Редакцияот 16.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2024-жылдын 16-февралы № 57-т

 

Бишкек шаарындагы экологиялык кырдаалды жакшыртуу, айлана-чөйрө жана калктын ден соолугу үчүн жагымсыз кесепеттерге алып келүүчү атмосферага зыяндуу физикалык таасирлердин алдын алуу жана азайтуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

1. 2024-2025-жылдарга Бишкек шаарында абанын сапатын жакшыртуу боюнча биринчи кезектеги чаралар планы (мындан ары - План) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору, Бишкек шаарынын мэриясы:

- Планды белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча зарыл чараларды көрсүн;

- квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Планды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине берип турсун.

3. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин Планды ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.

4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров

 

 

 

 

Тиркеме

2024-2025-жылдарга Бишкек шаарында абанын сапатын жакшыртуу боюнча биринчи кезектеги чаралар ПЛАНЫ

№

Милдеттер

Чаралар/иш-аракеттер

Ишке ашыруу мөөнөтү

Күтүлүүчү натыйжалар

Жооптуу аткаруучулар

Ишке ашырууга каражаттар

1. Жылуулук энергия менен камсыздоо, отундун сапаты

1

Калкты жогорку сапаттагы жогорку калориялуу көмүр менен камсыз кылуу

1.1. Чийки көмүрдү пайдаланууну чектөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун киргизүү

2025-жылдын IV кварталы

1. Атмосфералык абага булгоочу заттардын чыгарылышы азайтылды.

2. Колдонулган көмүрдүн сапаты жогорулатылды.

3. Ченемдик талаптарга ылайык келбеген катуу отунду сатуу пункттары жоюлду

ЭМ, ЖРЭТКМ

Талап кылынбайт

1.2. Бишкек шаарынын калкы үчүн зарыл болгон санда импорттук көмүрдү же ата мекендик өндүрүштөгү кыйла жогорку сапаттагы көмүрдү Бишкек шаарынын көмүр базаларына жеткирүүнү уюштуруу

2024-жылдын III кварталы

ЭМ, Бишкек ш. мэриясы

Республикалык жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын чегинде

1.3. Импорттук көмүр үчүн шаардын төрт районунда көмүр базаларын даярдоо

2024-жылдын III кварталы

Бишкек ш. мэриясы, ЭМ

2

Бишкек шаарынын ЖЭБинен жана Кант цемент-шифер комбинатынан атмосфералык абага булгоочу заттардын чыгарылышын кыскартууну камсыз кылуу

2.1. Казан агрегаттарындагы эскирген электр чыпкаларын алмаштыруу же модернизациялоо

2024-2025-жылдар

Атмосфералык абага булгоочу заттардын чыгарылышы азайтылды

ЭМ, ЭКМ, ЖРЭТКМ, "Электр станциялары" ААК, Бишкек ш. ЖЭБи

Республикалык бюджеттин каражаттарынын чегинде

2.2. Бишкек шаарынын ЖЭБин жаратылыш газына өткөрүү

2025-жылдын IV кварталы

Атмосфералык абага булгоочу заттардын чыгарылышы азайтылды

ЭМ, "Электр станциялары" ААК, Бишкек ш. ЖЭБи, "Газпром Кыргызстан" ЖЧК

Республикалык бюджеттин каражаттарынын чегинде, бюджеттен тышкаркы каражаттар, инвестициялык каражаттар, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары

2. Курулуш жана долбоорлоо

3

Көмүр чыгуучу кендерде көмүрдү байытуу жана брикеттөө

3.1. Кара-Кече кенинде көмүрдү сорттоо, байытуу жана брикеттөө боюнча фабрика куруу

2024-2025-жылдар

1. Калк сапаттуу байытылган көмүр менен камсыз кылынды.

2. Атмосфералык абага булгоочу заттардын чыгарылышы азайтылды.

3. Көмүр продукцияларын импорттоого муктаждык азайтылды, энергетикалык көз карандысыздык камсыз кылынды

ЭМ, ФМ ЭКМ, ЖРЭТКМ, КРП облустардагы ЫУӨ

Республикалык бюджеттин каражаттарынын чегинде, бюджеттен тышкаркы каражаттар, инвестициялык каражаттар, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары

3.2. Өлкөнүн түндүк жана түштүк региондорунда кендерде байытуучу фабрикаларды куруу

4

Кара-Кече кенинде катуу отундун (көмүрдүн) сапатын изилдөө боюнча лаборатория түзүү

4.1. Кара-Кече кенинде көмүрдүн сапатын аныктоо лабораториясын орнотуу

2024-2025-жылдар

1. Түздөн-түз кен чыккан жерден чыккан отундун сапатын аныктоо жүргүзүлдү.

