ТАМГА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы
2024-жылдын 19-январы № 2
Тамга айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн
эсебиндеги эркин калдык жѳнүндѳ
Айыл ѳкмѳтүнүн финансы-экономикалык бѳлүмүнүн башчысы М.Байтерековдун айыл ѳкмѳтүнүн эсебиндеги жыл аягына эркин калдык жѳнүндѳгү билдирүүсүн угуп, талкуулап эл депутаттарынын Тамга айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги I- сессиясы
токтом кылат:
1. Жергиликтүү бюджетиндеги 2024-жылдын 1-январына эркин калдык 4 269 161 (тѳрт миллион эки жүз алтымыш тогуз миң бир жүз алтымыш бир) сом ѳлчѳмүндѳ жүргүзүлсүн.
2. Жергиликтүү бюджеттен 2024-жылдын 1-январына 4 269 161 (тѳрт миллион эки жүз алтымыш тогуз миң бир жүз алтымыш бир) сом “Жайыт” жана “Комуналдык турак жай чарбасында” жүргүзүлсүн.
3. Каралган акча каражаттарын бекитип берүү жагы райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу агенттигининрасмий веб-сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
5.Токтомдун аткарылышын камсыздоону Тамга айылдык аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы Т.Баямановго жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин алдындагы финансы-экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Тѳрага А.Букаров