КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXXVI кезексиз сессиясы
2024-жылдын 1-февралы №28-36/5
Корольков атындагы кѳчѳсʏн Мойт аке атындагы кѳчѳсʏ деп ѳзгѳртʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын №5 аймактык башкармалыгынын, Корольков атн.кѳчѳсʏнʏн жашоочуларынын жыйналыштарынын протоколдорун карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин Президиумунун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын XXXVI сессиясы
токтом кылат:
1. Каракол шаардык Кенешинин, 2004-жылдын 3-июнундагы №24-10/11 “Каракол шаарынын кѳчѳлѳрʏнʏн атын ѳзгѳртʏʏнʏн тартибин жѳнгѳ салуу жѳнʏндѳ” токтомунун №1 тиркемесине ылайык, ѳзгѳчѳ тартипте, Корольков кѳчѳсʏ атын ѳзгѳртʏʏгѳ жатпай турган кѳчѳлѳрдʏн тизмесинен чыгарылсын.
2. Корольков атн кѳчѳсʏ Мойт Аке атн кѳчѳсʏ деп аталсын.
3. Демилгелʏʏ топ:
-кѳчѳнʏ кѳрктѳндʏрʏʏ, жашылдандыруу иштерине ар тараптан кѳмѳк кѳрсѳтʏшсʏн;
-“Каракол шаарынын линиялык жана локалдык транспорттук обьектилерин, кѳчѳлѳргѳ, аянттарга жана башка аймактарга ат коюунун, атын ѳзгѳртʏʏнʏн жана жаңы ысымдарды ыйгаруу тартиби жѳнʏндѳ” Жобонун 10,11-беренесинин бардык зарыл болгон талаптарын аткарсын.
4. Бул токтом ушул токтомдун 3-пункту аткарылгандан кийин кʏчʏнѳ кирет.
5. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6. Токтом ММКларга жарыялангандан кийин кʏчʏнѳ кирет.
7. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишкердʏʏлʏк боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи-вице мэрине жʏктѳлсʏн.
Тѳрага Т.Ж.Акимканов