2. Изилдөөлөрдүн натыйжалары көмүрдүн кенден атмосфералык абага тийгизген таасирине талдоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет

ЭМ, ЖРЭТКМ

Республикалык бюджеттин каражаттарынын чегинде, инвестициялык каражаттар, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары

4.2. Катуу отундун (көмүрдүн) сапатына биринчи толук (кеңири) талдоо жүргүзүү

5

Абанын сапатын жакшыртууга багытталган архитектуралык-курулуш чечимдерин өркүндөтүү

5.1. Бишкек шаарында жаңы объекттерди пландоодо, иштеп чыгууда жана курууда аба массаларынын циркуляциясына объекттин таасирин өзгөчө тартипте баалоо

2024-жылдын III кварталы

1. Экологиялык ченемдердин талаптарын эске алуу менен Бишкек шаарында жаңы объекттердин курулушу тартипке келтирилди.

2. Аба массаларынын циркуляциясынын (инверсия) начарлашына жол берилген жок

Бишкек ш. мэриясы, АКТЖКЧМА

Талап кылынбайт

5.2. Аба массаларынын кыймылын эске алуу менен Бишкек шаарынын башкы планын иштеп чыгуу

2024-жылдын IV кварталы

Жакынкы 15-20 жылда Бишкек шаарында атмосфералык абанын булганышынын өнүгүшүнө бөгөт коюлду

Жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын чегинде

6

Ала-Арча, Аламүдүн, БЧЧК, ЧЧЧК дарыяларын бойлото жер участокторун бөлүп берүүгө жана курулуш курууга мораторий киргизүү

Курулушка тыюу салуу жана бак-дарактар аянтын жыл сайын 10%га кеңейтүү

2024-жылдын I кварталы

Бишкек шаарында микроклиматтык кырдаалдар жакшыртылды

АКТЖКЧМА, Бишкек ш. мэриясы, КРП Чүй облусундагы ЫУӨ, ЖРЭТКМ, АЧМ, УИА

Талап кылынбайт

7

Абанын сапатын башкарууну жана булганышын контролдоону жакшыртуу

Бишкек шаарында абанын булганышынын абалын талдоо үчүн заманбап лабораториянын курулушун баштоо

2025-жылдын IV кварталы

Абанын булганышын талдоочу лабораториянын курулушу башталды

ЖРЭТКМ, Бишкек ш. мэриясы, АКТЖКЧМА

Инвестициялык каражат (Дүйнөлүк банк)

3. Газдаштыруу

8

Бишкек шаарынын калктуу конуштарын жана анын айланасындагы аймактарды газдаштыруу

8.1. 2023-2025-жылдарга Бишкек шаарынын калктуу конуштарын газдаштыруу боюнча Жол картасын ишке ашыруу.

Бишкек шаарынын калктуу конуштарын жана шаар четиндеги райондорду газдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүү

2024-2025-жылдар

Газ түтүктөрүн куруу жана калктуу конуштарын жана шаар четиндеги райондорду газдаштыруу боюнча иштер жүргүзүлдү.

Турак жай конуштарындагы 23 миңден ашык үй чарбасы экологиялык жактан таза энергия ресурстарына ээ болду

ЭМ, "Газпром Кыргызстан" ЖЧК, Бишкек ш. мэриясы, КРП Чүй облусундагы ЫУӨ

Инвестициялык каражаттар, бюджеттен тышкаркы каражаттар

8.2. Ала-Арча, Ак-Тилек-1, Ак-Тилек-2, Ак-Тилек-Турбаза турак жай конуштарын газдаштыруу

2024-жылдын IV кварталы

Турак жай конуштарындагы 5 миңден ашык үй чарбасы экологиялык жактан таза энергия ресурстары менен камсыз болду

