УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXXIII СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 1-февраль № 181
Улахол жайыт комитетинин 2024-жылга бюджеттин долбоорун жана жайыт пайдалануунун
жамааттык планын бекитүү жөнүндө
Улахол жайыт комитетинин төрагасы Т.Абыкановдун жана бюджет, салык жана финансы маселелери боюнча туруктуу комитеттинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Улахол жайыт комитетинин 2024-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн болжолу 1314,0 миң сом болуп төмөндөгү өлчөмдө бекитилсин.
Киреше бөлүгү |
|
|
| |
№ | Кирешелер | Саны (даана) | Баасы (сом) | Суммасы, сом |
1 | Ири мүйүздүү малдар | 5056 | 65 | 328640 |
2 | Топоздор | 1206 | 300 | 190800 |
| Чарба китептеги | 504 | 100 | 50400 |
| Чарба китепте жоктор | 702 | 200 | 140400 |
3 | Кой,эчки | 28438 | 14 | 398132 |
| козу-улактардан | 9000 | 10 | 90000 |
4 | Жылкы | 4453 | 65 | 289445 |
5 | Төө | 34 | 65 | 2210 |
Жайыт акыдан чогулуучу | 1299227 | |||
| Жайыт жерлерин башка максатта пайдалануу (малга тоют даярдоого) | 14,773 | 1000 | 14773 |
Башка булактардан | 14773 | |||
Бардыгы | 1314000 | |||
Чыгаша бөлүгү |
|
|
| |
№ | Ч ы г ы м д а р | Жалпы суммасы | ||
1 | Эмгек акы | 695 205 | ||
| Төраганын эмгек акысы | 210 000 | ||
| Инспектордун эмгек акысы | 182 000 | ||
| Эсепчинин эмгек акысы | 182 000 | ||
| 2023-жылдын Эмгек акы карыздары | 121 205 | ||
2 | Соц .Фонд 17,25% | 60 375 | ||
| 2023-жылдын Соц .Фонд 17,25% төлөмдөрүнө | 63 747 | ||
3 | Комондировкалык чыгымдар | 5 000 | ||
4 | Интернет байланышы | 5 000 | ||
5 | Транспорттук чыгымдар | 260 000 | ||
| Күйүүчү майлар (бензин) | 140 000 | ||
| Унааа тетиктери, майлоочу майлар | 20 000 | ||
| Фронталдык оор жүк жүктөгүчтүн тетиктерине | 100 000 | ||
6 | Электр энергия | 10 000 | ||
7 | Ар кандай чыгымдар | 214 673 | ||
| Жайыт жолдорун калыбына келтирүү иштерине (Сырт жолдору ичинде) ГСМ | 207 673 | ||
| Концелярдык чыгымдар | 2 000 | ||
| Ар кандай чыгымдарга | 5 000 | ||
Баардыгы | 1314000 | |||
- Бөлүштүрүлгөн акча каражаттарын максатына жараша жумшоо жагы жайыт комитетинин төрагасы Т.Абыкановго милдеттендирилсин.
- Улахол айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2024-жылга карата түзүлгөн жайыт пайдалануунун жамааттык планы бекитилсин.
- Ушул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Депутаттардын Улахол айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Жолалиев |
Катчы | Д.Чыныбаева |