КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол шаардык Кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXXVI кезексиз сессиясы
2024-жылдын 1-февралы №28-36/13
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Ысык-Кѳл областынын башкы башкармалыгынын кызматкерлерине кызматтык ʏйдʏ куруу ʏчʏн жер тилкесин бѳлʏп берʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри Н.Т.Турсунбековдун, 2024-жылдын 30-январындагы, чыг:№01-16-311 кайрылуу катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин Президиумунун чечимин эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXVIII чакырылышынын XXXVI сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын мэриясы, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Ысык-Кѳл областынын башкы башкармалыгына, Каракол шаарынын Коенкозов кѳчѳсʏ, №3 дарегинде жайгашкан, аянты 1601,1 м2 болгон жер тилкени мѳѳнѳтсʏз пайдаланууга берсин.
2. Каракол шаардык регионалдык, шаар куруу жана архитектура башкармалыгы:
- бул токтомдо, кѳрсѳтʏлгѳн обьектти, максаттуу пайдалануу жагын, кыйшаюсуз аткарууну камсыз кылсын.
3. Эгерде, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик
комитетинин Ысык-Кѳл областынын башкы башкармалыгы, 2-жылдын ичинде
кызматтык ʏйдʏн курулуш иштерин баштабаса, берилген жер тилкеси бир тараптуу тартипте, Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугуна ылайык, Каракол шаарынын мʏлк башкармалыгына кайтарылсын.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ жерди пайдалануу, архитектура,
курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.
Тѳрага Т.Ж.Акимканов