Редакцияот 30.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

 

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 30-январы № 2

 

Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы финансылык отчетун бекитүү жөнүндө.

Боо-Терек айылдык Кеңешинин XXXII чакырылышындагы XXXIV сессиясы айыл өкмөтүнүн 2022-жылга финансылык отчетун угуп, талкуулап чыгып;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2022 - жылдагы финансылык отчету: киреше боюнча пландагы 18388,3 мин сомдун ордуна 12959,1 мин сомду түзүп 70,5%га, чыгашасы боюнча пландагы 183388,3 мин сомдун ордуна 17690,6 мин сомду түзүп аткарылгандыгы бекитилсин.

 

2. Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинин аткарылышы канааттандырарлык деп белгиленсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынажүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

А.Мамыралиев