Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 62 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери тарабынан чет өлкөлөрдө жайгашкан сервистик борборлор аркылуу мамлекеттик (консулдук) кызматтарды көрсөтүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-февралындагы №99 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Убактылуу жобо Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери тарабынан сервистик борборлордон мамлекеттик (консулдук) кызматтарды алууга чет өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын жарандарынан арыздарды жана документтерди кабыл алуу тартибин аныктайт жана чет өлкөдө мамлекеттик (консулдук) кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын, жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана механизмдерин өркүндөтүүгө багытталган.
2. Ушул Убактылуу жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
1) сервистик борбор - анын базасында Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин кызматкерлери мамлекеттик (консулдук) кызматтарды көрсөтүүчү инфраструктура;
2) Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери - Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана/же консулдук мекемелери;
3) консулдук кызмат адамдары - бул кызматта консулдук функцияларды аткаруу тапшырылган кандай болбосун жак;
4) Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин кызматкерлери - сервистик борборлордо чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынан мамлекеттик (консулдук) кызматтарды алууга арыздарды жана документтерди кабыл алуу боюнча функцияларды аткаруу үчүн эмгек келишимдеринин/контракттардын негизинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемеси тарабынан жалданган кызматкерлер;
5) сервистик жыйым - сервистик борборлордо мамлекеттик (консулдук) кызматтарды алуу үчүн керектөөчүлөрдөн алынуучу төлөм;
6) автоматташтырылган маалыматтык система (мындан ары - АМС) - бул система аркылуу көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты сактоо, берүү жана иштеп чыгуу менен байланышкан ишти автоматташтыруу үчүн арналган программалык-аппараттык каражаттардын жыйындысы;
7) керектөөчү - сервистик борборго мамлекеттик (консулдук) кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн кайрылган адам.
3. Пилоттук долбоордун алкагында өз ара аракеттенүү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен сервистик борборлорду уюштурууну жүзөгө ашыруучу юридикалык жактын ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык жүзөгө ашырылат.
4. Сервистик борборлордо мамлекеттик (консулдук) кызматтарды көрсөтүү ушул Убактылуу жобонун тиркемесинде көрсөтүлгөн тизмеге ылайык, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
5. Сервистик борборлорго ишке тартылган Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин кызматкерлерин кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чегинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери тарабынан ишке ашырылат.
6. Сервистик борборлорго ишке тартылган Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысы сервистик борборлорду уюштурган юридикалык жактын каражаттарынын эсебинен төлөнгөн учурда Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чегине коюлган талаптарды сактабастан кызматкерлерди кошумча алууга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө сервистик борборлорду уюштурган юридикалык жактын каражаттарынын эсебинен ушул Убактылуу жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн келишимге ылайык жүргүзүлөт. Ошол эле учурда сервистик борборлорду уюштурган юридикалык жак иш берүүчү катары чыкпайт.
7. Сервистик борборлордун инфраструктурасынын базасында мамлекеттик (консулдук) кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн төмөнкүлөр алынат:
- мамлекеттик (консулдук) кызмат көрсөтүүлөр үчүн каражаттардын базалык ставкасы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка төлөмдөр;
- сервистик борборлорду уюштурган юридикалык жак тарабынан алынуучу сервистик жыйым.
Сервистик жыйымдын өлчөмү ушул Убактылуу жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн келишимдин/контракттын шарттарына ылайык аныкталат жана алынат.
8. Керектөөчүнүн каалоосу боюнча сервистик борборлорду уюштурган юридикалык жак прейскурантка ылайык өзүнчө акыга кошумча опциялык кызматтарды (премиум зал, белгиленген жерге курьердик жеткирүү жана башка кызматтар) көрсөтүүгө укуктуу.
9. Сервистик борборлордо мамлекеттик (консулдук) кызматтарды көрсөтүү Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде мамлекеттик (консулдук) кызматтарды көрсөтүүдө тоскоолдук болуп саналбайт. Мында керектөөчүлөр мамлекеттик (консулдук) кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине кайрылууга укуктуу.
2-глава. Арыздарды кабыл алуу жана кароо тартиби
10. Мамлекеттик (консулдук) кызмат көрсөтүүлөрдү алууга документтерди кабыл алуу Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин кызматкерлери тарабынан АМС аркылуу ишке ашырылат, алар документтерди кароо жана чечим кабыл алуу үчүн консулдук кызмат адамына жөнөтүшөт.
11. Сервистик борборлор аркылуу мамлекеттик (консулдук) кызматтарды көрсөтүү мамлекеттик (консулдук) кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
12. Керектөөчүдө идентификациялык жеке номердин (ИЖН) болушу мамлекеттик (консулдук) кызматтарды көрсөтүү үчүн милдеттүү шарт болуп саналат.
121. 16 жашка толо элек курактагы, “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-статьясынын 1-бөлүгүнө ылайык туулгандыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган адамда ИЖН жок болгон учурда, ушул Убактылуу жобонун тиркемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик (консулдук) кызматтарды алуу үчүн Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемесинин кызматкери ИЖН ыйгарууга документтерди кабыл алууну жүзөгө ашырат жана консулдук кызмат адамына кароого жана чечим кабыл алууга жиберет.
ИЖН ыйгарууга документтерди кабыл алуу АМС аркылуу ишке ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-февралындагы №99 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Сервистик борборлор аркылуу берилген арыздар боюнча даяр документтерди (кызмат көрсөтүүлөрдүн жыйынтыктарын) берүү арыз берген жер боюнча жүргүзүлүшү же Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери аркылуу берилиши мүмкүн.
14. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелери аркылуу берилген арыздар боюнча даяр документтер ушул Убактылуу жобонун 8-пунктуна ылайык керектөөчүнүн каалоосу боюнча талап кылынган жерге жеткирилиши мүмкүн.
15. Сервистик борборлорго кайрылган керектөөчүлөрдүн жеке маалыматтарын иштеп чыгуу жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
16. Мамлекеттик (консулдук) кызматтарды көрсөтүүдө АМСтин жеткиликтүүлүгү Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин кызматкерлерине жана консулдук кызмат адамдарына гана берилет.
3-глава. Корутунду жоболор
17. Мамлекеттик (консулдук) кызматты керектөөчү берилген документтердин жана анкета-арызга киргизилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
18. Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин кызматкерлери жана консулдук кызмат адамдары ушул Убактылуу жобонун талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
19. Сервистик борборлордо мамлекеттик (консулдук) кызматтарды көрсөтүүдө түзүлгөн материалдар сактоо үчүн Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине жиберилет.
|
| Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери тарабынан чет өлкөлөрдө жайгашкан сервистик борборлор аркылуу мамлекеттик (консулдук) кызматтарды көрсөтүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө убактылуу жобого тиркеме |
Сервистик борборлордо көрсөтүлүүчү мамлекеттик (консулдук) кызматтардын ТИЗМЕГИ
1. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде идентификациялык картаны - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун (ID-карта) берүү.
2. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун берүү.
3. Транспорт каражаттарын башкаруу укугуна улуттук үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү берүү.
4. Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн мекенине кайтып келүүгө күбөлүк (МКК) берүү.
5. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн жарандар тарабынан 5 баракка чейинки көлөмдөгү документти талап кылуу.