Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
IX чакырылыш кезексиз XXXVII сессия
2024-жылдын 14-февралы №1
Жалал-Абад шаарындагы жаңыдан түзүлгɵн аймактык башкаруу менен аймактык башкармалыктардын чек араларынын курамын, структуралык түзүмдɵрүн жана штаттык бирдиктерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 12-январындагы №5-б буйругуна ылайык административдик аймактык реформа жүргүзүү максатында, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 07.02.2024-жылдагы чыг.№01-19/533 сандуу катты шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясы карап, Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңештин кезексиз XXXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1..Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык аймактык башкаруулары жөнүндө Жобосу №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Аймактык башкармалыктардын Жобосу №2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.Муниципалдык аймактык башкаруулардын жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын чек аралары №3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4.Муниципалдык аймактык башкаруулардын жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын структуралары жана штаттык бирдиктери №4-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5.Муниципалдык аймактык башкаруулар жана аймактык башкармалыктар өз ишмердүүлүгүндө ушул токтомдун негизинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
6.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
7.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
8.Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | Н.Орозбаев |