Редакцияот 12.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ

 

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 12-февралы № 13

 

Кең-Арал айыл аймагынын 2024-2028-жылдарга карата старатегиялык

планын бекитүү жөнүндө

 

Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Алымкуловдун айыл аймагынын 2024-2028-жылдарга карата старатегиялык планын бекитүүжөнүндө сунушун карап чыгып Кең-Арал айылдык аймактык кенешинин VIII чакырылынынын кезексиз 2-сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Алымкуловдун айыл аймагынын 2024-2028-жылдарга карата старатегиялык планын бекитилсин. (1-тиркеме)

2. Токтомдун талаптарын  аткаруу жагы Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Алымкуловго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

Б.Токонов

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

   

 

Талас облусу Бакай-Ата району

Кен-Арал айыл аймагы

Кен-Арал айылдык кеңешинин

VIII чакырылышынын

сессиясында бекитилген

Токтом № 13 12.02.2024ж.

 

 

 

 

 

 

 

 

КЕҢ-АРАЛ

АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН ТУРУКТУУ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА

СТРАТЕГИЯЛЫК ДОКУМЕНТИ

 

 

 

 

  

 

 

 

 

 

Кен-Арал 2024-2028-ж.

 

 

 

 

 

 

Айыл аймактын өнүктүрүү стратегиясы

 

Киришүү

 

Кең-Арал айылы Талас областынын Бакай-Ата районунда жайгашка Кен-Арал айылы 136,7 миң кв. метрди түзөт. Райондун борборуна чейинки аралык 34 км, ал эми Талас областын борборуна чейинки аралык 3км жакынкы темир жол байланышына чейин 118 км түзөт. Дениз денгээлинен 1150 м бийиктикте турат. Калкынын саны 3855 адам жана 602 түтүндү камтыйт. Кең-Арал айылынын социалдык жана экономикалык абалы орто.

Талас -Тараз чоң жолунда жайгашкан.

Бул стратегия өлкөнүн өнүгүү стратегиясына толугу менен шайкеш келет, анткени ал дагы экономиканы өнүктүрүү маселелерин камтыйт жана жергиликтүү экономиканын өнүгүүсү башкаруу жана колдоо үчүн жергиликтүү потенциалды түзгөнгө өбөлгө боло алат.

 

Кен-Арал айылы- интелекти бийик атуулдардын мекени.

- Кен-Арал айылынын алдынкы үлгүлүү тургундары ар тараптан айылга өз

салымдарын кошуп келет;

-Кыргыз Республикасынын маданиятына, адабиятына эмгек синирген атуулдары жана ошондой эле спорт чөйрөсүндө белгилүү адамдар чыгып келечек жаш өспүрүмдөрдү дени сак жашоого үндөп, тарбиялап өз салымдарын кошуп келүүдө.

Кен-Арал айылы үлгүлүү айылдардын бири: бирок ошого карабастан өнүгө албай жаткан кемчиликтер дагы жок эмес, бүгүнкү күндүн талабына ылайык заманбап жашоонун негизинде өнүгүшүбүз керек. Себеби, технология өнүгүп айыл аймакка жакшы шарттар түзүлүүдө.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Айыл аймактын өнүктүрүү стратегиясы

 

Киришүү

 

Кең-Арал айылы Талас областынын Бакай-Ата районунда жайгашка Кен-Арал айылы 136,7 миң кв. метрди түзөт. Райондун борборуна чейинки аралык 34 км, ал эми Талас областын борборуна чейинки аралык 3км жакынкы темир жол байланышына чейин 118 км түзөт. Дениз денгээлинен 1150 м бийиктикте турат. Калкынын саны 3855 адам жана 602 түтүндү камтыйт. Кең-Арал айылынын социалдык жана экономикалык абалы орто.

Талас -Тараз чоң жолунда жайгашкан.

Бул стратегия өлкөнүн өнүгүү стратегиясына толугу менен шайкеш келет, анткени ал дагы экономиканы өнүктүрүү маселелерин камтыйт жана жергиликтүү экономиканын өнүгүүсү башкаруу жана колдоо үчүн жергиликтүү потенциалды түзгөнгө өбөлгө боло алат.

 

Кен-Арал айылы- интелекти бийик атуулдардын мекени.

