Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 15-февралы № 45
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 14-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 215-беренеде:
а) 4-пунктта "конституциялык," деген сөз алып салынсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6) ишти чечүүдө колдонулган же колдонулууга тийиш болгон мыйзамдын жана/же башка ченемдик укуктук актынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө кайрылууну (сунуштаманы, өтүнүчтү, суроо-талапты) өзүнүн кароосуна кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун актысын алганда.";
2) 216-берененин 7-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 217-берененин 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) ушул Кодекстин 215-беренесинин 6-пунктунда каралган учурларда - Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту кайрылууну (сунуштаманы, өтүнүчтү, суроо-талапты) караганга чейин;".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 27-декабрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |