Загрузка документа…
КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXIV-сессиясы
2024-жылдын 19-февралы № 48
2023-жылдын жыйынтыгы боюнча айыл аймагындагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин жана аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын аткарылышы тууралуу айыл өкмөт башчысынын отчету
Кыргыз Республикасынын“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2,6-пунктчаларынын жана Кара-Булак айылдык кеңешинин регламентине ылайык, Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мисиралиевдин айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча айыл аймагындагы жергиликтүү бюджеттин жана аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын аткарылышы тууралуу отчетун угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:
2. Айыл өкмөт башчысына 2024-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына киргизилген иш- чараларын ишке ашырууга кошумча инвестицияларды жана гранттарды тартуу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырамын
Төрага | К. Шакиров |
Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча маалыматы
Кара-Булак айыл өкмөтүнө 2023-жылга жеткирилген план тапшырма 15597,6 сом болсо, иш жүзүндө аткарылганы 16338,5 миӊ сомду түзүп план 104,75%га, же болбосо 740,9 мин сомго ашыкча аткарылган.
Жыйналган кирешелерге кеӊири токтолуп кетсек, киреше салыгы 10661,3 миӊ сом жыйналып план 102,9% ке же болбосо 304,3 миӊ сомго көп жыйналган, жалпысынан алганда салык жана жыйымдардын 7 түрүнөн жеткирилген план аткарылып, ал эми калган салыктар жана жыйымдар боюнча жеткирилген план тапшырмалар аткарылбай калган, 2022-жылга салыштырмалуу жергиликтүү кирешелердин өсүү темпи 108,0%ды түздү же болбосо 1189,3 миӊ сомго көп жыйналган. Ошол эле мезгилдер жергиликтүү салыктар жана жыйымдар боюнча өткөн жылга салыштырмалуу көп жыйналган.
Бюджетинин аткарылышы боюнча 27708,8 миӊ сомду түзүп, жалпы аткарылган бюджеттин 7937,0 миӊ сому теӊдөөчү гранттын, 3729,8 миӊ сому максаттуу грантты жана 16338,5 миӊ сому өздүк кирешелердин эсебинен аткарылган.
Республикалык бюджеттен түшүүчү трансферттер негизинен 2201,5 миӊ сому калктын электр энергиясына компенсациясына, ал эми калган 9465,3 миӊ сому эмгек акы, социалдык төлөмдөрдү каржылоого жумшалган.
Ал эми жергиликтүү кирешелерден 3879,5 миӊ сому эмгек акы төлөөгө, 295.7 миӊ сому сапардык чыгымдарга, 54,0 миӊ сому интернет жана байланыш кызматына, 300,0 миӊ сому күйүүчү майга жана запастык бөлүктөргө, 5251,6 миӊ сому ар кандай чыгымдарга, 99,6 миӊ кезектеги оӊдоолорго, 1017,9 миӊ сому аркандай сатып алууларга, 574,0 миӊ сом социалдык жардам көрсөтүүлөргө, 450,0 миӊ сом резервдик фондко, 4148,5 миӊ сому курулмалар жана капиталдык оӊдоолорго жана 1803,5 миӊ сому негизги каражаттарды сатып алууларга жумшалган.
Жумшалган чыгымдардын кээ бирлерине токтоло кетсек 736,0 миӊ сомго 88 даана электр мамылары, 450,8 миӊ сомго 12000 метр электр чубалгылары, 300,0 миӊ сомго ГСМ жана унаа тетиктери, 92,9 миӊ сомго концелярдык товарлар, 352,7 миӊ сомго балдар бакчасына кароолкана курулду, 237,2 миӊ сом Кадастрга, 283,2 миӊ сом Архитектурага, 85,4 миӊ сом Гипроземге төлөндү, 778,0 миӊ сомго сметалар даярдалды, 94,6 миӊ сомго Т.Мурзапаров орто мектеби эскилиги жетип капиталдык ремонтко муктаж болгондуктан окуп жаткан окуучуларды ремонт иши аяктаганга чейин башка имаратка көчүрүп ал жерге класстык бөлмөлөрдү бөлүп жасоо иштерине жумшалды . 79,3 миӊ сом Көрнөк-Жарнактарга, 87,4 миӊ сом жолбун иттерди жана карышкырларды атып жок кылууга, спортчуларды колдоого 300,0 миӊ сом, 574,0 миӊ сом калкты социалдык жактан колдоолорго, 300,0 миӊ сом “Тазалык” ишканасын колдоого, 1750,0 миӊ сом Суу-Башы каналына өздүк салым, 210,0 миӊ сом балдар бакчасынын курулушуна өздүк салым, Бужум айылынын Омонок жана Калинин участкаларына орнотулган трансформаторлорго 417,9 сом өздүк салым. Ал эми айыл өкмөтүнүн резервдик фондунан 3 жаранга операция үчүн 80,0 миӊ жалпы 450,0 миӊ сом материалдык колдоолор көрсөтүлдү. Жайыт чыгымдарын каржылоого 150,0 миӊ сом жумшалды.
Ал эми майрамдык жана даталуу күндөргө каралган акча каражаттары толугу менен өз максаттарында иштетилди.
Негизинен Сиздер тараптан 2023-жыл үчүн кабыл алынып берилген иш чаралар 90% га аткарылды.
Аткарылбай калган иш чаралар Ынтымак участкасына курулуучу балдар бакчасынын имараты Койка уюуму тарабынан ПСД документтери кеч даярдалгандыктан, тендер кеч берилип күн суук болуп калгандыктан жумуштар быйылкы жылга калтырылды, ушундай эле себеп менен орнотулуучу 3 даана трансформаторлор да алып келүүсү быйылкы жылга калтырылган. Компьютер сатып алуу, меморандум жарыяланып калгандыктан, эки даана ажааткана куруу сметалык документтери даяр болбогондуктан жана Сары Таш каналына өздүк салым 3 жолу тендерге бергендигибизге карабай эч ким катышпагандыктан аткарылбай калды.
Сатып алуулар порталы боюнча токтолуп кетсек 2023-жылда котировкаларды суроо тартиби боюнча айыл өкмөтүнүн бюджетинен 6346,2 миӊ сомдук тендер жарыяланып, жыйынтыгында 5376,4 миӊ сомдук товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана жумуштар сатып алынды. 400,0 миӊ сомдук кызмат көрсөтүүлөр катышуучулар жок болгондуктан өтпөй калды. Алар 4 даана суу сактагычтын сметалык иш кагаздары.
Ал эми бир булактан сатып алуу боюнча 52 тендер жарыяланып, жыйынтыгында 4109,3 миӊ сомго жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр жана товарлар сатылып алынды.
Калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын
аткарылышы боюнча ________
Кара-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бужум, Кара-Булак айылдарында жалпы 1-топ 4, 2-топ 256 жаран, 3-топ 119 жаран жана 18-жашка чейинки 105 бала бар. Айыл өкмөтүнүн соц кызматкерлери ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын санын тактап ар дайым алардын турмуш шартынан кабар алынып турушат.
Кара-Булак айылдык Кеңеши да ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жакшы көңүл буруп бюджетти бекитүүдө акча каражатын бөлүп берүүдө. Ушундай эле жардамдар арыз менен кайрылган ар түрдүү категориядагы 16(он алты) жаранга 146000(бир жүз кырк алты миң) сом материалдык жардам берилип, ал эми турмуш шарты оор жана жалгыз бой, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 10 (он) үй-бүлөдөн соц адис, соц кызматкерлер тарабынан кабар алынып айыл өкмөтүнүн бюджетинен айылдык кенештин чечими менен ар ай сайын ар бир жаранга 500(беш жүз) сомдон жыл ичинде 60000(алтымыш миң) сом материалдык жардам берилип келет. Жалпылап айтканда жыл ичинде 26(жыйырма алты) жаранга 176000(бир жүз жетимиш алты миң) сом материалдык жардамдар берилди.
2023-жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен 811 мин(сегиз жүз он бир мин) сом каржылоо ар түрдүү майрамдык иш-чараларга жана материалдык жардам сурап кайрылган турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө жумшалды. Атап айтканда Ооган согушунун 6 катышуучусуна 30000(оттуз миң) сом акча бөлүнүп берилип, 8-март аялдардын эл аралык күнүнө карата 40000(кырк миң) сом акча каражаты бөлүнүп, Кара-Булак, Бужум айылдарынын кыз-келиндер арасында спорттун валейбол түрү боюнча мелдеш өткөрүлүп, жалпы 6(алты) команда катышып жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар берилип, 5(беш) мүмкүнчүлүгү чектелген 1-топтогу майыптардын апаларына майрамдары менен куттуктап сый тамак берилди. Нооруз майрамына 30000(оттуз миң) сом акча каражаты каралып, Баткен районунун Төрт-Күл суу сактагычынын жээгинде маданий иш-чара өткөрүлүп, айыл өкмөтүнүн аймагынан 16 шайыр апалар катышып келишти. Ошондой эле айыл өкмөтүнүн аймагында спорттун шахмат түрү боюнча мелдеш өткөрүлүп, жеңүүчүлөр акчалай сыйлык менен сыйланышты. Райондун аймагында улуттук тамак-аштын көргөзмөсүнө Кара-Булак айыл өкмөтү да катышты. Чернобыль апаатынын катышуучусуна 10000(он миң) сом акча каражаты берилди .
9-май Улуу Ата-Мекендик согуштун жеңишинин 78 жылдыгына карата айыл өкмөтүнүн аймагындагы мекеме ишканаларда майрамдык иш чара өткөрүлдү, айыл өкмөтүнүн эсебинен 6(алты) тылдын катышуучуларына ар биринин өз эсептерине 3000(үч миң) сомдон 18(он сегиз) миң сом акча каражаты жумшалды. 20-май Улгайган энелер күнүнө карата 40 турмуш шарты оор, жалгыз бой жана баатыр энелердин жашоо шартынан кабар алынып, аларга 40000(кырк миң) сомдук азык түлүк пакеттери берилди.
Айыл өкмөтүндөгү 5 жалгыз бой карыяларга демөөрчүлөр тарабынан 15 мин 800 сомдук материалдык жардам көргөзүлдү жана социалдык кызматкерлер тарабынан турмуш шартынан кабар алынып турулат.
1-июнь Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө карата айыл өкмөтүнүн бюджетинен 45000(кырк беш миң) сом , демөөрчүлөр тарабынан 13000(он үч миң) сом акча каражаты каралып майрамдык иш-чара Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Бужум айылынын маданият үйүндө өткөрүлдү. Ата-энесинен эрте ажыраган, 2021-жылы кыргыз-тажик чек ара чырында каза болгон жарандардын жана турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдүн балдары катышып белектер берилди. Иш-чарага катышкан 300 (үч жүз) балага балмуздак таркатылды. 2023-жыл ичинде жакыр үй-бүлөлөрдүн саны социалдык паспорттун жыйынтыгы менен изилденген үй-бүлөлөр 810 түздү.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы №385 “Социалдык контрактын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө “ токтомун ишке ашыруу максатында 2023-жыл ичинде Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында 58 үй-бүлө социалдык контрактын негизинде социалдык жардам 100 000(жүз мин) сом алып, ар түрдүү багытта иш алып барууда. Атап айтсак мал чарбачылык, тигүүчүлүк, кондитер азыгы, машина ондоочу жай, пластик чыгаруу, пилорама, тоок ферма, дыйканчылык, такси кызматы жана соода сатык багыттарында. Аларга соц контракт боюнча кенири түшундүрүп, бизнес пландарын түзүүдө соц адис, соц кызматкерлер жардамдашып, бүгүнкү күндө да алардын иш алып барууларына көзөмөл жүргүзүп, жардам берип келүүдө.
Ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын, ата-энесинен эрте ажыраган балдардын турмуш шартынан, окууларынан, жүрүм-турумунан мектептин соц педагогтору, ИДН кызматкери жана айыл өкмөттүн соц адиси менен биргеликте кабар алынып, зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келүүдө.
2023-жылдын 28-июнь курман айт майрамына карата 90000 (токсон миң) сомго кара мал алынып айылдык Кеңештин депутаттарынын демилгеси менен 100 өтө жакыр үй-бүлөлөргө жана 1-топтогу майыптарга эт таратылып берилди.
Айыл өкмөтүнүн каржылоосу менен жайкы каникулда ата-энесинен ажыраган, турмуш шарты оор алты бала Ысык-Көл облусуна, ал эми Баткен облусунун Кайынды айылындагы “Дары булак” балдардын ден соолугун чындоочу борборуна беш бала барып эс алып келишти.
31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата айыл өкмөтүнүн аймагында иш-чара болуп 30 000(отуз мин)сом акча каражаты жумшалып,2021-жылдын 29-30-апрелинде кыргыз-тажик чек ара чырында каза болгон Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Бужум айылынын төрт тургунун ысымдары көчөлөргө ыйгарылып, алардын жаркын элесине арналып жаштар арасында спорттун футбол түру боюнча оюн өткөрүлуп, женүүчү командаларга акчалай сыйлыктар берилди. Ошондой эле Баткен шаарында өткөн айыл чарба жарманкесине айыл өкмөтүнун шайыр апалар тобу жана социалдык келишимдин негизинде социалдык жардам алган жарандар өз бизнестерин алып чыгып жарманкеге катышты.
Жалпысынан айыл өкмөт боюнча 2023-жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен 811,000 (сегиз жүз он бир миң) сом 641(алты жүз кырк бир) адамга ар кандай (акчалай, тамак аш түрүндө) жардамдар берилди.
