Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 16-февралы № 50
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
58-берененин 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Ушул Кодекстин 122-беренесинин 2-бөлүгүндө, 137-беренесинде, 154-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарында жана 4-бөлүгүндө, 155-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарында жана 4-бөлүгүндө, 156-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда жана 3-бөлүгүндө, 158-беренесинде, 159-беренесинин 3-бөлүгүндө, 160-беренесинин 2-бөлүгүндө, 162-беренесинде, 209-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүндө, 210-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүндө, 215-беренесинин 3-бөлүгүндө, 252, 331, 336, 402, 403, 404, 405, 406, 407, 408, 409, 410, 411, 414-беренелеринде каралган кылмыштар жасалган учурларда эскирүү мөөнөтү колдонулбайт.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
27-берене төмөнкүдөй мазмундагы 41-бөлүк менен толукталсын:
"41. Эгерде кылмыш аркылуу келтирилген материалдык зыяндын орду толтурулбаса, ушул берененин 1-бөлүгүнүн 12-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча ишти кыскартууга жол берилбейт.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 23-февралындагы № 15 (3568) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 28-декабрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |