УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXX СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 15-январы № 178
“Кумтөр чакан кредит” долбоору жөнүндө
Айылдык Кеңештин депутаты Р.Акишованын кайрылуусун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улахол айыл аймагы “Кумтөр чакан кредит” долбоору боюнча төмөндөгүдөй 7 кишиден турган комиссия түзүлсүн:
Акишова Рима – комиссиянын төрайымы;
Чынгожоев Уйчубек – комиссиянын мүчөсү;
Жолалиев Асылбек - комиссиянын мүчөсү;
Батырканов Асылбек - комиссиянын мүчөсү;
Таалайбек кызы Кайыркүл - комиссиянын мүчөсү;
Садыкова Алийман - комиссиянын мүчөсү;
Мамбетова Кенжегүл - комиссиянын мүчөсү.
2. Улахол айыл өкмөтүнө Айыл Банктын Балыкчы филиалы менен эки тараптуу келишим түзүү жагы тапшырылсын.
3. Улахол айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 15-январындагы №178 токтому Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
4. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага А.Жолалиев
Катчы Д.Чыныбаева