Кара-Булак айыл өкмөтүндө 2023-жыл ичинде тартылган инвестиция
боюнча маалымат
Баткен райондук өнүктүрүү фондуна айыл өкмөтү тарабынан долбоорлор жазылып Бужум айылынын Омонок жана Калинин участкаларынын жаңы конуштарына бирден трансформатор, электр мамылары орнотулуп толугу менен бүткөрүлдү. Жалпы сметалык баасы 1 млн 800 миң сом. Кара-Булак айылындагы КОЙКА уюму тарабынан бүткөрүлгөн көп тармактуу борбордун айланасын тосуу үчүн областтык фондко 500 миң сомго долбоор жазылып жумуштар бүткөрүлдү. Баткен облусун өнүктүрүү үчүн каралган 500 млн сомго долбоор жазылып Бужум айылынын Калинин участкасына 1 тике суу кудугу, Андрей участкасына 1 тике суу кудугун чыгаруу долбоору ишке ашырылып бүткөрүлдү. Бул долбоорлордун сметалык баасы 8 млн сом. Кара-Булак айылындагы Суу-Башы каналын башыдан 2500 метр жерин бузуп кайра жаңыдан куруу иштерине жергиликтүү бюджеттен 1 млн 750 миң сом акча каражат каралып жумуш толугу менен бүткөрүлүп пайдаланууга берилди. Кара-Булак айылына жаңыдан тарыхый музей курулуп толугу менен бүткөрүлдү, сметалык баасы 21,6 млн сом. Кара-Булак айылындагы “Жаш балапан” балдар бакчасы реконструкциялоо иши бүткөрүлүп пайдаланууга берилди. Сметалык баасы 6 млн, өздүк салым катары айыл өкмөтү тарабынан 210 миң сом акча каражаты каржыланды. Кара-Булак айылынын көчөлөрдү жарыктандыруу долбоору ишке ашып айылдын борбордук көчөлөрү жарыктандырылды. Сметалык баасы 1 млн 900 миң сом. Бужум айылынын Андрей жаңы конушуна Араб демөөрчүлөр тарабынан мектеп, ФАП, мечиттин курулуш иштери кызуу жүрүп жатат сметалык баасы 65 млн сом. Бужум айылындагы Т. Мурзапаров орто мектебин реконструкциялоо иши АРИС уюму тарабынан жүргүзүлүп жумуштар бүтүп тапшыруу алдында турат. Сметалык баасы 52 млн сом. Кара- Кол каналын калыбына келтирүү долбоору боюнча жумуштар жүрүп жатат, жалпы сметалык баасы 57 млн сом. Бужум айылындагы Калинин участкасына балдар ойноочу аянча КОЙКА уюму тарабынан каржыланып бүткөрүлдү. Сметалык баасы 2 млн сом. Кара-Булак айылындагы спорт залы КОЙКА уюму тарабынан ремонттолуп бүткөрүлдү. Сметалык баасы 2 млн.
Жер мунапысы боюнча
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын жүргүзүнүн тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу №291 токтомун аткаруу боюнча курулуп калган үйлөргө документ жасоо жумуштары жүрүүдө. Курулган имараттар райондук комиссия тарабынан жеринде барып көрүлүп комиссияга сунушталууда.
Жалпы келип тушкон арыздар 318 арыз катталган. 266 жаранга комиссиянын корутундусунун негизинде токтом чыккан.Артка кайтарылган делолор -24.Азыркы учурда дагы элдер тарабынан арыздар келип түшүүдө.Түшкөн арыздар өз убагында такталып, райондук комиссияга сунушталууда .
Уюштуруу иштери
Кара-Булак айыл өкмөтүндө 2023-жыл ичинде 477 ар түрдүү маанидеги токтом кабыл алынган .Токтомдор негизинен мурда системалык каттоодо кетирилген каталарга түзөтүү киргизүү жана мурдатан бери жашап келген үйлөрүн мыйзамдаштыруу боюнча келип түшкөн арыздар боюнча чыккан токтомдор .
Ошондой эле 2023-жыл ичинде айыл өкмөтүнө жарандардан 708 ар түрдүү маанидеги арыз келип түшкөн .
Анын ичинен токтомго түзөтүү киргизүү боюнча -324
Жер участкага кезекке коюу - 309
Материалдык жардам сурап кайрылган жана башка ар түрдүү
маанидеги -75
Келип түшкөн арыздар толугу менен аткарууга алынган.
Справканы даярдагандар
Икрамидин уулу А
Асланова К
Кошбаев Г
Сами уулу Ж