БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 30-январы № 4
Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы атайын каражаттын киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешесин бөлүштүрүү жөнүндө
2023-жылдын атайын каражаттын киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешесин бөлүштүрүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап Боо-Терек айылдык Кеңешинин XXXII чакырылышынын XXXIVсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы атайын каражаттын киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешеси 33404 (отуз үч миң төрт жүз төрт) сом акча каражаты түзгөндүгү эске алынсын.
2. Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын атайын каражаттын киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешеси төмөндөгүдөй болуп бөлүнсүн:
-Бала бакча бөлүмүнө 2222 (жабдуулар жана материал сатып алуу) статьясынан Н. Молдалиев бала бакчасына идиш алганга - 16992 (он алты миң тогуз жүз токсон эки) сом, Сүйүн-Апа бала бакчасына 2218 (тамак-аш алуу) статьясына – 6674 (алты миң алты жүз жетимиш төрт) сом.
-Турак жай коммуналдык бөлүмүнүн 2215 (дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу) -9738 (тогуз миң жети жүз отуз сегиз) сом.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Р.Дуйшенкуловага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Мамыралиев |