Редакцияот 19.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXIV-сессиясы

 

2024-жылдын 19-февралы № 49

Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин такталган планын жана 2025-2026-жылдар үчүн болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамынын 3-бөлүмүнүн 34-беренесинин 2-пунктунун, 2-пунктчасына жана Кара-Булак айылдык кеңешинин экономика-финансы бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 13.02.2024-жылдагы отурумунун корутундусуна ылайык, Кара-Булак айылдык кеңеши токтом кылат:

  1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2024-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 23693.2 миң сом жана 2025-жылга божомолу 25375.2 миң сомго, 2026-жылга божомолу 27464.2 миң сомго бекитилсин.

 

  1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2024-жылга киреше бөлүгү №1 тиркемеге ылайык, анын ичинен теңдөөчү грант 6980,6 мин сом жана өздүк киреше 16712,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

  1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн менчигине түшүүчү жер салыгынын чегерүү өлчөмдөрү № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

  1. 2024-жылга жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелерге каралган чыгымдар: жалпы 23693.2 миң сом өлчөмүндө № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин. (статьялар боюнча тиркелет).

 

  1. 2024-жылга айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондундагы жерлерден түшкөн ижара акысы 892.8 миң сом өлчөмүндө № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

  1. 2024-жылга Кара-Булак айыл өкмөтүнүн резервдик фонду № 5 тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

  1. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2025-2026 жылдарга божомолу №7 тиркемеге ылайык бекитилсин. 2025-жыл үчүн кирешесинин өлчөмү теңдөөчү гранттан 6980,6 миң сом, өздүк кирешеси 18394,6 миң сом, 2026-жыл үчүн кирешесинин өлчөмү теңдөөчү гранттан 6980,6 миң сом, өздүк кирешеси 20473,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

  1. 2024-жылга айыл өкмөт аймагында өзгөчө кырдаал катталган учурда, өзгөчө кырдаал үчүн 200,0 миң сомго чейин акча каражаты бөлүнүп берилсин.

 

  1. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2024-жылдын жыл башына калган бюджеттик калдыктары № 8 тиркемеге ылайык бөлүштүрүлсүн.

 

  1. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, kara-bulak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзмөлдөө жагы Кара-Булак айылдык кеңешинин экономика-финансы бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

К. Шакиров

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кара-Булак айылдык

       кеңешинин VII 

       чакырылышынын

       кезектеги    XXXIV

       сессиясынын 

       19.02.2024- жылдагы

       № 49 токтомуна

 

№ 1- тиркеме

 

  1. Атуулдардын эмгек акыларынан алынуучу салык                       12428,0
  2. Атайын режимдеги салыктар                                                          907,0
  3. Транспорт каражатынан түшкөн салык                   1025,0
  4. Кыймылсыз мүлк салыгы                           120,0
  5. Жер салыктары   741,8
  6. Кайра бөлүштүрүү фондунун ижара акысы                                   892,8
  7. Жайыт жерлерин ижарага берүүдөн жыйым                    150,0
  8. Таштанды чыгаруу үчүн чогултулуучу жыйым               51,0
  9. Башка салыктар жана жыйымдар               397,0
  10. Теңдөөчү трансферт                                                                         6980,6

Жалпы кирешелер:                                                                            23693,2

 

№ 2 - тиркеме

          Кара-Булак айыл өкмөтүнүн бюджетинин менчигине түшүүчү жер салыктарынын чегерүү өлчөмдөрү төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:                                                                                         Айыл өкмөтүнүн бюджетине 100%

№ 3 - тиркеме     

            2024-жылга жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелерге каралган чыгымдар: жалпы 23693,2 миң сом өлчмүндө статьялар боюнча тиркелет.

№ 4 - тиркеме

2024-жылга айыл өкмөттүн кайра бөлүштүрүү фондундагы жерлерден түшкөн ижара акысы 892,8  миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

№ 5 - тиркеме

Айыл өкмөтүнүн 2024-жылга резервдик фонду 480,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

Кара-Булак айыл өкмөтүнүн 2024-жыл үчүн бюджети:

Жалпы 23693,2 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. 

 

 

Төрага                                                                                                           К.Шакиров

Кара-Булак айылдык

       кеңешинин VII 

       чакырылышынын

       кезектеги    XXXIV

       сессиясынын 

       19.02.2024- жылдагы

       № 49 токтомуна

 

№ 7- тиркеме

                                                                                                               2025-ж.             2026-ж.

  1. Атуулдардын эмгек акыларынан алынуучу салык              13857,0              15936,0
  2. Атайын режимдеги салыктар                                                  907,0          907,0
  3. Транспорт каражатынан түшкөн салык        1025,0          1025,0
  4. Кыймылсыз мүлк салыгы                  120,0          120,0
  5. Жер салыктары                   994,8          994,8
  6. Кайра бөлүштүрүү фондунун ижара акысы                           892,8          892,8
  7. Жайыт жерлерин ижарага берүүдөн жыйым                        150,0         150,0
  8. Таштанды чыгаруу үчүн чогултулуучу жыйым       51,0          51,0
  9. Башка салыктар жана жыйымдар       397,0                 397,0
  10. Теңдөөчү трансферт                                                                  6980,6         6980,6

 

Жалпы:                                                                                           25375,2        27454,2

 

Төрага                                                                                                           К.Шакиров

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кара-Булак айылдык

       кеңешинин VII 

       чакырылышынын

       кезектеги    XXXIV

       сессиясынын 

       19.02.2024- жылдагы

       № 49 токтомуна

№ 8-тиркеме

 

2023-жылдын жыл башына калган бюджеттик калдыктардын бөлүнүшү:

  1. Аппарат бөлүмүнүн 3111 беренесине- 2338,8 миң сом
  2. Аппарат бөлүмүнүн 3112 беренесине- 692,3 миң сом

Бюджеттик калдыктардын баары:      3031.1 миң сом

 

2024-жылдын жыл башына калган атайын каражат эсебинин калдыктарынын бөлүнүшү:

  1. Аппарат бөлүмүнүн 2215 беренесине-  0,6 миң сом

Атайын каражаттардын баары:    0,6 миң сом

Баары болуп: 4635,4 миң сом

 

 

Төрага                                                                                                           К.Шакиров