8.3. Бакай-Ата, Жогорку Көк-Жар турак жай конуштарын газдаштыруу

2024-жылдын I кварталы

8.4. "Попеновка", "Товарная" турак жай конуштарын газдаштыруу

2024-жылдын I кварталы

8.5. Ак-Босого, Төкөлдөш турак жай конуштарын газдаштыруу

2024-жылдын II кварталы

9

Газдаштырылган үй чарбаларын көбөйтүү

9.1. Газ тармактарына кошулуунун артыкчылыктары, газ менен жылытууга өтүү үчүн финансы ресурстарынын жеткиликтүүлүгү жөнүндө маалымдоо

2024-жылдын I кварталы

Үй ээлерин газдаштыруу деңгээли 20%га жогорулады

Бишкек ш. мэриясы, "Газпром Кыргызстан" ЖЧК, КРП Чүй облусундагы ЫУӨ

Талап кылынбайт

9.2. Бишкек шаарынын тургундарын газга кошуу жана газды жылытуу үчүн пайдаланган тургундардын санын көбөйтүү

2024-жылдын I кварталы

1. Көмүрдү пайдаланууну 15% кыскартуунун эсебинен булгоочу заттардын чыгышы азайды.

2. Газды жылытуу үчүн колдонгон үй чарбаларынын саны көбөйдү

"Газпром Кыргызстан" ЖЧК, жеке компаниялар, банктар

Бюджеттен тышкаркы каражаттар

10

"Кыргызжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын көмүр жана мазут от казандарын жаратылыш газына өткөрүүнү камсыздоо

"Кыргызжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын 10 отканасын которуу

2025-жылдын IV кварталы

Айлана-чөйрөгө булгоочу заттардын чыгарылышы азайды

ЭМ, "Газпром Кыргызстан" ЖЧК

Инвестициялык каражаттар, бюджеттен тышкаркы каражаттар

11

Жеке менчик үйлөр жана жеке уюмдар үчүн экологиялык жактан таза жылытуу чечимдерин ишке ашырууга колдоо көрсөтүү

Жеке үйлөрдү экологиялык жактан таза жылытуу чечимдерине инвестицияларды каржылоо боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүү

2025-жылдын IV кварталы

1. Жылытуу үчүн экологиялык жактан таза отун колдонгон жеке үйлөрдүн саны көбөйдү.

2. Жеке үйлөрдү жылытуу үчүн экологиялык жактан таза отунга өтүү үчүн финансылык каражаттарды алуу жеңилдетилди

ЖРЭТКМ, ФМ

Инвестициялык каражаттар (Дүйнөлүк банк)

4. Транспорт жана жол инфраструктурасы

12

Бишкек шаары боюнча жүк ташуучу автоташуулар системасын өркүндөтүү

Бишкек шаарынын борборунда жүк ташуучу автомашиналардын жүрүүсүнө тыюу салуу

2024-жылдын I кварталы

1. Көчмө булактардан булгоочу заттардын чыгышы азайтылды.

2. Жол инфраструктурасына оорчулукту азайтуунун эсебинен Бишкек шаарында тыгындар азайтылды

3. Жол катмарын эксплуатациялоо мөөнөтү узартылды

Бишкек ш. мэриясы, ИИМ

Талап кылынбайт

13

Шаардык транспорттук инфраструктураны өркүндөтүү

13.1. МЖӨ тартуу менен Бишкек шаарында транспорттук түйүндөрдү, көп деңгээлдүү парковкаларды куруу

2024-2025-жылдар

Автомобиль кыймылын натыйжалуу жөнгө салуу аркылуу экологиялык жүк азайтылды

Бишкек ш. мэриясы, УИА, ТКМ, ЖРЭТКМ

Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын чегинде, инвестициялык каражаттар

13.2. Бишкек шаарында автомобиль жолдорун курууда жана реконструкциялоодо велосипед кыймылы үчүн тилкелердин санын көбөйтүү

2024-жылдын III кварталы

1. Шаардын борборунда автотранспорттун саны азайтылды.

2. Калк арасында сергек жашоо мүнөзүнө дем берилди

Бишкек ш. мэриясы

Жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын чегинде

13.3. Бишкек шаарында светофорлордун оптималдуу иштешин уюштуруу (жашыл толкун) жана светофорлорду башкаруунун автоматташтырылган системаларын колдонуу

2024-жылдын I кварталы

1. Эл көп жүргөн жерлерде тыгындар азайтылды.

2. Автотранспорт каражаттарынын кыймылы тартипке салынды

Бишкек ш. мэриясы, ИИМ

Жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын чегинде

14

Жолдордун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана коомдук транспортту колдонуунун жагымдуулугун арттыруу

14.1. Жолдордун эки тарабында коомдук транспорт үчүн атайын тилкелерди уюштуруу:

1) Токомбаев көч. 12 кичи районунан баштап Байтик Баатыр көч. чейин;

2) Байтик Баатыр көч. Токомбаев көч. баштап Жибек-Жолу проспектине чейин;

3) Жибек-Жолу проспекти 7-апрель көч. баштап Фучик көч. чейин;

4) Фучик көч. Жибек Жолу проспектинен баштап Чүй проспектине чейин;

5) Дэн Сяопин проспекти Фучик көч. баштап Алыкулов көч. чейин

2024-жылдын I кварталы

Жүргүнчүлөр транспортунун өткөрүү жөндөмдүүлүгү жакшыртылды, тыгындар азайтылды, коомдук транспортту пайдалануунун жагымдуулугу жогорулатылды

Бишкек ш. мэриясы, ИИМ

Жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын чегинде

14.2. Жол боюнда (бир тарап боюнча), базарлардын, соода борборлорунун жанында парковкаларды иретке келтирүү

2024-жылдын I кварталы

1. Бишкек шаарындагы жолдордо кыймыл кыйла төмөндөдү.

2. Көчмө булактардан чыккан булгоочу заттар азайды

Талап кылынбайт

15

Бишкек шаарынын аймагында автоматташтырылган акы төлөнүүчү парковкаларды уюштуруу боюнча долбоорду ишке киргизүү

Бишкек шаарынын аймагында 3000ден кем эмес автоматташтырылган акы төлөнүүчү парковкаларды уюштуруу

2025-жылдын I кварталы

1. Жолдордун өткөрүү мүмкүнчүлүгү жогорулатылды.

2. Шаардын борборундагы башаламан аялдамалар жана парковкалар жоюлду

Бишкек ш. мэриясы

Инвестициялык каражаттар

16

Коомдук транспорттун экологиялык түрүнө өтүү

16.1. 500 даана экологиялык автобус сатып алуу

2024-жылдын I кварталы

1. Атмосферага зыяндуу заттардын чыгарылышы азайтылды.

2. Жүргүнчүлөрдү ташуулардын сапаты жана ыңгайлуулугу жогорулатылды.

3. Дизель отуну менен жүргөн чакан автобустар алмаштырылды.

4. Жол тыгынын азайтуу жана автобустардын ылдамдыгын жана эксплуатациялык ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн жол кыймылын жана унаа токтотуучу жайларды уюштуруу жакшырды

Бишкек ш. мэриясы

Республикалык бюджеттин каражаттарынын чегинде

16.2. 250 даана автобус сатып алуу

2024-жылдын II кварталы

16.3. 250 даана автобус сатып алуу

2024-жылдын III кварталы

16.4. 124 даана автобус сатып алуу

2024-жылдын I кварталы

Тартылган каражаттар (ЕРӨБ)

16.5. 120 бирдик автобус сатып алуу

2024-жылдын I кварталы

Тартылган каражаттар

16.6. Кийин электр таксилерди көбөйтүү менен көмүртекти бөлүп чыгарбаган муниципалдык таксопаркты түзүү үчүн 500дөн кем эмес электрмобиль сатып алуу

2024-жылдын II кварталы

Бишкек шаарынын тургундарын жана конокторун тейлөө үчүн муниципалдык электр таксини түзүү боюнча долбоор ишке кирди. Автомобилдерден чыккан булгоочу заттар азайды

Бишкек ш. мэриясы, УИА

Инвестициялык каражаттар

17

Бишкек шаарынын аймагында электр заряддоо инфраструктурасын өнүктүрүү

Электр заряддоо станцияларын орнотуу

2024-2025-жылдар

Бишкек шаарынын аймагында электрмобилдер үчүн электр заряддоо станциялары орнотулду

Бишкек ш. мэриясы, ЭМ, "КУЭТ" ААК

Жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн тартылган каражаттарынын чегинде

5. Маалыматтык-агартуу иши

18

Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча маалыматтык өнөктүктү жүргүзүү

18.1. Жалпыга маалымдоо каражаттарын, өкмөттүк эмес уюмдарды тартуу, шаардагы экологиялык кырдаалдын абалын жана аны жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында басылмаларды жарыялоо менен калк үчүн маалыматтык өнөктүктү жүргүзүү

Дайыма

Калктын маалымдуулугу жогорулады

БИМ, ММСЖСМ, ЖРЭТКМ, Бишкек ш. мэриясы, ТКМ, ӨКМ

Талап кылынбайт

18.2. Абанын булганышынын зыяндуулугу жөнүндө ЖОЖдордун окуучуларына, мектеп окуучуларына, мектепке чейинки курактагы балдарга билим берүү

Дайыма

Калктын маалымдуулугу жогорулады

18.3. Экологиялык маалыматтык-агартуучу видео роликтерди түзүү

2024-жылдын I кварталы

Калктын маалымдуулугу жогорулады

ЖРЭТКМ, БИМ, ММСЖСМ, Бишкек ш. мэриясы

Инвестициялык каражаттар

6. Жашылдандыруу

19.

Бишкек шаарында жашылдандырылган жана көрктөндүрүлгөн аймактарды кеңейтүү

19.1. 10 миңден ашык жашыл көчөттөрдү отургузуу

2024-жылдын II кварталы

Бишкек шаарындагы микроклиматтык жагдай жакшырды

Бишкек ш. мэриясы, ЖРЭТКМ

Жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын чегинде

19.2. Ала-Арча, Аламүдүн, ТЧЧК, ЧЧК дарыяларынын нугун баланска кабыл алуу

2024-жылдын I кварталы

Көрктөндүрүү боюнча иштерди андан ары уюштуруу үчүн Ала-Арча, Аламүдүн, ТЧЧК, ЧЧК дарыяларынын нугу баланска кабыл алынды

Бишкек ш. мэриясы, АЧМ

Талап кылынбайт

19.3. Парк зоналарын, скверлерди, чакан эс алуу жайларын көрктөндүрүү жана куруу

2024-жылдын IV кварталы

Скверлердин, чакан эс алуу жайларынын аянты 26 га көбөйдү

Бишкек ш. мэриясы

Жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн тартылган каражаттарынын чегинде

20

Бак-дарактарды багууну жана сактоону камсыз кылуу үчүн шаардын сугат системасын өнүктүрүү

20.1. Шаарда 6 сугат скважинасын бургулоо жана ирригациялык тармактарды реконструкциялоо

2024-жылдын I кварталы

6 скважина бургуланып, 17 км узундуктагы сугат тармагы калыбына келтирилди

Бишкек ш. мэриясы

Жергиликтүү бюджеттин чегинде

20.2. Сугат суу түтүктөрүн орнотуу

2024-жылдын I кварталы

Узундугу 31,5 км узундуктагы сугат суу түтүгүн орнотуу иштери жүргүзүлдү

Бишкек ш. мэриясы

Жергиликтүү бюджеттин чегинде

21

Бишкек шаарынын бак-дарактарын түзүмдөштүрүү жана реестрин түзүү

Туруктуу негизде маалыматтарды жаңыртып, алардын өсүүгө жарамдуулугун көрсөтүү менен жашыл бак-дарактардын реестрин түзүү

2025-жылдын III кварталы

Реестр төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:

1. отургузулган бак-дарактардын саны жана жайгашкан жери боюнча маалыматтарды берүүгө;

2. алардын өсүүгө жөндөмдүүлүгүн талдоого

Бишкек ш. мэриясы, ЖРЭТКМ

Талап кылынбайт

22

Шаарды жашылдандырууну жакшыртуу

22.1. Шаардын абасынын булганышын азайтуу үчүн атайын иштелип чыккан жашыл алкак түрүндөгү жашылдандыруу боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүү

2025-жылдын IV кварталы

10 км жакын узундуктагы жашыл алкак максаттуу райондордогу шаардын сыртынан шамал менен келген чаңдын таасирин азайтат, ал жалпы аянты 13 га жакын жаңы бак-дарактарды түзүүгө өбөлгө түзөт

Бишкек ш. мэриясы, ЖРЭТКМ

Инвестициялык каражаттар (Дүйнөлүк банк)

22.2. Шаардын ирригация системасына инвестицияларды көбөйтүү боюнча иш-чаралардын алкагында каржылоону баштоо

2025-жылдын IV кварталы

10-15 скважинаны бургулоонун, анын ичинде иштеп жаткан эки скважинаны жана ага байланышкан ирригациялык инфраструктураларды калыбына келтирүүнүн башталышы

Бишкек ш. мэриясы, ЖРЭТКМ

Инвестициялык каражаттар (Дүйнөлүк банк)

7. Контролдоо жана мониторинг

23

Бишкек шаарында ишкердик субъекттеринин көмүрдү, мазутту жана тыюу салынган заттарды (тигүү калдыктары, пластик ж.б.) отун катары пайдалануусуна жол бербөө

23.1. Ишкердик субъекттери тарабынан жаратылышты коргоо мыйзамдарынын сакталышы боюнча контролдук-рейддик иш-чараларды күчөтүү

Дайыма

Бишкек шаарында атмосфералык абага булгоочу заттардын чыгарылышы азайды

ЖРЭТКМ, ИИМ, Бишкек ш. мэриясы

Талап кылынбайт

23.2. Турак жай массивдеринде жылытуу үчүн отундун альтернативдүү түрлөрүн (электр энергиясы, жаратылыш газы ж.б.) пайдаланган муниципалдык социалдык мончолорду куруу

2024-2025-жылдар

Бишкек шаарында атмосфералык абага булгоочу заттардын чыгарылышы азайды

Бишкек ш. мэриясы, АКТЖКЧМА

Жергиликтүү бюджеттин чегинде

23.3. Өндүрүш калдыктарын жана тыюу салынган заттарды өрттөө үчүн жоопкерчиликке тартуу бөлүгүндө колдонуудагы ЧУАга өзгөртүүлөрдү киргизүү

2024-жылдын III кварталы

1. Экологиялык бузулуулардын саны азайды.

2. Калкка маалымдоо деңгээли жогорулады

ЖРЭТКМ, ИИМ, Бишкек ш. мэриясы

Талап кылынбайт

24

Имараттардын жана курулмалардын курулушуна энергиялык натыйжалуулук боюнча талаптарды сактоо бөлүгүндө мамлекеттик контролду жана көзөмөлдү жүргүзүү

24.1. Имараттардын жана курулмалардын курулушуна энергиялык натыйжалуулук талаптарына ылайык келүүсү боюнча мамлекеттик контролду күчөтүү

24.2. Имараттарга жана курулмаларга энергонатыйжалуулук бөлүгүндө коюлуучу талаптарды күчөтүү боюнча колдонуудагы ЧУАга өзгөртүү киргизүү

Туруктуу

Имараттардын жана курулмалардын энергиялык натыйжалуулугу жогорулады

АКТЖКЧМА

Талап кылынбайт

25

Жеке секторду газдаштыруунун абалына мониторинг жүргүзүү боюнча маалыматтардын аныктыгын жогорулатуу

Шаардын жылытуу катары жаратылыш газын пайдаланган турак жай массивдериндеги үйлөрдүн саны боюнча маалыматтык системаны түзүү

2024-жылдын II кварталы

1. Түзүлгөн маалыматтык система үйлөрдү газдаштыруу боюнча туура тандоо жүргүзүүгө жана пландоого мүмкүндүк берет.

2. Башка системалар менен бирдикте мониторинг жүргүзүү жеке секторду газдаштыруунун экологиялык кырдаалга тийгизген таасирин баалоого мүмкүндүк берди

Бишкек ш. мэриясы, "Газпром Кыргызстан" ЖЧК

Жергиликтүү бюджеттин жана инвестициялык каражаттардын чегинде

26

Бишкек шаарында атмосфералык абаны булгоочу заттарды изилдөө диапазонун кеңейтүү

Бишкек шаарындагы атмосфералык абанын булганышына стационардык байкоо жүргүзүү постторун капиталдык оңдоо

2024-жылдын IV кварталы

1. Атмосфералык абанын булгануу деңгээли жөнүндө анык маалыматтар алынды.

