МАЙМАК АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Маймак айылдык аймактык кеңешинин VIII-чакырылышынын депутаттарынын кезектеги № XXVIII сессиясы
2024-жылдын 12-январы № 1
Маймак айыл өкмөтүнүн карамагына Маймак айылынын жаштары жалпы элдин суранычынын негизинде айылдык китепкана ачуу боюнча Маймак айылдык кеңеши төмөндөгүдөй;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Маймак айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин жана жалпы элдин катышуусундагы жыйында көпчүлүктүн жактыруусунун негизинде айылга китепкана деген бөлүм ачылсын.
Штаттык бирдиктери 2 бирдиктен: 1 китепкана башчысы, 1 эден жуугуч-кароолчу болуп бекитилсин.
Айлык акысы жана китеп фонду Айтматов райондук финансы башкармалыгы тарабынан карап берүүсү суралсын.
Имаратын камсыздоо маселеси айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Жогорудагы токтомду аткаруу милдети айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
Маймак айылдык кеңешинин төрагасы |
| Дж.А.Кудайбергенов |