Документке
Мурунку01.02.2024

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каракол шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXXVI кезексиз  сессиясы

2024-жылдын 1-февралы №28-36/8

Каракол шаарынын 2023 -жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча отчету жана такталган планды бекитүү жөнүндө      

           Каракол шаардык финансы башкармалыгынын башчысы Г.С.Толумбекованын, Каракол шаарынын 2023-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндөгʏ, 2024-жылдын 24-январындагы, чыг:№01-9/23 катын карап жана талкуулап, кирешелердин тʏшʏʏ планы ѳзгѳрʏлгѳндʏгʏн, 2023-жылдын башындагы эркин калдыктын эсебинен каражаттар бѳлʏнгѳндʏгʏн, Республикалык бюджеттен акча каражаттар тʏшкѳндʏгʏн, Каракол шаарынын мэриясынын резервдик фондунан каражаттар бѳлʏнгѳндʏгʏн жана Каракол шаардык Кенешинин Президиумунун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXXVI сессиясы,

                                                           токтом кылат: 

1. Каракол шаарынын 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча отчет,  кирешелер боюнча 1096869,4 (бир миллиард тогуз жʏз алтымыш сегиз миллион сегиз жʏз алтымыш тогуз миң тѳрт жʏз) сом ѳлчѳмʏндѳ, чыгашалар боюнча 1147370,1 (бир миллиард жʏз кырк жети миллион ʏч жʏз жетимиш миң жʏз) сом ѳлчѳмʏндѳ, бекитилсин.

2. Каракол шаарынын 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча такталган планы, 1220732,4 (бир миллиард эки жʏз жыйырма миллион жети жʏз отуз эки миң тѳрт жʏз) сом ѳлчѳмʏндѳ бекитилсин.  

3. Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик  укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областык юстиция  башкармалыгына жиберилсин.

4.         Токтом ММКларда жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу Каракол шаардык  Кеңешинин экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына  жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине  жүктөлсүн.

 Тѳрага                                                                                                    Т.Ж.Акимканов

 

 

 

Жаңы28.02.2024