Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-февралындагы № 48 токтомуна ылайык) |
Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү
уюмдарында окуу китептерин ижарага берүү
тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-январындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында окуу китептерин ижарага берүү тартиби (мындан ары - Тартип) окуучуларды окуу китептери менен камсыз кылуу максатында жалпы билим берүү уюмдарынын 1-11-класстарынын окуучуларына окуу китептерин ижарага берүү жана жалпы билим берүү уюмдарынын китепкана фондунун окуу китептерин пайдалануу үчүн ижара акысын алуу эрежелерин белгилейт.
2. Бул Тартипте төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
1) окуу китеби – Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына жана предметтик стандарттарга шайкеш жана окуу процессинде пайдалануу үчүн мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча кесиптик билим берүү жана балдарга, эрезеге жеткендерге кошумча билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан сунушталган окуу предметинин, анын бөлүмүнүн жана бөлүгүнүн системалаштырылган баяндалышын камтыган окутуунун көп функциялуу каражаты;
2) окуу китептерин ижарага берүү - жалпы билим берүү уюмунун китепкана фондунан 1-11-класстардын окуучуларына окуу китептерин акы төлөө негизинде бир окуу жылына убактылуу пайдаланууга берүү;
3) ижара акысы - бир окуу жылынын ичинде окуу китебин пайдалануу үчүн акы төлөм, анын өлчөмү ушул Тартипке ылайык мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча кесиптик билим берүү жана балдарга, эрезеге жеткендерге кошумча билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жыл сайын белгиленет;
4) «Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемеси (мындан ары – «Окуу китеби» басма үйү» ММ) – Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын окуу китептери менен камсыз болушун жакшыртуу, жаңы окуу китептерин өз убагында басып чыгаруу максатында иштеген мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча кесиптик билим берүү жана балдарга, эрезеге жеткендерге кошумча билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын республикалык ведомстволук мекемеси;
5) "Окуу китеби" басма үйү" ММнын алыш-бериш эсептери - окуу китептерин пайдалануу үчүн ижара акысы түрүндө түшкөн акча каражаттарын топтоо үчүн тейлөөчү банктардагы "Окуу китеби" басма үйү" ММнын алыш-бериш эсептери;
6) тейлөөчү банк - "Окуу китеби" басма үйү" ММны ижара акысы түрүндө түшкөн каражаттар боюнча тейлөө үчүн ачык конкурстун негизинде тандалып алынган коммерциялык банк;
7) мөөнөттүү депозит - "Окуу китеби" басма үйү" ММ тарабынан тейлөөчү банкка белгилүү мөөнөткө сактоого жайгаштырылган акча каражаттарынын суммасы, ал жалпы билим берүү уюмдарынын китепкана фондунун окуу китептерин жаңылоого гана пайдаланылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-январындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Окуу китептерин ижарага берүүнүн тартиби
3. Ижарага берилүүчү окуу китептеринин тизмеги жыл сайын мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча кесиптик билим берүү жана балдарга, эрезеге жеткендерге кошумча билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-январындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык).
4. Жалпы билим берүү уюмунун китепкана фондунан окуу китептерин эсепке алуу, берүү жана кайтарып берүү жалпы билим берүү уюмунун китепкана башчысы (китепканачы) тарабынан жүзөгө ашырылат. Штатта китепканачынын кызмат орду жок болгон учурда жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин буйругу менен китепканачынын функциялары жалпы билим берүү уюмунун мугалимдеринин бирине жүктөлөт.
5. Китепкана башчысы (китепканачы) же китепканачынын функциясы жүктөлгөн жооптуу адам окуу китептерин жалпы билим берүү уюмунун китепкана фондунан окуучулардын класс жетекчисине берилген өтүнмөгө ылайык берет жана авторлоштуруу менен жеке эсептик жазуусу менен берилген окуу китептеринин саны жөнүндө маалыматты "Окуу китеби" басма үйү" ММнын автоматташтырылган маалыматтык системасына киргизет.
6. Класс жетекчиси окуу китептерин жалпы билим берүү уюмунун китепкана фондунан класстын окуучуларынын бүткүл контингентине апат жана аларды окуу китептерин берүү жана кайтаруу ведомостуна ылайык окуучуларга берет.
7. Окуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) окуу жылы аяктагандан кийин окуу китептерин толук көлөмдө жана андан ары пайдалануу үчүн жарактуу абалда жалпы билим берүү уюмунун китепканасына кайтарууну камсыз кылууга милдеттүү.
8. Окуу жылы ичинде окуучу ижара акысын төлөгөндөн кийин башка жалпы билим берүү уюмуна өткөн учурда окуу китептери жалпы билим берүү уюмунун китепкана фондуна кайтарылат. Ошол эле учурда жалпы билим берүү уюмунун администрациясы окуучуга учурдагы жылда окуу китептерин пайдалануу үчүн төлөнгөн ижара акысы жөнүндө маалымкат берет. Маалымкаттын негизинде окуучу окуу китептерин ижара акысын төлөбөстөн башка жалпы билим берүү уюмунан алат. Окуу жылы ичинде окуучу башка өлкөнүн жалпы билим берүү уюмуна өткөн учурда ижарага берилген окуу китептери жалпы билим берүү уюмунун китепкана фондуна кайтарылат, ал эми төлөнгөн ижара акысы кайтарылбайт.
3-глава. Ижара акысын чогултуу
9. Ар бир окуу китеби үчүн ижара акысынын суммасы жыл сайын ушул Тартипке ылайык мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча кесиптик билим берүү жана балдарга, эрезеге жеткендерге кошумча билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-январындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Ижара акысын төлөө мөөнөтү жыл сайын мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча кесиптик билим берүү жана балдарга, эрезеге жеткендерге кошумча билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-январындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык)
11. "Окуу китеби" басма үйү" ММ окуу жылынын башында ижара акысын кабыл алуу тартибин аныктайт жана тиешелүү маалыматты окуучулардын ата-энелерине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) жеткирет.
12. Ижара акысы окуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) же демөөрчүлөр (жеке же юридикалык жактар) тарабынан "Окуу китеби" басма үйү" ММнын тейлөөчү банктардагы алыш-бериш эсептерине мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча кесиптик билим берүү жана балдарга, эрезеге жеткендерге кошумча билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген мөөнөттөн кечиктирилбестен төлөнөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-январындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Окуу китептерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөө квитанциясынын көчүрмөсү же аралыктан методдору менен төлөнгөн учурда төлөм жүргүзүлгөн фактыны ырастоочу кабарлоо окуучунун класс жетекчисине берилет.
14. Класс жетекчиси окуучулар тарабынан ижара акысынын төлөнүшүн, эсепке алуунун тиешелүү формаларын толтурулушун жана алардын китепкана башчысына (китепканачыга) же китепканачынын милдети жүктөлгөн жооптуу адамга берилишин контролдойт.
15. Окуу китеби жоголгон же жараксыз болгон учурда окуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) жаңы окшош окуу китепти берүү же болбосо "Окуу китеби" басма үйү" ММнын тейлөөчү банктардагы алыш-бериш эсептерине акча каражаттарын төгүү аркылуу анын наркын төлөө жолу менен зыяндын ордун толтурат.
16. Ижара акысынан түшкөн акча каражаттары "Окуу китеби" басма үйү" ММ тарабынан 5 жылдан ашпаган мөөнөткө тейлөөчү банктардагы мөөнөттүү депозиттерге жайгаштырылат жана жалпы билим берүү уюмдарынын китепкана фондунун окуу китептерин жаңылоого гана пайдаланылат.
17. Окуу китептерин пайдалануу үчүн ижара акысынын каражаттарынын эсебинен чыгарылган окуу китептери мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча кесиптик билим берүү жана балдарга, эрезеге жеткендерге кошумча билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын менчиги болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-январындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык)
4-глава. Жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын
айрым категорияларын окуу китептери менен даректүү камсыз
кылуу
18. Жалпы билим берүү уюмдарынын социалдык колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн айрым окуучуларына окуу китептери акысыз же жеңилдетилген шарттарда берилет.
19. Окуу китептерин акысыз алууга укугу бар окуучулардын категориясына төмөнкү окуучулар кирет:
1) көп балалуу үй-бүлөлөрдөн (беш же андан көп бала);
2) социалдык жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн;
3) ата-энесинин бири же экөө тең I же II топтогу майып болгон үй-бүлөлөрдөн;
4) ата-энеси жалгыз бой үй-бүлөлөрдөн;
5) жетим балдар, ата-энесинин камкордугусуз калган балдар;
6) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар.
20. Ижара акысынын суммасынын 50 пайызын төлөө менен окуу китептерин алууга укуктуу окуучулардын категориясына жалпы билим берүү уюмдарында окуган 3-4 балалуу үй-бүлөлөрдүн окуучулары кирет.
21. Окуу китептерин акысыз же жеңилдетилген шарттарда алган окуучулардын тизмеси педагогикалык кеңештин чечими менен түзүлөт жана жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин буйругу менен бекитилет.
22. Жалпы билим берүү уюмдары жыл сайын үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрына чейин окуучулардын тизмесин түзөт, анда:
1) окуу китептери ижарага берилгендиги;
2) окуу китептери акысыз же жеңилдетилген шарттарда берилгендиги.
5-глава. Окуу китептерин ижарага берүүнүн эсеби жана
отчеттуулугу
23. Райондук (шаардык) билим берүү бөлүмүнүн (башкармалыгынын) жетекчиси, жалпы билим берүү уюмунун жетекчиси окуу китептерин ижарага берүү системасынын уюштурулушу жана натыйжалуу иштеши үчүн жоопкерчилик тартат.