- Кен-Арал айылынын алдынкы үлгүлүү тургундары ар тараптан айылга өз

салымдарын кошуп келет;

-Кыргыз Республикасынын маданиятына, адабиятына эмгек синирген атуулдары жана ошондой эле спорт чөйрөсүндө белгилүү адамдар чыгып келечек жаш өспүрүмдөрдү дени сак жашоого үндөп, тарбиялап өз салымдарын кошуп келүүдө.

Кен-Арал айылы үлгүлүү айылдардын бири: бирок ошого карабастан өнүгө албай жаткан кемчиликтер дагы жок эмес, бүгүнкү күндүн талабына ылайык заманбап жашоонун негизинде өнүгүшүбүз керек. Себеби, технология өнүгүп айыл аймакка жакшы шарттар түзүлүүдө.  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Элес

 

 

Кең-Арал айыл аймагы – Адам укугун сактаган жагымдуу жашоо чөйрөсүн камсыздаган, билимдүү маданияттуу,таланттуу, активдүү бакубат жашоо кечирген атуулдардын мекени.

 

2024-2028жж

Айыл өкмөтүнүн кеңсеси жаңыртылып заманбап технологиялар менен камсыздалган; 

Билим тармагында- жаш өспүрүмдөр билимге кызыккан интелектуалдык жана моралдык денгээли бийик келечек адистердин айылы; 

Жаштардын маданияты, тарбиясы жогору руханий дүйнөсү бай жарандарды камтыйт; 

Спорт жактан алдынкы көрсөткүчтү көрсөткөн «спорттук айыл» деген наамга татыктуу айыл;  

Жылуулук менен камсыз болгон  газ түтүкчөлөрү ар бир үйгө кирген айыл;

Көчөлөрү, жарыктандыруу менен камсыздалган кечкисин кооз көрүнгөн айыл;

 Кең-Арал муниципалитети жаңы технологиялардын негизинде айыл чарбасы кайра иштетүүчү тармагы өнүккөн; 

Төө буурчак өндүрүүдө алдынкы фирма ачуу, дүйнөлүк денгээлде экспорттоочу пункту бар айыл; 

Кең-Арал айылынын борборунда туристтик эс алуучу заманбап паркы жайгашкан;

жеке ишкердүүлүккө ыңгайлуу шарт түзүлгөн айыл;

сапаттуу тейлөө кызматтарын көрсөтүү,

Айыл чарбасында малдын санын 80%га көбөйтүү;

Жакырчылыктын денгээли 18%га төмөндөөсү;

Өнүккөн суктанарлык айыл;

 

 

 

 

 

 

 

Максат

 

Кен-Арал айылынын алдыга коюлган негизги максаттары.

2024-2028 жылдарда айыл аймактын онугүү стратегиясына ылайык:

- Жакырчылыкты 18%га азайтуу жана жумуш орундарын түзүү менен калктын кирешесинин өсүшүнө салым кошуу;

- Ресурстарды үнөмдөөчү чарбалык же өндүрүштүк адистердин потенциалын жана тажрыйбаларын жогорулатуу;

- жер жана суу ресуртарын рационалдуу түрдөпайдалануу;

- энергия үнөмдөөчү  жаны технологияларды алып келүү;

- дени сак жашоо – жаштардын ден  соолугун сактоого шарт түзүү;

- айлана-чөйрөнү  сактоого чараларды көрүү;

- билим берүү денгээлин жогорулатып жана ага кызыктыруу окууларга жөнөтүү ж.б

 

Туруктуу өнүктүрүүнүн компоненттерин эске албаганда:

 

Үч жыл аралыгында жергиликтүү коомчулуктун калкынын кирешесинин жогорулатуу жана тамак аш продуктулары менен камсыз кылуу учун өсүмдүк  өстүрүүнүн мал чарбачылыгынын продукцияларын өндүрүүнүн көлөмүн 20 %га көбөйтүү

 

Ал эми туруктуу өнүктүрүүнүн компонентин эске алуу менен: үч жыл аралыгында жергиликтүү коомчулуктун калкыныны кирешесин жогорулатуу жана коопсуз тамак аш продуктулары менен камсыз кылуу үчүн жер кыртышы жана жайыттар бузулбаганда, сугат сууну жоготууну 50% га азайткан учурда өсүмдүк өстүрүүнүн, мал чарбалыгынын продукцияларын өндүрүүнүн көлөмүн 10%га көбөйтүү

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттары

1 Социалдык багыт:

2 Экономикалы багыт:

1.1 Айыл чарбасында;

1.2 Жакырчылыкты кыскартуу

1.3 Башкаруу

Айыл чарбасында;

-Жаңы технологиялар борбору (айыл чарбасында жаңы технологияларды жайылтуу)

- Эффективдүү мөмө берүүчү жаны уруктарды алып келүү жана тигүү

-Кең-Арал өнүгүү борбору (айыл чарбасын колдоо инфраструктурасын түзүү)

- фермерлерди колдоо малдардын асыл тукумдарын сактоо

 

Жакырчылыкты кыскартуу

-Инвестициялык сунуш (тышкы инвесторлор үчүн инвестициялык сунушту иштеп чыгуу)

-Киреше табуу мүмкүнчүлүк борбору (жакырларга киреше табу мүмкүнчүлүк берүү,жакырчылыкты жоюу алардын мумкунчулукторуно жараша ынгайлуу шарт тузуп берүү)

- мүмкүнчүлүгү бар адамдардан кайрымдуулук иштерди колдоо иш чарасы

 4. Башкаруу

-“Чарба китеп” Компьютер системасы (административдик чечимдердин кабыл алуу системасын киргизүү)

-Маалымат системасы (атуулдарга стратегия жана долбоорлор канчалык денгээлде ишке ашырылып жатканы тууралуу жергиликтүү калкка так туура маалымат берүү)

 

2. Экономикалык багыт

Кичи жана орто ишкердүүлүк.

Фасоль өндүрүүчүлөр (өндүрүүчүлөр тобу түзүлүп көбүрөөк сандагы продукцияны сатканга даярдоо)

Ички көчөлөрдүн жолдорун жакшыртуу

Жаны салынып жаткан конуштарга электр энергиясын тартуу (карагай)

Инвестициялык программаларды координациялоо жана долбоорлордун негизинде иш алып баруу

 

 

SWOT- анализ

 

Кучтуу жак

Алсыз жак

 

Эконмикалык активдүү адамдар калктын 60%ын түзөт.

Талас-Тараз чон жолунда

Трасса боюндагы көчө толук жарыктандырылган

Кучтүү депутаттык корпус

Жергиликтүү кеңеш салыктын базасын башкарат

Муниципалитет 1-айылдан турат, чон жолдун боюнда жайгашкан;

Айыл өкмөтү жана кызматкерлери   тажрыйбалуу жана ынтымактуу

Муниципалитет кичи жер ресурстарга  ээ,өнүгүүгө жер да бөлүнгөн.

Жаштардын ынтымактуулугу жана калк учун коргозгон ишмердуулугу 

 Өндүрүлгөн продукцияны Таласка,Тараз облусуна сатуу

Айылыбыз Талас-Тараз жолунун боюнда жайгашкандыктан жеңил автоунаа жана автобустардын каттамы жетиштүү;

Кум-таш, топурак карьери бар

Фермердик-дыйкан чарбалар эмгектенет.

Мектептин жылытуу системалары 2012-жылы жаңыртылган, абалы жакшы

Айылдагы үй-бүлөлүк джарыгерлер тобунун имараты жаңы курулуп 2021-жылы ишке берилген, медициналык тейлөө жакшы,

Стадион бар

Кичи футбол аянтча бар;

50 орундуу бала бакча 2021-жылы ишке берилген

 

Коомдук мончо жок

Тейлөө инфраструктуралары жетишсиз.

Коммуникация жана ички жолдордун абалы начар.

Бизнести колдоо инфраструктуралары начар

Прфессионалдуу адистер аз

Жергиликтүү бюджет  дефициттүү жана инвестицияларды каржылаганга мүмкүнчүлүгү жок.

Жалпы ген.план берилген эмес.

Айыл чарба жерлери арыктап жатат

Аз камсыз болгон  үй бүүлөлөрдүн  20% ар кандай социалдык жардамдарга  муктаж.

Жумушсуздардын көпчүүлүгү расмий түрдө учетто турат,болгону   36 адам  турат.

