчөсүн Кулназаров Сакбо атына өзгөртүлсүн.
2. Көчөнүн атын өзгөртүүгө жана документтерди алмаштырууга байланышкан бардык чыгымдарды Кулназаров Сакбонун үй-бүлөсүнүн эсебинен төлөнсүн.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестиринен каттоодон өткөн күндөн тартып күчүнө кирет.
Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы |
Ж.Казаков |