2. Жер үстүндөгү озон формальдегидинин концентрациясын аныктоо киргизилди (О3)

ӨКМ

Республикалык бюджеттин каражаттарынын чегинде

27

Уюшулбаган жерлерде (жолдордун, көчөлөрдүн жээги ж.б.) жеке жактардын күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуусуна тыюу салууну контролдоону күчөтүү

Күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатууну жоюу

Дайыма

Сапатсыз КММ продукциясын сатуу тобокелдиги жоюлду

Бишкек ш. мэриясы, ИИМ

Талап кылынбайт

28

Бишкек шаарынын ЖЭБинин булгоочу заттарды чыгаруу булактарында атмосфералык абага мониторинг жүргүзүү системасын иштеп чыгуу жана киргизүү

Булгоочу заттарды чыгаруу булактарында автоматтык өндүрүштүк экологиялык мониторинг жүргүзүү жабдууларын реалдуу убакыт режиминде этап-этабы менен орнотууну камсыз кылуу

2025-жылдын I кварталы

Реалдуу убакыт режиминде атмосферага булгоочу заттарды чыгарууларга мониторинг жүргүзүүнү натыйжалары алынды

"Электр станциялары" ААК, ЭМ, ЖРЭТКМ

Жеке компаниялардын каражаттарынын чегинде

29

Чарба жүргүзүүчү субъекттердин булгоочу заттарды чыгарууларынын стационардык булактарына контролду күчөтүү

Чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан экологиялык талаптардын сакталышы боюнча контролдук-рейддик иш-чараларды күчөтүү

Дайыма

Стационардык булактардан чыккан булгоочу заттар азайды

МЖРЭТК, Бишкек ш. мэриясы, "Электр станциялары" ААК

Талап кылынбайт

30

Атмосфералык абанын сапаты боюнча маалыматтарды чогултууну, талдоону жана жайылтууну жакшыртуу

Негизги булгоочу заттарга мониторинг жүргүзүү үчүн референттик деңгээлдеги жаңы автоматтык эталондук станцияларды орнотуунун натыйжасында АС фонунда булганышына мониторинг жүргүзүү тармагын кеңейтүү

2024-2025-жылдар

Булгоочу заттарга мониторинг жүргүзүүнүн жаңы станцияларын орнотуу жана иштеп жаткандарды модернизациялоо үчүн жабдууларды сатып алуу тендери өткөрүлдү

Кыргызгидромет ЖРЭТКМ

Инвестициялык каражаттар (Дүйнөлүк банк)

31

Булгоочу заттарды чогултуу боюнча маалымат борборун түзүү боюнча иштердин башталышы

Маалыматтык технологиялардын зарыл болгон инфраструктурасы бар маалымат борборун түзүү, абанын сапаты жана ар кандай секторлордон жана категориялардан чыккан парник газдары боюнча маалымат борборун түзүү боюнча иштердин башталышы

2025-жылдын IV кварталы

1. Абанын сапатына мониторинг жүргүзүү боюнча бирдиктүү борбор түзүлдү.

2. Абанын сапаты боюнча туура маалыматтар берилди

Кыргызгидромет ЖРЭТКМ

Инвестициялык каражаттар (Дүйнөлүк банк)

8. Катуу тиричилик калдыктары

32

Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын (пластик, тигүү калдыктары, резина буюмдар) башкаруу системасын өнүктүрүү

"Бишкек шаарында таштандыларды кайра иштетүүчү комплексти куруу" долбоору боюнча капсуланы салуу

2024-жылдын I кварталы

"Бишкек шаарында таштандыларды кайра иштетүүчү комплексти куруу" долбоору ишке кирди

Бишкек ш. мэриясы, ФМ, УИА

Инвестициялык каражаттар

 

Кыскартуулардын тизмеси:

 

АС

-

абанын сапаты

ИУА

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы

ЭМ

-

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги

ФМ

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги

ӨКМ

-

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

ИИМ

-

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги

АЧМ

-

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

ССМ

-

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги

ТКМ

-

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

ЖРЭТКМ

-

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

АКТЖКЧМА

-

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги

ИУА

-

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

ММСЖСМ

-

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги

ЭКМ

-

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги

ЮМ

-

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги

ААК

-

ачык акционердик коом

БИМ

-

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

КРП ЫУӨ

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлү

ЖЭБ

-

Жылуулук электр борбору

ДБ

-

Дүйнөлүк банк

ЕРӨБ

-

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы

МК

-

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети

"СО"

-

көмүртек монооксиди (химиялык элемент)

КУЭТ

-

Кыргызстан улуттук электр тармагы