Аппараттын кызматкерлери кыска жана узак мөөнөттүү курстарга катышып квалификациясын жогорулатууга тийиш.

Медициналык мекемеде жабдуулар толугу менен жетишпейт.

Маданият мекемесинде улуттук аспаптар,ал эми спорт имаратында тренер,спорт инвентарлары жетишсиз.

Жаны техник, айыл чарба шаймандары жетишсиз

Айыл өкмөтүнүн имаратынын абалы начар.

Кабелдүү телефон байланышынын линиялары жок, интернет байланышынын абалы орто.

Айылды ичүүчу таза суу киргизилген эмес

Электр тармагында тарнсформатор жетишсиз;

 

Мүмкүнчүлүктөр

Тоскоолдуктар

 

Кыргыз Республикасынын  айыл аймакты өндүрүү  мыйзамдары жана программалары

АРИС и АИД 3-долбоору

ПрооН

Талас областынын өнүгүү фонду

Инвесторлор (айыл банк , ж.б)

Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган программасы

 

Жаратылыш кырсыктары

Кээ бир жарандардын коомдук иштерге кайдыгерлиги

Жугуштуу оорулар

Акчанын  кучун жоготуусу(инфляция)

Тоюттун кымбатташы

Сатып өткөрүүнүн жоголуусу

Коомдук саясий абал

Корупция

Өндүрүгөн продукцияны сатууда ортомчулардын көптүгү;

Миграция (жумушчу күч башка мамлекеттерге кетип жатканы).

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Милдеттер:

 

Негизги милдеттер:

 

  1. Керектүү бюджеттик каражаттарды мобилизациалоо
  2. Карызга финансы тартууну координациалоо
  3. Аткаруу бийлигинин борбордук, тармактык жана региондук органдардын аракеттери менен макулдашуу
  4. Стратегияны ишке ашырууга катышуу боюнча жеке сектор жана жарандык коом үчүн жагымдуу чөйрөнү жана интитуционалдык шарттарды түзүү
  5. Жергиликтүү коомчулуктардын стратегияларын ишке ашыруунун этап боюнча пландарында белгиленген максаттуу программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу.

 

Приоритеттүү милдеттер:

 

Жайыттарды туруктуу пайдалануу жана мал чарба продукциясынын өсүшүн 10%жогорулатуу

Тейлөө инфраструктураларын камсыздоо

Коммуникация жана ички жолдордун абалын жакшыртуу.

Бизнести колдоо инфраструктураларын жакшыртууга шарт түзүү

Адистердин потенциалын жогорулатуу

Жергиликтүү бюджетти камсыздоо жана инвестицияларды каржылаганга мүмкүнчүлүк табуу

Айыл чарба жерлерине жер семирткич азык заттар менен камсыздоо

Айыл өкмөтүнүн имаратынын абалын жакшыртуу же болбосо кайра куруу;

 

Пландалган программалар ишке ашкан убакта элдин жакшы жашоосуна жакшы шарт түзүлөт. Жаштар убактысын туура пайдаланып жаман адаттардан арылуусу 60-70% га азаят, ден соолугуна кам көрүлөт, мектеп жашындагы балдардын аң сезимин өстАз камсыз болгон  үй бүүлөлөргө социалдык жардам көрсөтүү;

Жумуш орундарын түзүү;

Айылдык Кеңештин депутаттарына прогресивдүү жана инициативдүү демилгелерди колдоого өнүгүүгө шарт түзүүгө макулдашуу

Аппараттын кызматкерлери кыска жана узак мөөнөттүү курстарга жөнөтүү квалификациясын жогорулатуу.

Компьютерлердик жабдыктар менен камсыз кылуу  жана адистерге атайын заманбап программаларды окутуп үйрөтүү

Маданият мекемесинде улуттук аспаптарды алып келуу ,ал эми спорт имаратында тренер,спорт инвентарлары менен камсыздоо

Жаны техника шаймандары менен камсыз кылуу

Коррупцияны жоюу жана күрөшүү;

үрүүгө чон өбөлгө болот, ата-энелер жана жалгыз бой энелердин жумуш менен камсыз болуусуна шарт түзүлөт. Аппарат кызматкерлеринин коопсуздугуна кам көрүлүп жакшы шарт түзүлөт.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Перспективдүү план