24. Ижарага берилүүчү окуу китептерин эсепке алуу электрондук түрдө, ошондой эле окуу китептерин берүү жана кайтаруу журналында (номерленген, көктөлгөн жана жалпы билим берүү уюмунун жетекчиси тарабынан күбөлөндүрүлгөн), китепкана башчысы (китепканачы) же китепканачынын функциясы жүктөлгөн жооптуу адам тарабынан жүргүзүлөт.
25. Жалпы билим берүү уюму бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен сатып алган окуу китептери келип түшкөн булагын көрсөтүү менен жалпы билим берүү уюмунун китепкана фондунда өзүнчө графада эсепке алынат. Жаңы окуу китептерин эсепке алуу регистрлерине каттоо окуу китептери келип түшкөн учурдан тартып үч күндүк мөөнөттө жүргүзүлөт.
6-глава. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү
уюмдарында окуу китептерин пайдалангандыгы үчүн ижара
акысынын суммасын түзүүнүн методикасы
26. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында окуу китептерин пайдалангандыгы үчүн ижара акысынын суммасын түзүүнүн методикасы (мындан ары - Методика) жалпы билим берүү уюмунун китепкана фондунун окуу китебин бир окуу жылынын ичинде пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо максатында иштелип чыкты.
27. Методика класстар, окутуу тилдери жана окуу китебинин колдонуу мөөнөтү боюнча дифференциациялоосуз бүткүл республика боюнча жалпы билим берүү уюмдарынын китепкана фондун пайдалануунун орточо көрсөткүчтөрүн пайдаланууга негизделген.
28. Ижара акысын эсептөө мугалим үчүн методикалык колдонмонун наркын камтыган бир окуу китебинин базалык наркынын негизинде жүзөгө ашырылат.
29. Окуу китебинин базалык наркы окутуунун бардык тилдериндеги окуу китептерин, анын ичинде мугалимдер үчүн методикалык колдонмолорду басып чыгарууга жана нускалоого кеткен чыгымдардын жалпы суммасын формула боюнча окуу китептеринин нускаларынын санына бөлүү жолу менен аныкталат:
мында:
БН - окуу китебинин базалык наркы;
Ч - окутуунун бардык тилдеринде, анын ичинде мугалимдер үчүн методикалык колдонмолорду басып чыгарууга жана ижарага берилүүчү окуу китептерин нускалоого кеткен чыгымдардын суммасы;
ОКС - окуу китептеринин нускаларынын саны (мугалимдер үчүн методикалык колдонмолорду эсепке албаганда), аларды нускалоо суммасы Ч түзөт.
30. Эгерде нускалоого кеткен чыгымдардын суммасы белгилүү болбосо, окуу китебинин базалык наркы формула боюнча аныкталат:
мында:
БН - окуу китебинин базалык наркы;
ОКН - ар түрдүү тилдерде чыгарылган ар бир окуу китебинин наркына жана окутуунун конкреттүү тили боюнча окуучулардын жалпы контингентинин үлүшүнө жараша эсептелген бир окуу китебинин орточо салмактанып алынган наркы;
КН - ар түрдүү тилдерде чыгарылган ар бир колдонмонун наркына жана окутуунун конкреттүү тили боюнча окуучулардын жалпы контингентинин үлүшүнө жараша эсептелген бир класстын мугалимдери үчүн методикалык колдонмонун орточо салмактанып алынган наркы;
Т - класстын орточо толтурулушу.
31. Окуу китептерин пайдалануу үчүн ижара акысын эсептөө төмөнкүдөй формула боюнча жүргүзүлөт:
мында:
И - окуу китептерин пайдалануу үчүн ижара акысы;
БН - ушул Тартиптин 29-пунктуна ылайык эсептелген окуу китебинин базалык наркы;
Ж - өткөн жыл үчүн иш жүзүндө түзүлгөн көрсөткүчтөрдүн негизинде болжолдонгон окуу китептеринин жоготуу жана бузулуу мүмкүндүгүнүн үлүшү;
И - окуу китебинин колдонуу мөөнөтүнө окуу китептерин басып чыгаруу жана нускалоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө инфляциянын болжолдонгон индекси;
ЧБ - өткөн жылдагы иш жүзүндө түзүлгөн көрсөткүчтөрдүн негизинде болжолдонгон ижара акысын чогултуу деңгээли, ижара акысынын түшпөгөн көрсөткүчү колдонулат;
Ж - окуу китептерин акысыз жана жеңилдетилген шартта алууга укугу бар окуучулардын үлүшү;
ИМ - ижара акысы чогултула турган окуу китебинин колдонуу мөөнөтү;
ДП - коммерциялык банктын ижара төлөм каражаттарын жайгаштырууда белгиленүүчү жылдык депозиттик пайызы.
32. Ушул Тартиптин 30-пунктуна ылайык эсептелген ижара акысы сомго чейин тегеректелүүгө тийиш.
33. Ар бир окуу китеби үчүн ижара акысынын суммасы жыл сайын ушул Тартипке ылайык эсептелет жана мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү, кесиптик башталгыч билим берүү, кошумча кесиптик билим берүү жана балдарга, эрезеге жеткендерге кошумча билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-январындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык).