Загрузка документа…
КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 12-февралы № 14
Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2023-жылдын 20-апрель айында кабыл алынган №154-НИ «Кыргыз Республикасынын Жер фондусун инвентаризациялоо тартиби жөнүндөгү» буйругунун негизинде жана ушул Жобонун талаптарына ылайык “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Кең-Арал айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо материалдарын карап чыгып, Кең-Арал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын VIII чакырылышынын кезексиз 2 сессиясы;
1. “Кыргызмамжердолбоор” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Кең-Арал айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо боюнча материалдарынын жыйынтыгына оңдоо-түздөө иштерине киргизилген өзгөртүүлөр материалдары бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кең-Арал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Б.Токонов |