2024-2028-жылга пландалган иштер:

1.Бала бакча куруу

2.Айылдын жаңы түшкөн ички көчөлөрүнө кум шагыл төгүү, көпүрө   орнотуу;

5.Ички жана жаңы түшкөн көчөлөргө Электр столбаларын жана подстанция орнотуу

6. Айыл өкмөтүнүн кенсесин капиталдык оңдоолдон өткөрүү

7.Жаңы типтеги машыгуу залын куру.(спорт комплекс)

8.Самосвал жана Эксковатор алуу;

9. Таза суу киргизүүнү улантуу

10. Жемиштерди кургатуучу цех ачуу

11.Жаны типтеги маданият үйүн куруу

12.Айылга заманбап сейил багын куруу

13. Мончо куруу

14. Билим берүү жана инновация борборун ачуу

15.Жемиштерди сактоочу муздаткыч (холодолник) куруу;

 

 

Мониторинг жана баалоо

 

Социалдык абалы;

Жарандардын социалдык абалы

Жакырчылыктын деңгээли

Жер ресурстарына баа берүү.

 

 

 

 

 

  

 

 

 

 

 

 

 

Турак-жай менен камсыз болуу  (уйбулонун саны

 

 

Турак-жай менен камсыз болуу 

саны

01.01.24

Жер ресурстары

 

Жалпы

1

Өзүнүн тамы  бар үй-бүлөлөр

602

Айыл кенешинин жалпы аянты

5419

2

Өзүнүн тамы жок үй-бүлөлөр

Алардын ичинен:

18 

Сугат айдоо аянттары (га)

1287

Кайракы айдоо аянттар (га)

350

 

Толук шарты бар тамдар

342

Көп жылдык бак дарактар (га)

-

3

Толук эмес шарты бар тамдар

188

Чоп чабындалар (га)

19

4

Шарты жок тамдар

72

Жайыттар  (га)

4996

5

Убактылуу жашоочу чакан тамдар

72

Иштетилбей калган айдоо жерлер (га):

39

6

Батирде жашаган үй-бүлөлөр

18

Саздап кеткен жерлер (га)

29

7

Ата-энеси менен жашагандар

53

 

 

  

 

1.2. Кедейчиликтин деңгээли:

 

Бир үй бүлөнүн орточо айлык кирешеси

Үй бүлөнүн саны

1. 0-1000 сомго чейинки

112

2. 1001-2910 сомго чейинки

61

3. 2911-4909 сомго чейинки

30

4. 4910 сомдон жогорку

22

Жалпысы:

225

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Экономикалык абалы;

Эмгек ресурстарын баалоо

Жаны түзүлгөн жумуш орундары

Жашоочулардын негизги киреше булактары.

 

2.1 Эмгек ресурстары (адамдын саны)

2.2 Жаны түзүлгөн жумушчу орундары 

  

 

2023-ж.

 

2023-ж.

1.Эмгекке жарамдуу

2298

Анын ичинен:

 

2.Эмгекке жарамсыз

1557

Ишкананын өз каражатынын эсебинен

67

 3. Пенсионерлер: 

478

Чакан жана орто бизнес аркылуу

-

55жаштан жогорулары

504

 

Айыл чарбасын өнүктүрүү аркылуу

-

алардын ичинен аялдар

267

Ишкерлердин каражатынын эсебинен

-

4. 16 жашка чейинкилер

1237

Республикалык ж/а жергиликтүү бюджет аркылуу

-

5.18 жашка чейинкилер

1365

Чет элдик нвестиция аркыл

-

6. Жумушсуздардын саны

36

Жашоочулардын негизги киреше булактары:

-

7. Катталганы (статус алган)

36

1.Мал чарбачылыгы

30%

8. Катталбаганы

-

2.Талаачылык

65%

9.Калкты иш менен камсыздоо борбору аркылуу

36

3.Тейлөө чөйрөсүндө

5%

10. башка түйүндөрдүн эсебинен

-

Жалпысы:

100%

 

 

 

 

  

 

Мониторинг жүргүзүүдө процесстердин схемасы.

 

Аткаруу процесстеринин денгээлдери:

 

 

 

 

 

 

Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы:

 

Ч.Алымкулов